(Башы өткөн сандарда)
Карлыгач жеңесинин айтканын уккан соң шаабайы сууп, көз жашын кылгыртып отуруп калды. Анын акыркы үмүтү ушул жеңеси эле. Бир топко көз жашын тыя албай ыйлап отурду да, эсине бир нерсе тык дей түшкөндөй тура калып бетин жууганга шашты. Шашыла боёнуп-жасана баштады. Анын минтип боёнуп жатканынын да себеби бар. Өткөндө ушинтип балдарын эстеп ыйлап отурганда үйгө Байыш келип калган. Карлыгачтын ыйлаганын байкап, себебин сураган. Байышты туура эле түшүнөт го деп эркелеп “балдарымды сагындым” дей салып балээге калган. Угары менен Байыш кызаңдап “качанкыга чейин өткөн жашооңду эстеп ыйлай бересиң, болбодубу эми. Алар жок, болду, сенин оюңда да, жүрөгүңдө да бир гана мен болушум керек. Биз өзүбүз үчүн качан жашайбыз, же эмне сенин эски жараатың менен күрөшүп жүрүп өтөбүзбү?” деп чыр салган. Ошондон бери Карлыгач Байышка көз жашын көргөзбөс болгон. Азыр да анын келер убагы болуп калган үчүн жан талашып ыйлаганын билдирбөөгө аракет кылып жатканы. Көп узабай:
– Делбирим, ай, делбирим, ай, ай...- деп кыңылдап ырдап Байыш кирип келди. Бул учурда Карлыгач тамак жасап колу бошобой жаткандай түр көрсөтүп, адаттагыдай чыгып тосуп алган жок.
– Жытын буркуратып эмне жасап жатасың,- Байыш ашканага баш бакты.
– Эт ала келгем, куурдак жасап жатам,- Карлыгач казанды караган абалында сүйлөдү.
– Ашыкча азык-түлүк алба, жакында кетебиз. Москвадагы тааныш балдар менен сүйлөштүм, батир менен жумуш даярдай беришет. Эй, сен эмне ыйлагансыңбы?
– Жок, эмнеге ыйламак элем? Пияздын ачуусуна көзүм ачышып кетти, ачуусун сураба,- деп Карлыгач казанды аралаштырымыш болуп калды.
– Мм, ошондой эле болсо болду.
ххх
– Тимур, мен турмушка чыгып жатканымды апама, таякемдерге айтышым керек,- деди Айсара дасторконго отурган кезде.
– Апаң дайыма Орусияда болот экен, азырынча айтпай эле койсок кантет?
– Мага үйлөнөрүңдөн күмөнүң барбы?- мурчуюп таарына түштү кыз.
– Жок, Айсара, кайдагыны айтпачы. Алар каршы болушсачы? Алар сени мага бербей коюшсачы? Мен ошондон коркуп жатам.
– Коркпо, аларга мен өзүм түшүндүрөм. Бул менин тандоом. Кимге турмушка чыкпайын менин жашоомду алар жашабайт да, кандай тандоо кылбайын өзүм чечем. Бербейбиз десе эле унчукпай баш ийип, болуптур бербесеңер деп отуруп калмак белек? Же сен ошентсе эле баш тартып кетесиңби?
– Баш тартпайм дечи. Эми жапжаш кызын кырктан өткөн кишиге кимдин бергиси келсин? Өзүң деле билесиң го, баары чалкасынан кетишсе керек.
– Баары чалкасынан кетет деп жашырынып жүрө бермек белем? Мен дагы баарын ачыктап, корунбай ээн-эркин жашагым келет. Эмне дешсе дагы сен менин жанымда бол, менин артымда тур. “Өзүң теңдүү бала калбай калыптырбы, карыган немени эмне кыласың?” деп бир-эки айтып тынышар. Негизгиси мен бактылуу болсом болбодубу,- деди Айсара чечкиндүү.
– Туура айтасың. Анда эртерээк айт.
Башында өзүнүн тандоосунан күмөн санап, кээде өзүн Тимурга кыйбай кетчү. Ар нерсени ойлонуп, Тимурдун капканына түшүп калганына кейичү. Тимурдун дайыма көзүнөн алыстатпай кайтара бергенин жактырчу эмес, өзүн капастагыдай сезип кыйнала берчү. Бирок өткөнкү өрттөн кийин Тимурдун көз албай көзөмөлдөп, кайтартканы туура эле экен деп ойлонуп калды. Тимурдун эч өзгөрүлбөй көзүнүн кареги менен тең айланып жанында жүргөнү, камкордугу Айсаранын да жүрөгүн акырындык менен биротоло өзүнө имерип бара жатты. Убакыттын өтүшү менен кыз да камкордукка аябай көндү. Кимдир-бирөөгө ушунчалык керек экенин, кандай учур болбосун жанында ар дайым боло турган бир адам бар экенин сезүү өзүнчө бир керемет экенин Айсара жан дили менен сезди. “Өмүрүмдө сүйүү, камкордукту сезбеген бойдон өтсөм эмне болот эле?” деп өзүнчө ойлонуп, Тимурду жолуктурганына Кудайга шүгүр келтирчү болду. Баштагыдан кыйла акыл токтотуп калды кыз.
Тимур жумушка узап кетери менен кыз апасына телефон чалды.
– Ии, кызым, элдин баары билип бүткөндөн кийин мага айтайын дедиңби?- апасы таарыныч билгизе сүйлөдү.
– Эми сизге эртең менен чалайын дедим. Баары эле кубанычын алгач Инстаграмга бөлүшүп жатпайбы. Ага эмне таарынасыз, ооба, турмушка чыкканы жатам. Абдан сонун киши.
– Киши дейсиңби? Эмне болгон киши экен ал?
– Ал сизден он чакты эле жаш кичүү.
– Эмне дейт, ботом. Карыган кишиден башка эч ким калбай калыптырбы? Кеч боло электе токтот, эч ким укпасын мунуңду.
– Апа, эбак кеч болгон. Мен ал кишини сүйөм. Артка жол жок.
– Эмне, бай бекен?- ушинтип сурап жиберди энеси.
– Байлыгын сурайсыз да, байлыгы маанилүүбү сизге? Мен ал кишиден силерден таппаган сүйүү, мээрим, камкордукту таптым. Силер мени ар кимге түрткүнчүк кылып таштап кеткениңер болбосо башка эмне кылдыңар?
– Акча-тыйындан өксүк кылган жокмун го, кызым. Дайыма ушинтип айта бергениңди токтотчу.
– Кеп акчада эмес да, апа. Көкүрөктөгү боштукту акчаңыз толтурбайт экен. Аңгыраган бойдон бош калат экен. Мен силерден эч нерсе сурабайм, чын дилден батаңарды берип койгула.
– Эл эмне дейт, кызым? Туугандар укса "тиги кызын өзү менен тең кишиге күйөөгө бериптир" дебейби.
– Аларыңыз сүйлөй берет. Бир-эки айтып токтойт. Сиз Москвадасыз, укпайсыз андай сөздөрдү деле. Айтышса ич ара сүйлөшүшөр, тээ алыста жүргөн сизге ал сөз кандай кыйынчылык жаратмак эле? Силер каршы болгон күндө дагы мен тандоомдон баш тартпайм.
– Болуптур, кызым, мен таякең менен сүйлөшөйүн.
– Апа, той-топур, узатуу, калың-салың деген нерселердин кереги жок. Биз чакан эле белгилейбиз да, саякаттаганы кетебиз.
– Эмне тигиниң ошентип айт деп үйрөттүбү? Калың бербей сени бекер алгысы келет бекен?
– Апа, эмне деп жатасыз? Ал калың берүүдөн качпайт. Бирок мен андай ызы-чууну каалабай элемин. Сизге саякаттоого жолдомо алып беребиз, ошол сизге ыраазычылыгыбыз болот. Таякемдерге да айтыңыз, калың алабыз деп күүлдөп алышпасын. Болду, апа, сүйлөштүк,- Айсара айтчусун айтып апасы менен коштошту.
ххх
Мараттын апасынын эки күндөн бери табы жок. Күйпөлөктөп оокатын кылып, неберелерине тамак жасап берүү менен алек болгон кемпир эки күндөн бери өз жаны менен алек.
– Апа, ооруканага алып барайынчы. Үйдө жатып кантип эле айыгып кетет элеңиз?
– Ой, балам, бул эмне биринчи жолу болуп жаткан оору дейсиңби? Бул дайыма эле болуп турат. Болгону сен келгенден бери биринчи жолу кармап жатат. Андан көрө тээтиги көк чайдан демдеп кел. Эртең эле туруп кетем, коркпо.
– Ушинтип жатканыңызга эки күн болуп кетти, апа, кантип коркпоюн?
– Ананайын, андан көрө балдарга тамак жасап берчи, алтындарымдын курсагы ачты го. Ушуларды жакшы кара, эч кимге кор кылба, бирөөнүн эшигин сагаалатпа,- кемпир жаны кейип турса да неберелерин ойлоп жатты.
– Апа, эмне деп эле жатасыз?- Марат апасын кучактап жиберди. Ага апасы өлөр алдындагы керээзин айтып жаткандай туюлуп кетти...
(Уландысы кийинки санда)