БИР ТҮНДӨ ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНГАН 6 ЖАШАР АЛИСА

“Ынтымак” сейил багынын боосу бек болсун, ошол жерде ырдап-бийлеп өнөр көрсөткөндөр эртең менен жылдыз болуп ойгонуп жатышат. Интернет жылдызы, “Ынтымакта” бийлеп элдин назарына түшкөн Алиса Камчыбекова жана апасы Нускайым Маданбекова менен маектештик.

– Саламатсыздарбы, Алиса жана анын апасы? Адегенде “Ынтымак” сейил багындагы бийден кеп салып берсеңиздер.

Нускайым: – Саламатсыздар, Алиса кичинесинен жакшы бийлейт. Мурун айылда жашачу элек, ушул кызымдын талантын байкап шаарга көчүп келгенбиз. Кызымдын талантын өстүрсөк деп ойлочу элем, ошол тилегиме жеттим десем болот. Ошол күнү атабыз жумуштан келип эле сейил бакка барып келеличи деп калды. Убакыт кеч болуп калган, сейил бакты аралап жүрүп жаштар ырдап жаткан жерге барып калдык, кызыма “бийлейсиңби?” десем “ооба” деди. Кезекке туруп Алиса бийлеп калды. Видео тарап кетет деген деле оюбузда жок, үйгө кетип калганбыз. Эртеси уйкудан ойгонсок эле, Бегимай Турусбекова (жакында “Ынтымак” сейил багында ырдап таанымал болгон айым) айткандай, кызым жылдыз болуп кетиптир (күлүп). Бегимай дагы казармандык экен го, биз дагы ошол айылдан болобуз. Дал келүү деп күлүп калдык.

– Алиса, сен өзүңдү тааныштырып кетчи...

Алиса: – Мен алты жаштамын, быйыл январь айында Казармандан көчүп келдик. Атайын жылдыз болоюн деп Бишкекке келдим.

– Бийлеп жатканда кандай сезимдер болду?

Алиса: – Мен бийлеп жатканда көрүүчүлөр аябай катуу кыйкырышты. Бийлеп бүтүп түшүп баратсам бир бала аябай кол чапты. Толтура кишилер “азаматсың” деп жатышты. Анан телефонду ачсам эле мен чыгып жатам го (күлүп). Чоңойгондо бийчи болом, комуз чертем.

– Сен Тиктоктогу бардык тренддерди билет экенсиң, кантип үйрөнүп алдың?

Алиса: – Өзүм эле үйрөнүп алдым. Көрүп жүрүп эле.

Нускайым: – Үйдө баарыбыз эле олуттуу адамдарбыз. Менин ата-энем жакшы ырдап-бийлешет, ошолорду тартып калган окшойт. Бир көрүп эле үйрөнүп алат. Бий ийримине катышат, бирок ал жактан кыргыз бийин бийлеп сахнага чыгып жүрүшөт. Өзү бир жашынан баштап бийлейт.

– Алиса, бийлегенден башка дагы эмне кылганды жакшы көрөсүң?

Алиса: – Мен комуз черткенди, бийлегенди жакшы көрөм. Анан атамды, апамды жакшы көрөм.

– Эже, Алисанын келечегине кандай пландарды коюп жатасыздар?

Нускайым: – Вокалга жаздырганбыз, сентябрдан тарта барып баштайбыз. Кечээ эле интернет жылдызы болсок деле көп сунуштар түшүп жатат. Казакстандан аябай колдоо болуп жатат. Астанага “Балафес” деген чоң фестивалга чакыруу түштү. Акысыз эле келип катышып кеткиле деп уюштуруучулар телефон чалышты. Буюрса, даярданып баштайбыз деп турабыз. Түркиядагы блогерлер да кызым бийлеген видеону чыгарып жатышыптыр. Келечекте кызымдан аябай көп нерсени күтүп, атасы экөөбүз аракет кылып жатабыз. Кыргыздын мыкты таланты чыгат деп турам. Элибиз колдоп турса эле ийгиликтерге жетишебиз.

– Маегиңерге рахмат, Алиса, сага ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан