Сардар Туркменов, ырчы: “МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНЕ КАПАМЫН”

Каарманым 6 жашынан тарта чыгармачылык менен жашап келет. Учурунда популярдуу болгон “Дельмар” тобунун мүчөсү, жагымдуу үнү, сапаттуу чыгармалары менен азыр да күйөрмандарын кубандырып келе жаткан Сардар Туркменов менен азыркы ырчылар, музыканын сапаты жана өзүнүн нааразычылыктары тууралуу сүйлөштүк.

– Сардар, саламатсызбы? Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Саламатчылык. Мен негизи пандемияга чейин жакшы иштеп келатып, пандемияда маанайым чөгүп, чыгармачылыкка да көңүлүм чаппай токтоп калдым. 2 жыл эч нерсе кылган жокмун. Азыр бир аз өзүмө келип баштадым. Үйдө отуруп 2 чыгарма даярдадым, жакында чыгат.

– Азыркы учурда атактуу болуш үчүн эмне керек, жакшы ырдоо жетиштүү эмес да?

– Азыр хайп деген мода болуп кетти. Кыргызстанда жок нерсени кылып чыгып кеткендер көп. Бегимай Турусбекова “Ынтымак” сейил багында ырдап атактуу болбодубу. Ал экөөбүз кабакта көп жыл иштегенбиз. Эл экөөбүздү тең тааныган эмес. Айылдык келиндин образы менен ырдап элдин оозун ачырып, хайп болуп кетпедиби. Хайп менен чыгыш оңой болуп жатат.

– Бул жакшы нерсе эмеспи?

– Хайп деген жакшы нерсе, бирок кыска нерсе. Эл кайра башка хайпты күтөт, башканы издей баштайт. Мен убактылуу нерсени издебейм. Ырларым көп жылдар бою угулушун каалайм.

– Азыр кандай музыка жакшы өтүп жатат?

– Той форматындагы. Сөзү, обону маанилүү эмес, тойлорго өтүп кетсе болду. Жаштардын көбү мааниси жок ырларды ырдашат. “Сүйөм, күйөм, сен үчүн өлөм” деп бир жерине “на-на-най, диги-диги, дай-дай” деп койсо эле ыр болуп калып жатат. Менин көз карашымда, чыгармачыл адамдан андайды күтпөш керек, мага ал нерсе жакпайт. Чыгармачыл адамдар айла жоктон эл эмнени укса ошону ырдап жатышат.

– Элди ээрчиген туурабы же элди ээрчитиш керекпи?

– Чыгармачыл адам болгондон кийин эл сенин артыңдан ээрчиши керек. Сен элдин астында ийилбешиң керек. Азыр тескерисинче болуп жатат. Бир ыр элге жакшы алынса экинчиси ошого окшоштуруп ыр жазып, баары окшошуп жатып калды, жаңылык жок. Jax ырдап чыккан “Ким билет?” деген ыр Кыргызстанга жаңылык болду. Бул 70-80-жылдардагы стиль, ошону эл кабыл алды. Сөзүндө “ким билет?” деп улам кайталанып жатпайбы. Элге ушундай жеңилдик жагып жатат. Кыйын нерсени уккусу келбейт, 2 сөздү укту, калган сөздөрүндө эмне айтылып жатат, иши жок. Бизде эле эмес, башка жакта, Европа, Америкада деле ушундай азыр.

– Жакында Азат Раимбердиевдин сторисинен “Концертиме “Дельмар” тобун чогултканга аракет кылам” дегенин окуп калдым...

– Ал боюнча сүйлөшкөн эмеспиз. Азат “жеке концертиме “Дельмарды” чакырам” деп жатат. Буга чейин ошондогу продюсерибиз Нурлан Мамакеев болуп демилге көтөрүп, балдарды чогулталы десек, Ролан менен Азат келбей койгон. Азат андай сунуш айтса, мен “жеке концертиңди өзүнчө бере бер. “Дельмардын” концертин өзүнчө бериш керек” деп айтам.

– Алар келбей коюшканда таарындыңызбы?

– Таарындым. Анткени топ түзүү менин мектепте окуп жүргөндөн баштап жүрөгүмдөн эңсегеним болчу. Бул тууралуу сунушту эң башында мен киргизип, Нурлан Мамакеев экөөбүз балдарды издеп баштаганбыз. Ошентип топ түзүлүп, кайра 1,5 жылда эле тарап кеттик. Топ үчүн аябай күйчүмүн. Тарап кеткенде капа болуп, жүрөгүм ооруган.

– Алар эмне деп баш тартышты?

– Ролан көңүлдөнбөй, “бара албайм” дептир. Азат келем деп жаткан. Нурлан экөөбүз 2 саат күттүк, келбей койду. Ошол бойдон тынчып калды. Бир досум “Дельмар” тобу легенда" деп айтып калат. Анынсыңарындай, арадан канча жыл өттү, азыркыга чейин биздин ырды угушат. Менин оюмча, дагы 20-30 жыл угулат.

– Азыркы ырчылардан кимдин талантына баа бересиз?

– Кабакта ырдаган таланттуу аябай көп ырчылар бар, 80ден ашык ырчы бар экен. Алардын үчөө-төртөө эле сахнага чыгып ырдап жүрөт. Сахнада 70-80 пайыз ырдай албагандар жүрөт, компьютердин күчү менен ырдап. Чыныгы таланттар кабакта ырдагандардын арасында, “чыкпайсыңарбы” деп көп айтам. Алар жалкообу же күнүмдүк акчага көнүп алышканбы, аракет кылышпайт. Сахнада жүргөндөрдөн Мирбек Атабековдун үнү өзгөчө, нукура кыргызча колорит үн менен элге жагат, кыздардан Айганыш Абдиеванын үнү аябай жагат. Ал да азыр изденүүдө жүрөт, өзүн таппай жүргөнсүйт.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– Келинчегим экөөбүз чогуу өмүр сүргөнүбүзгө 16 жыл болуптур. Улуу балам 13 жашта, кызым 10го чыгат, кичүү уулум 6га чыгат. Үчөө тең музыкага шыктуу. Көбүнчө кызым кызыгат, кызымды ырдатсамбы дейм. Өзү мага качан ыр жазып бересиң, качан клип тартабыз?” деп суранат. Азыр бир ырдын үстүндө иштеп жатам, кызыма ырдатып клип тартам деп турам.

– Өзүңүз элге айткыңыз келип жүргөн нерсе барбы?

– Бар. 5 жыл мурун Африканын бир шаарында өткөн дүйнөлүк вокалдык сынакка мага чакыруу келген. Аябай кубангам. Бирок “жолуңар, жашаган жериңер, тамак-аш, баары өзүңөрдөн болот” дешкен. Ошондо акча таппай, Маданият министрлигине кайрылсам, “акча жок” деп койгон. Кайрат Примбердиев “Голос” сынагына барбадыбы, ал дагы “өкүндүм, жардам сурап министрликке барсам, такыр акча жок деп коюшту” деген. Ал өз күчү менен кеткен. Күндүз репетицияга барып, ачка калбаш үчүн кечинде кафеге ырдап ишке кирип алыптыр. Мамлекет тараптан эч кандай колдоо болгон эмес. Ошол өкүндүрөт. Жаш таланттар көп, сынакка баралы деп акчасы жок барбай калышат. Бегимай Турусбекова эл оозуна алынып, популярдуу болуп кеткенден кийин министр өзү чакырып “сынакка жөнөтөм” дептир. Бегимай барсын, ал татыктуу, бирок андан башка ырчыларды да колдоп коюшса жакшы болмок. Экинчиден, классикалык концерттерди өнүктүрүш керек. Классика менен эл тарбияланат. Классикалык концертке барганда эл кандай тынч отурат, байкайсызбы? Эч ким ышкырып кыйкырбайт, ар бир чыгармадан кийин акырын кол чаап коюп көрүшөт. Маданият элди тарбиялайт. Ошол жактан маданияттуу адамдарды көрүп тарбияланасың. Ошондой концерттер көбүрөөк болсо жакшы болмок. Эл көрүп, өсүшү керек. Операга барган 2000-3000 киши бар, ар дайым ошолор барат, жаш муун барбайт. Маданият министрлиги керек болсо классикалык концерттерге мажбурлап алып барышы керек. Жаштар ошондон түшүнүк алып өсүп баштайт. Ошондо гана маданият өнүгүп, мамлекет өнүгөт. Ошондо ичип алып бирөөнү өлтүрүп кетиптир деген окуялар азаят. Маданиятка басым жасалышы керек азыр.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан