“Москва көз жашка ишенбейт” деген легендарлуу фильм бар эмеспи. Каарманы анда “40 жашта жашоо жаңы башталат экен, муну азыр мен так билем” дейт. Менин да эң жакшы көргөн цитатам. Эмнеге дебейсизби? Мени ата-энем, тууган-уругум 30 жаштан өткөндө эле кара далы атка кондуруп, нервимди болушунча жеп, калган каткан мээмдин нейрондорун кургатып, айласы кеткенде унчукпай калышкан. Унчукпай калганы да курусун, ар дайым алардын мени аяп карап, же бир нерседен кем немедей мамиле кылгандары ого бетер жиниме тийчү.
– Бир күйөөгө тийип ажырашып кетсеңиз болмок экен, ээ?- деди бир күнү жээним күтүүсүз жерден.
– Эмнеге, кокуй?
– Ажырашып кеткен аялдын статусу такыр турмушка чыкпаган кара далы кыздардан да бир аз өйдө. Жок дегенде балаңыз болуп калабы дедим эле да.
“Атаны кокуй айе, тырмактай кыздан ушундай кеңеш угуп отурсаң өлгөн экенсиң” дедим ичимден. Айтышып отурмак белем, күлүп тим болдум. Кызык, эмнеге жалгыз аял такыр эле бактылуу болбочудай сезилет болду экен бизде? Турмушка чыгып кеткендер эле жыргап жаткансып... Алардын арманын угуп отурсаң кээде ат көтөргүс. Бирок чындыкты да моюнга алыш керек, жалгыздыктан өзүм да тажай баштадым. Үйүңдө да жалгызсың, курбулардын баары өз турмуштары менен, бир туугандарың деле ошол. Жалгыз алаксыткан нерсе – жумуш. Бирок андан да тажап, компьютерди көргүм келбей калды. Бир күнү бут кийимди оңдотоюн деп барып калдым. Карасам дайымкы өтүкчү жок, анын ордунда бир жигит отурат.
– Байке жок бекен?- дедим.
– Көрүп турбайсызбы...- деди тиги да чорт.
– Көрүп турам, сылык жооп берсе болбойбу?- дедим, жиним келе түштү. Аңгыча өтүкчү байке келип калды да, ага тапшырып, оңдоп бүткөндө телефон чалып коюшун суранып номеримди айтып кетип калдым. Оюмда жанагы корсулдаган жигит. “Эмнеге мынча нерв болуп алган?” дедим кыжырлана. Экинчи күнү белгисиз телефондон бирөө жазып калды.
– Алло, өтүкчүгө бардыңбы?
– Түшүнбөдүм.
– Мурунку күнү жолукпадык беле...
Эстей калдым. Жинимдин келгенин айтпаңыз. “Алло” дегендечи, блоктоп салайын деп баратсам “сени эле эмнегедир эстеп жатам. Бүгүн кечке эстен чыкпайсың” деп жазды. Өзүмдөн-өзүм жумшара түштүм. Тим койдум. Ошондон баштап күндө акыбалымды сурап жазганы күчөдү. Башында жооп бербей жүрүп, кийин мен да жооп бере баштадым. Орой жигит акыл-эстүү, юмору да мыкты, интеллигент эле жигит болуп чыга келди. Банкта иштейт экен.
– Канчадасың?- деди бир күнү.
– 40та,- дедим мен дагы ойлонуп койбой. Эми жашымды жашырмак белем?
– 7 жаш кичүү экенмин.
Ошол жерден өчтүм. Бул балакай менен бир айдан бери эмне жазышып жүрөм? Эми чындап блокко салат окшойм. Бирок аябай көнүп калдым эле да, каап. Эки анжы ойдо жүрсөм бир күнү жолугушууга чакырды. Жолуктук, жолуккандан кийин такыр эле жылдызыбыз келишип калса болобу?!
– Сен эмне үйлөнбөй жүрөсүң?- дедим жиним келе.
– А сен?
– Себеби көп.
– Бир себебин айтчы.
– Корком...
– Эмнеден?
– Сүйүлбөй калгандан, ташталгандан, кыйынчылыктардан,- дедим ызалуу.
– Ким коркутту анча?
– Бирөө да.
– Ал кайда?
– 5 балалуу болуп калды, башкага үйлөнгөн.
– Менден коркпо...- деп койду эмнегедир ишенимдүү.
Жүрөгүм жылый түштү. Андан аркысы сыйкырчынын таягындай эле болду. Орой жигитим колумду сурады, мен макул болдум. Ата-энелерибиз таанышты, көзүмдү бир ачсам эле көшөгөнүн ичинде отурам.
– Колуктум, уялбачы,- деп жолдошум тамашалап кетет. Эмнегедир эч нерсе мен корккондой болгон жок. Эч ким мени 40 жашта экенимди кеп кылбады, 7 жаш кичүү жигитке турмушка чыкканымды айтышпады. Жолдошум менен бактылуу жашап жаттык. Эки айдан кийин эле кош бойлуу болгонумду билдим. Мына, чыныгы бакыт! Көрсө, “кыздын чырагы кырк” деп кыргыз эли бекер айтпаган экен. Кыздар, бактыңарды күткүлө, меникиндей күттүрүп жеткен бакыт өзгөчө болот экен. Элдин сөзү үчүн, галочка үчүн шашып тийип кеткенден көрө күтүп, өз адамыңды тапкан бакыт экен. 40 жашта баары башталат экен чын эле.
Асел