Биз социалдык тармакта

ЭШЕК КУРТУ МУРДУНАН ТҮШӨ ЭЛЕК ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Фразеологизмдер менен сүйлөгөндү унутуп баратасызбы? Эсиңизге салабыз. Төмөндө бир нече фразеологиялык сөз айкаштары маанилери менен.

Сур жыландын суусаганын, кер жыландын кепшегенин билет – бардык айла-амал, куулук-шумдук, митаамдык колунан келет деген мааниде. Мисалы: Ал сур жыландын суусаганын, кер жыландын кепшегенин билет. Аны сен оңой ойлобо («Чалкан»).

Колу туткак – майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып кете берген уурулук жайы бар адамды айтышат. Мисалы: Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).

Арам сийдик – никесиз туулган, өз атасын билбеген адам. Дегеле сийдик сөзү оозеки тилде эвфемизм катары уруктун ордуна колдонулган.

Мисалы: Акыр заман иш кылды, Арам сийдик Бокмурун («Манас»).

Суу сийдик – уругунан бала болбогон, бала төрөлбөгөн, тукумсуз эркекти түшүндүрөт. Мисалы: «Суу сийдик», «куу баш» деген сөздү укпаган, мынчалык катуу, заар сөз экенин сезбеген (Төлөгөн Касымбеков).

Сийдиги булут айлануу – катуу жакырчылыкты, кыйын абалда калууну, аргасы түгөнүү, айласы кетүүнү туюнткан фразеологизм. Мисалы: Сийдиги булут айланып, Айтарга тили байланып (Мидин Алыбаев).

Көлөкөгө тон бычуу – кимдир бирөөгө же бир нерсе жөнүндө «ушундай болот», «болмокчу» деп сыртынан божомолдоп жоруй берүү, курулай кыялданууну билдирет. Мисалы: Жапар өз алдынча эле кыздын көлөкөсүнө тон бычып жүргөн. Ар ким өз көңүлүндө көлөкөгө тон быча берди (Касым Каимов).

Текей оттоо, текей терүү – эч нерсе кылбай бош жүрүүнү туюнтат, текей чөп түрү. Мисалы: Мурунтан эмне болдуң, текей оттоп жүрдүңбү?- деп атам мага абдан ачууланды («Чалкан»). Силер бул жерге текей тергени келген жоксуңар! («Чалкан»).

Уй мүйүз тартуу, уй мүйүз болуу – жарым тегерек тартып кырка отуруу. Мисалы: Беркилер да уй мүйүз тарта жумшак жалбырак үстүнө тизе бүгүштү (Шүкүрбек Бейшеналиев). Шакирттер так молдонун оропарасында уй мүйүз болуп отурушат (Мамасалы Абдукаримов).

Эшек курту мурдунан түшө элек – жаман-жакшыны, кыйынчылыкты көп көрө элек, кагылып-согула элек деген мааниде. Мисалы: Бул баланын дагы эшек курту мурдунан түшө элек да, ошон үчүн оозун көптүрүп сүйлөп жатат,- деди Бейшебаев сөзгө кошулуп («Ала-Тоо»).

(Фразеологиялык сөздүктөрдөн алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан