Чыр дүйнө
Бир колуна кожойкелик чылбырды, бир колуна чыгармачылык чылбырды бекем кармаган Кенже Дүйшеева да бизде мейманда. Анда “Кыз-Бурактын” өткөн күндөрүнө кылчайып, берген маегине назар таштаңыз.
– Устатыңыз сизге катуу нааразы болуп жатат. Буга эмне дейсиз?
– Мен бүгүн эле Кенже атыгып калганым жок, жетиштүү деңгээлде турмуштун кыйынчылыгын тарткан адаммын. Баары ичимде сакталсын дегем. Антсе да улуулугун унутуп, бүгүн элге жалган айтып, өз кылгандарын мага оодарып жаткандыгы үчүн мен дагы жооп берүүгө аргасыз болдум. Устатым экени талашсыз, бирок чындык баарынан бийик. Экөөбүздүн ортобуздагы акыркы окуялардан улам жаңы келгенимдеги топтун абалы аргасыз эске келет.
Мектепти аяктаган жылы окууга өтпөй, үйдө бир жыл жүрүп калдым. Бала кезден бери сынактарга катышып, ырдоону самап жүргөндүктөн, 1994-жылы “Кыз-Буракка” келгем. Аз убакыт өтпөй Гүлшайыр эже катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Ошол убакта топтун популярдуу кыздарынын баары турмушка чыгып, жаңы курам түзүлүп жаткан экен. Айжамал 6-класста, Гүлнара музыкалык окуу жайда окучу. Ооруган адамды караш кыйын экен, аябай кыйналып кеттим. Анан эки күнгө суранып, сиңдилеринин бирөөсүн чакыртып, ичимден “кайра кайтпайм” деп үйгө кетип калдым. Апам: “Жанымда эжелериң турат. Ооруп калсам, агаларың, жеңелериң карашат. Ал эл тааныган адам, жакшы болгончо карай тур. Жакшы болгон күнү ырдабасаң да келе бер”,- деп өзү ооруп жатса да, эртеси эле кайра жөнөтүп койду.
Келгенимде Гүлшайыр эже сүйүнүп кетти. Анда Сайкал бир жарым жашта эле, коляскага салып, Айжамалга сүйрөтүп коём. Күнү-түнү Гүлшайыр эжени карайм. Бир күндө эки-үч ирет “Тез жардам” чакырабыз. Ыр деген анда кайдан? 1996-жылы 8-мартта дасторкон жайдык, ошондо ыйлап туруп: “Ушул кичинекей кыз мени оорудан айыктырды. Чынында, мен Кенженин “эже, бүгүн өңүңүз жакшы” деп күн сайын айтканынан эле сакайдым. Жакшылыгыңды эч унутпайм”,- деген эле. 1997-жылдан тарта топтун ишин кайра жандандырып, жаңы ырларды жаздыра баштадык. Мен Гүлшайыр эженин колуна келгенден туура 5 жылдан кийин араң чоң сахнаны көргөм. Мунун баарын милдет кылып айтканым жок. Эне болуп келген адамымдын көңүл ооруткан кадамдары болбогондо, артта калган кыйынчылыктардын баары ичимде кала бермек.
– Таарыныч сиздин “АГК” тобун түзгөнүңүздөн улам чыктыбы?
– Жок, ага чейин эле пикир келишпестиктер болуп келген. Апам көз жумардын алдында, атамдын кыркына Гүлшайыр эже үйгө барган. Ошондо апам "бир туугандары бар, алар колдоп-таяп турушат. Бирок балдарымдын ичинен Кенжем башкачараак. Сен ушул кызымды эне катары турмушка узатып кой” деген керээзин айтты. Андан кийин апам тилден калып, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Апамдын керээзинен улам бул адамга болгон ишенич жүрөктө уялап келген.
Кичинесинен шыгы бар Сайкалды Гүлшайыр эженин каршы экенине карабай сахнага аралаштырдым. Кийин мен топтон кеткенде Сайкал менин ордумду басып, мен урматтаган эжеме жөлөк болсун деп тилеген элем. Мени Гүлшайыр эже сахнага чыгарган болсо, Сакуну тарбиялап, шоу-бизнеске аралаштырганым – устатыма болгон менин чоң белегим. “Кыз-Буракка” 17 жылымды, жаштыгымды арнап, бирок Гүлшайыр эженин башын эч аттабагам. Эгер баары бүгүнкүдөй бүтө турганын билсем, 10-15 жыл мурун эле турмушка чыгып кетмекмин. Баары ушул 35 жашка келип турмушка чыкканыма каршылык көрсөткөнүнөн башталды.
– Турмушка чыгып жатканда “Кыз-Буракка” кайра иштеп бер” деп суранган деп уктум...
– Жолдошум менен кайнатам сөйкө салып келишкенде Гүлшайыр эже алардан “кыздарым жаш, Кенже эки жыл көз салып турсун” деп суранган. Анан басылмаларга “турмушка чыккан кызды кайра алмак белем...” деп айтып чыкты. Эгер мен жаман болсом, өзү айтмакчы, үнүм болбосо, анда ал мени 17 жыл эмес, 17 секунд жанына коймок эмес. Ушуга чейин “Кыз-Бурак” таркаса таркасын, Кенжедей шакиртим турганы мага дем. Мен үчүн “Кыз-Бурак” бир тең да, Кенже бир тең” дегендерин эстеп, бир эсе күлкүм келсе, бир эсе ызаланам. Эл-журт алдында эженин кадыр-баркы түшпөсүн деп дале чочулап турам.
– “Кенже акыркы жылдары менин айткандарыма моюн толгоп калган” дегенине эмне айта аласыз?
– Канча жылым дөңгөлөктүн үстүндө өттү. Тапканыбыздын тыйынын тыйындай санап берип, газдалган суу алсак да, баарын эсептеп жазып берчүмүн. Ал эми акыркы эки жылда мен гастролго чыкканды токтоттум. Себеби биз автокырсыкка учураганбыз. Ооруканага жатып, ден соолукту бекемдеп алайын дедим. Менин да бир туугандарым бар, аларга да көңүл бөлүшүм керек болчу. Ошол маалда инилерим катар-катар үйлөнүштү. Алардын түйшүгүн тартып калдым.
– Эже сизди турмушка узатарда кандай абалда болду?
– Алматыга аттанар күнү таң эрте жолдошум экөөбүз батасын алып калалы деп эжеге бардык. Кош көңүл бурулуп, бата бергенге жарабастан, “жакшы калгыла” деп кетип калды. Апамдын сөздөрүн эстеп, ыйлап жибердим. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келсем, менин бир жакшылыгымды көтөрө албай койду. Телефондон сумкаларымды айылга алпарууга машина сураганымда “жогол!” деп кыйкырды. “Сиз ачууга алдырып жатасыз. Мындан кийин жүз карашпайбызбы?”- десем: “Жогол, жогол!”- деп кайталады.
– Тойду Гүлшайыр эже өткөрүп бергени чынбы?
– Тойду жөн эле коюшун айтсам, “ушунча жыл эмгегиң болсо, эл эмне дейт?!” деп болбой койду. Тойго өзүмдүн да салымым бар. Тойдон түшкөн каражатты ага таштадым. Эгер тойду өткөргөнүн милдет кылса, кеткен каражат – “Кыз-Бурактын” үч күндүк, ашып кетсе, бир жумалык гана кирешеси. Кетип баратканымда кол телефонумду да алып койду. “Сеп бердим” деп элге жарыялаганы менен, чындыгында, андай болгон эмес. Ошол үйдөн мен эки сумкамды гана көтөрүп кеттим.
– Эже “АГК” тобун таратам деп жатат...
– Биздин топтун негизги максаты – майрамдарда гана башыбызды бириктирип, күйөрмандарыбызга жагымдуу маанай тартуулоо.
Ар кимдин өз чындыгы бар, мен бүгүн өз чындыгымды айттым. Ушундай жагдайдын жаралганы үчүн устаттык жолуңуздан кечирим сурайм. Адам катары да жүрөгү ооруп калбас бекен деп аяп, айтчу сөздөрүмдү да этият тандадым.
– Сизди "убагында "Кыз-Бурактын" кыздарына катуу мамиле жасачу" деп уктум, ошондой кылганыңызга азыр өкүнүп жаткан жоксузбу?
– “Кыз-Буракка” таарынып кеткен кыздар келип: “Гезиттеги жазылгандарга капа болбоңуз, биз баары бир чындыкты билебиз”,- дегендери жагымдуу болду. Эгер жаман болсом, алар мага келишмек беле?! Мисалы, мен кыздарды “кечке калбагыла, мындай кийингиле, жоопкерчиликтүү болгула” деп урушчумун. Мунун эч кандай жаман жагы жок деп ойлойм.
Кыргыз шоу-бизнесинде Гүлшайыр Садыбакасованы кадыр-барктуу, салмактуу инсан катары билебиз. Ал эми Кенже Дүйшеева да "Кыз-Бурак" тобуна чоң салымын кошкон. Эки айым тең акыл-эстүү жандар. Ортодогу пикир келишпестиктердин баары унутулуп, эне-бала мамилеси кайра калыбына келерине терең ишенебиз.
Ар собол
Кенже Дүйшеева менен Гүлшайыр Садыбакасованын ортосундагы чыр туурасында “Кыз-Бурак” тобунун мурдагы жана учурдагы ырчылары кандай ойдо?
– Гүлшайыр эже "АГК" тобу жок болсун" деп жатат. Тарашы мүмкүнбү?
Гүлнара Калдарова:
– Топту Айжамал Москвадан, Кенже Алматыдан келип чогулуп калгандыктан, бирге ырдап коёлу деп эле ачканбыз. Ырдап чыгалы деп чечкенден кийин ырдай беребиз. “Кыз-Бурак” тобу деп чыгып жатпаган соң Гүлшайыр эже кайсы критерийге таянып "сотко берем" деп жатат, түшүнбөй турам.
– Кенже эже кеткенден кийин “Кыз-Бурак” тобу өстүбү же чөктүбү?
Сайкал Садыбакасова:
– Чынында, мага азырынча айырмасы билине элек. Бирок көп жагынан өзгөрдү. Кийинүү стилибиз, макияжыбыз, репертуарыбыз дегендей. Башкача айтканда, заманбап жаштардын суроо-талабына жооп бере турган топко айландык. Анан да Кенже апам кеткенден кийин сахнага эмне керек болсо, бардыгын өзүбүз жөндөп калдык. Көрсө, колдон келбеген эч нерсе жок экен.
Ал эми апам менен Кенже апамдын учурдагы мамилеси жөнүндө айтсам, Гүлшайыр – төрөгөн апам, Кенже – баккан апам. Эч кимисине тартпайм да, кийлигишпейм. Өздөрү чечишип алышсын.
– Гүлшайыр эже менен Кенже эженин ортосундагы пикир келишпестикке жөн жерден илинип калдым деп өкүнбөй элесиңби?
Айжамал Кабылова:
– Бекер аралаштым деп өкүнбөй элемин. Гүлшайыр эженики бир чети туура эмес болуп жатат. Экөөнүн мамилеси ушинтип аяктайт деген ой үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Гүлшайыр эже "Айжамал менен Гүлнаранын жанын койбой Кенже “АГК” деген топ түзүптүр" деп айтыптыр. Бул сөз үчөөбүздү катташтырбай коюу максатында айтылса керек деп ойлойм.
– Мисалы, сен топтун жетекчисисиң. Кыздар чыгып кетип, өздөрүнчө топ түзүп алышса эмне кылат элең?
Айпери Сыдыкова:
– Эгер ошондой жагдай түзүлүп калса, аларга ийгилик гана кааламакмын. Менден колдоо керек болсо, дайыма жардам берүүгө даяр болмокмун. Кыскасы, ортодогу ынтымакка жарака кетирбейт элем.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg