АЛСЫЗЫ ИТ-КУШКА ЖЕМ БОЛГОН КОРУБО УРУУСУ

Технология өнүккөн заманбап жашоодо жашап жатабыз. Биз менен эле катар жапайы жашоодон алыстабаган да элдер бар. Мисалы, Бразилиянын Амазонка өрөөнүн байырлаган корубо уруусу. Жапайы, ошол эле учурда өтө агрессивдүү эл делген корубо уруусу жөнүндө кызыктарды окуп алыңыз.

БАШКАРУУЧУСУ ЖОК ЭЛЕ ЖАШАШАТ

Бразилиянын батыш Амазонка ойдуңунда индейлердин корубо уруусу жашаары тууралуу маалыматтар 1996-жылы эле белгилүү болгон. 200-300 гана адам жашаган урууда демократия өкүм сүрөт. Аларда уруу башчысы же кол башчы деген жок, бай-кедей, сеники-меники деп эч ким бөлүнбөйт, аял-эркек дебей бардыгы бир укукта жашашат. Келип чыккан маселелерди чогулуп отуруп кеңешип, анан чечишет.

Баш калка курууга жерди азыраак эле тереңдикте казып, ага 2 катар тал-теректин бутактарын тизип, көмүп коюшат. Бутактар дубалдын ролун аткарышат. Ал эми чатырдын ролунда пальма дарагынын жалбырактары. Болду, күндөн, жаан-чачындан коргоочу үй даяр. Мындай үйлөрдө 20-30 же андан да көп адам чогуу жашай берет. Корубо 2-3 жылда бир орун которуп, акыркы жашаган жеринен 70-80 чакырым алыстыкка барып отурукташып турат.

ЖАШООСУ

Бардыгы тең укукта делгени менен, ар бир жашоочунун өз кызматы бар. Кары-картаңдар үйдө отурат, эркектер аң уулаганы, балык кармаганы кетет. Ал эми жаш балдар менен аялдар үйдөгү жумуштарды аткарышат. Банан жана башка жегиликтүү жер-жемиштерди терип келишет, дарылыгы күчтүү өсүмдүктөрдү, чөптөрдү өстүрүшөт.

Кызыгы, корубо эли бычак, жаа же башка учтуу курал-жарак колдонбойт. Алардын колунан түшүрбөгөн калың союл таягы жана узун оор түтүгү бар. Түтүктү үйлөгөндө учу ууланган шиштер (октору) мээленген тарапка таамай тиет. Ууну болсо уулуу өсүмдүктөрдөн же болбосо уусу бар жаныбарлардан алышат.

КАННИБАЛИЗМ САКТАЛГАН

Корубо элинин башка индей урууларынан айырмасы – денесине эч кандай татуировка тарттырып, бети-башын боёбойт. Андан сырткары чачынын төбөсүнөн кежигеге чейинки бөлүгүн кырып салышат да, алды бир аз узун бойдон кала берет.

Эркектер 3-4 аял алып деле жашай беришет. Бала төрөлгөндөн көп өтпөй анын жашай турганы же ит-кушка жем болору чечилет. Оорукчан же майып балдарды ыргытып жиберишет, кээде азык катары деле колдонуп коё беришет.

Маал-маалы менен кошуна урууларга же башка жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына кол салып турушат. Көңүлдөрүнө туура келген адамды ошол күндүн менюсуна кошуп коё беришет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан