АКЧАҢЫЗДЫ ЗАМАНБАП КОЛДОНУП КӨБӨЙТҮҢҮЗ

Замандын өзгөрүшү, техниканын өнүгүшү менен виртуалдык акча же санариптик акча (криптовалюта) деген түшүнүк пайда болду. Ал эле эмес, башка өлкөлөрдө бул каражат менен кадимкидей соода кылып, акча таап пайда көрүп да келишет. Акча акчаны жасайт деген түшүнүк бар, накталай акчаны сандыкка салып койсоңуз ал өзүнөн-өзү көбөйбөйт. Ал эми “Нур” компаниясы сизге ошол сандыкта жаткан акчага компаниядан акция сатып алып, тагыраагы, “Нур” компаниясына инвестиция кылып, бир канча убакыт өткөндөн кийин, ал акчанын курсу көтөрүлгөндө кайра сатып пайда көрүүнү сунуштайт. Анда кантип “Нур” компаниясынан виртуалдуу түрдө нуркоин сатып алып, андан кантип пайда көрсө болорун "Нур" компаниясынын каржы директору Ильяс Абдиев айтып берет.

АКЧА ОНЛАЙН ЖАНА ОФЛАЙН БИЗНЕС ДОЛБООРЛОРГО ЖУМШАЛАТ

Криптовалюта – электрондук акча, анын өзгөчөлүгү – колго кармай албайсың. Ага ылайык өзүнүн электрондук капчыгы бар. Ал эми нуркоин – “Нур” компаниясынын инвестициялык токени (санариптик белги). А токен – ээсинин укуктарын тастыктаган санариптик каржылык инструмент болуп саналат, башкача айтканда, токен деген акция катары эсептелинет, тагыраагы, биздин компаниянын санариптик түрдөгү акциясы. Сиз нуркоин сатып аласыз, ал эми акча бир нече убакыт бою үзгүлтүксүз киреше алып турган потенциалы бар онлайн жана офлайн бизнес долбоорлоруна жумшалат. Бизнестен түшкөн каражат долбоордун катышуучуларынын ортосунда пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Канчалык көп нуркоин сатып алсаңыз, ошончолук көп пайда аласыз.

Долбоордун башкы инвестору “Нур” компаниясынын негиздөөчүсү, “Лекарь”, “Фармамир” жана “Элай” дарыкана тармактарынын ээси Акжолтоев Нурбек Жапыкеевич. Мындан сырткары анын бир нече жеке менчик коммерциялык имараттары бар. Токмокто 150 гектар форель фермасы бар. Мындан сырткары компаниянын эң ири инвесторлору бар, резервдик фондунда 10 миллион доллар бар. Ушул бизнестердин баары “Нур” компаниясынын артына байланган, тагыраагы, ошол компаниялардын акциялары менен алектенишет.

Нуркоиндин жалпы саны 10 миллион даана чыккан. Анын ар бир даанасынын баасы бар. Бүгүнкү күндө 1 даана нуркоин 60 цент (сомго болжол менен 50 сомдун тегереги). Чет өлкөлөрдө санариптешүү өнүккөн, а Кыргызстанда эми гана өнүгүп жаткан кези. Андыктан нуркоиндин негизги максаты – биздин элге санариптешүүнү таанытып, өзүнүн акчасын туура колдонуп, инвестиция кылыш керек, акцияларды сатып алып, кайра кийин аны кымбатыраак сатып андан пайда көрүүнү туура түшүндүрүү, ага мүмкүнчүлүк берүү.

КОМПАНИЯНЫН МАКСАТТАРЫ:

• Калкты санариптик активдер менен тааныштырып, алар менен иштөөнү жана пассивдүү киреше табууну үйрөтүү

• Комиссияларды азайтуу жана эл аралык которуулар процессин жөнөкөйлөтүү

• Өлкөнүн криптовалюта рыногунда төмөн пайыздык чен менен санариптик доллардын (USDT) сунуштарын көбөйтүү

• Nurcoin`дин туруктуу рыноктук баасын аз санда 10дон 1000ге чейин сатуу менен ишенимдүү жогорулатуу

• Кыргызстандын катылган потенциалы чоң, бирок аны аягына чейин ишке ашыруу азырынча мүмкүн боло элек. Коомубуздун каржылык жана руханий өнүгүүсүнө салым кошо турган стартап-долбоорлорго же идеяларга инвестиция салуу менен нуркоин учурдагы жана жаңы перспективаларды өнүктүрүү үчүн рычаг болуп калат.

СИЗ САЛГАН ИНВЕСТИЦИЯ КАЙДА КЕТЕТ?

Алар жогоруда саналган бизнестерге, башкача айтканда, иштеп жаткан офлайн бизнеске жумшалат дагы, сиз кайтарып алууну каалаган күндөгү курс менен акчаңызды чыгарып беришет. Мисалы, 10 нуркоинди 60 центтен (болжол менен 10 нуркоин 500 сом болсо) салган болсоңуз, чыгара турган күнү курс 1 доллардан болсо (болжол менен ошол кезде 1 доллардын курсу 82 сом болсо, 10 нуркоин 820 сом болот) ушул баада чыгарып аласыз. Демек, канчалык көп сатып алсаңыз, ошончолук пайдасы да көбөйөт.

НУРКОИН КАНДАЙ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧЕТ?

Бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр:

• Сомдун инфляциясы;

• USDT дефицити;

• Резервдик фонддун жоктугу;

• Транзакциянын татаалдыгы;

• Комиссиялардын көптүгү.

Эртеңки чечимдер:

• Алдамчылыкты азайтуу;

• Толугу менен ачык-айкындуулук;

• Комиссиялардын төмөндүгү;

• Децентрализация кылынган тармак;

• Нуркоин менен төлөө.

ЧЕЧИМДЕР:

• Кыргызстан чоң мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар өлкө катары альтернативдик экономикага – санарипке өтүүгө убакыт келди, бул кескин инфляциядан, курстун төмөн түшүшүнөн жана коңшу өлкөлөрдүн күчтүү таасиринен көз каранды болуудан куткарат. Жарандар улуттук валютада, доллар же алтын менен гана каражат топтобостон, NURCOIN, USDT, BTC сыяктуу криптовалюталар менен да инвестиция жасоону тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. "Нур" компаниясы рынокто мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жаштарды жаңы чөйрөгө тартуу жана ар бир адамга өз потенциалын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөйт.

• USDT жетишсиздигин Telegram`дагы тематикалык каналдарга баш багып билүү оңой. Суроо-талап көп, бирок сунуштар аз, кээде такыр болбойт. Дегеле USDT эмне үчүн керек? Фиат (кагаз) доллары менен паритеттүүлүгүнөн улам ал эң кеңири колдонулган криптовалюталардын бири болуп саналат, көпчүлүк адамдар аны туруктуулугу, которуулардын жеңилдиги жана комиссиялардын төмөндүгү үчүн тандашат. Бирок Кыргызстанда USDT жетишсиздиги кызыкдар адамдарды аны аз колдонууга жана жергиликтүү алмаштыруучу пункттардын жогорку пайызына макул болууга мажбурлоодо, андыктан криптовалютанын бардык артыкчылыктары жок болуп баратат. Бирок нуркоинде чечими бар. Биз үчүн ар бир адам өзүнө ыңгайлуу болгон которууларды жасай алышы маанилүү жана бул үчүн тоскоолдуктар аз болушу керек. Компания чет өлкөдөн USDT сатып алууну жана аны Кыргызстанда сатууну пландаштырууда суроо-талап менен сунуштардын тең салмактуулугу алмаштыруучу пункттардын жогорку пайызын азайтат. Натыйжада кыргыз эли крипто рыногунун бардык бенефиттерин (артыкчылыктарын) алуу менен жеңишке жетишет.

• Тез арада акча керек болуп калган учурлар болот. Мындайда активдерди: үйлөрдү, батирлерди, унааларды, жерди сатуу менен көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Бирок банктар активдин наркынын 30-35 пайыз өлчөмүндө гана кредит берүүгө даяр. Nurcoin алардын акчасын жоготпоого жардам берүү менен рыноктук баанын 80-90 пайыз өлчөмүндө активдерди сатып алууну көздөйт. Келечекте бул активдерди рыноктук баада сатып, компания кирешесин өзүнүн резервдик фондунда айырма түрүндө сактап калат. Коопсуздук жагын көбөйтүү менен биз бюджетибизди оңой башкара алабыз, рынокто ар кандай кырдаалга даяр болобуз жана биздин өнөктөштөр, инвесторлор үнөмдөгөн каражатын жоготпойт.

• Салттуу банктык жана финансы системинин толук жетиле электиги баарына белгилүү. Бюрократия үзгүлтүксүз которуу процессин кыйындатат, ал тургай кээ бир учурларда которууларды жүргүзүү мүмкүн эмес же комиссиясы асманда. Nurcoin санариптик валютасы бул учурда да жардам берет. Криптовалюта товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, которуулар үчүн төлөм болушу мүмкүн. Транзакция ошол замат жана дүйнөнүн каалаган бурчунда ишке ашат. Комиссия 0,1 долларды түзөт – бул банктарга салыштырмалуу которуу үчүн мүмкүн болгон эң төмөнкү комиссия.

Дарегибиз: Бишкек шаары, Күрөңкеев көч., 89

Тел.: 0505 40 30 60

0995 40 30 60

0225 40 30 60

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан