Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “КОНЦЕРТТЕН КИЙИН ЖЕКЕ ЖАШООМО КӨҢҮЛ БУРАМ”

Жаркылдаган мүнөзү, жагымдуу чыгармалары менен элге өзүн сүйдүрө алган ырчы Гүлназ Чыныбек кызы ушундай назик образ менен гезитибиздин башкы бетине көрк кошту. Маекте сиздерге күлүп жүргөндү үйрөтөбүз жана ырчынын сентябрда боло турган концерти, чыгармачылыкта жүргөн 5 жыл ичиндеги окуялары, жетишкендиктери тууралуу айтып беребиз.

– Кандайсыз, Гүлназ айым? Бир күнү Бишкекте, бир күнү Ошто, кийинки күнү карасаң Ысык-Көлдө, айтор, тынбайсыз, чарчайсызбы?

– Кээде чарчайм, энергиям түгөнүп калат. Бирок жумушумду жакшы көргөнүм үчүн кайра эле алаксып кетем.

– Кантсе да дайым күлүп жүрөсүз...

– Күлүп жүрүү кичинемден калыптанып калыптыр. Атам кичинебизден “эртең менен туруп, кайда кетип жатсаңар дагы майрамга бараткандай маанайда болгула, күзгүдөн өзүңөрдү карап туруп “кандай сонун күн, мен эң бактылуу адаммын” деп өзүңөргө суктанып туруп үйдөн чыккыла” дейт. Ошентсең сөзсүз маанайың көтөрүлөт. Мен азыр да ошентем. Үйүмдө күзгүлөр көп, ары жак, бери жак, асманды карасаң деле күзгү. Негизи ошентиш керек экен, окумуштуулар деле өзүңө болгон бааны, маанайыңды көтөрүш үчүн өзүңө, жашооңо суктанып, ыраазычылык айтып турушуң керек дешет го. Күлүп жүргөн сонун, ушунун сырын баарына жеткиргим келет. Күлүп жүрсөң кээ бир маселелер өзүнөн-өзү чечилип калат. Күлүп жашасак, жашоо да бизге күлөт.

– Алгачкы жеке концертиңизди бергени жатасыз. Концертте кандай өзгөчөлүктөр болот? Ырчылар дайыма “болуп көрбөгөндөй, өзгөчө концерт берем” дешет. Барсаң баягы эле коёндой окшош концерттердин бири...

– Меникине келсең көрөсүң (күлүп). Концерт, буюрса, 17-сентябрга коюлду. Ошол күнү чыгармачылыкка аттанганыма туура 5 жыл болот. 5 жыл мурун 17-сентябрда 17:00дө “Кайда?” ырымдын клибинин бет ачарын кылганбыз. Ошол мүнөттү жакындарым болуп толкунданып күткөнбүз, ошол күн башкача сезимдер менен коштолгон. Клибибиз да ак жолтой болгон. Ошол ырдын аркасынан көп жакшылыктарга, интервьюларга чакырылып, ырчы катары аралашып кеткем. Ак жолтой концерт болсун деп ошол күнгө коюп ырымдадык. Бишкекте Спорт ордосунда болот. Өзгөчөлүгү дегенде, баары эле өзгөчө концерт койгусу келет да. Мен жаңы ырдап баштагандан тарта Женнифер Лопес, Шакиралардын концерттерин көрүп, ошондой шоу-концерт өткөрүүнү кыялданчумун. Бирок анчалык мүмкүнчүлүгүбүз жок да. Антсе да алымдын жетишинче даярданып, элге башкача эмоция, буга чейин көрө электи көрсүн, сезе элек сезимди сезсин, алар күтпөгөндөй сюрприздер болсун деп аракет кылып, бир топ форматтан сырткаркы идеялар бар, ошолорду бышырып, талкуулап жатабыз. Келгендер концертке тойбой кала тургандай кылсак деп кыялданып жатабыз. Элестетсем, азыр өзүм барып көрүүчү болгум келип кетип жатат (күлүп).

– Ушул 5 жыл ичинде кандай жетишкендиктер болуптур?

– Жемиштүү, Кудайга ыраазычылык айта тургандай жылдар болду. Биринчиден, кыялымдагы кесипке жеттим. Ырчылык балалык кыял бойдон калат экен да деп үмүт үзүп койгон жерден ишке ашып кетти. Бир көрөйүнчү, балким, болуп кетет деп “Кайда?” ырын чыгарганбыз. Муну менен катар мурда ата-энемдин үйүнө, бир туугандарымдын үйүнө тез-тез каттап тургум келчү. Орусия, Казакстанда иштеп жүргөндө бир жылда 1-2 жолу гана келсем, азыр бул кесип бир жерге койбойт мени. Ата-энем каалаган учурда каалаган жагына алып барып, эмне керек болсо ошону алып бергим келчү. Бирок мүмкүнчүлүк болчу эмес. Тескерисинче, алардан алчумун. Апам “баланча жакка баргым келип жатат” десе, шарт эле “отуруңуз, апа, кеттик” деп алып барып келип турсам деп кыялданчумун. Ушул кыялдарымдын ишке ашып жаткан учуру. Үйүм болсо деп кыялданчумун. Үйүм болду, Бишкекте да, Ошто да.

– Ошто да үйүңүз барбы?

– Жакында сүйүнчүлөйүн дедим эле, айтып алдым, ээ?

– Жакшы жаңылык экен, кут болсун!

– Рахмат.

– Каржылык эркиндикке жетиптирсиз да?

– Буюрса, бирок адам баласы болгон сайын болсун дей берет экенбиз. Алдыда дагы пландарым көп.

Кээде “учуп бараткандай” болуп калам. Анан токтоп туруп Кудайга шүгүр келтирип, “кезинде ушинтип эле жүрбөдүң беле” деп өзүмдү тарбиялайм. Бир жолу кышында алыс жакка тойго бардым, ресторандын ичи суук экен, коноктор күрмөчөн отурушат. Аябай үшүп, “ресторан болгондон кийин мешин иштетип койбойбу” деп ичимден нааразы боло баштадым да, ошол жерден тык токтодум. Ырдап чыкканга чейин Казакстанда соода кылып жүргөм да, ал жакта эртеден кечке базарда отурчумун. Байкоңур деген шаарда аба ырайы ар кандай болуп өзгөрүп турат, ысыкта аябай ысык, суукта аябай суук, 40 градуска чейин суук болот. Кабат-кабат күрмөлөрдү кийип отурчубуз. Ошондой суукта эртеден кечке деле чыдап отурган кезим болгон. Ошону эстедим да, “эмне болду, Гүлназ? Тез эле унутуп калдыңбы мурунку күндөрүңдү, бул жерде го жарым саат-бир саат отуруп кетесиң” деп, кайра күлүп калдым. Ушинтип өзүмдү тарбиялап турам. Кудай да жаман көрүп кетпесин деп бир токтоп “Кудай, рахмат ушул күндөрдү бергениңе, баркына жетем” дейм. Ошол соода кылып жүргөн күндөрү “ушинтип кыйынчылыкка чыдасам, Кудай жакшы күндөрдү сөзсүз алып келет” деп күлүп жүрө берчүмүн. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы күндөрдүн үстүндө, кичине болсо да кыялдарыма жетип, өз арабамды сүйрөп бараткан кербезим.

– Жашоодо эмнеден коркосуз?

– Бир нерседен корккондо ушундай болуп калбаса экен деп ойлонобуз го, ошенткен туура эмес экен. Азыр шаан-шөкөт менен жүрүп билинбейт. 50-60ка келгенде жалгыз калып калгандан корком дечүмүн. Көрсө, антип айтпаш керек экен. Буюрса, эң бактылуу чоң эне, таене болом деш керек экен. Корккон нерсени ойлонуп отуруп өзүбүз чакырып алат экенбиз. Азыр жалгыз калбайын деп коркконумдун үстүнөн иштеп жатам.

– Сизге деле “күйөөгө тий, жашың өтүп баратат” деп айта беришеби?

– Мага көп деле айтылбайт эмнегедир. Кайгырып жалгызсырасам, балким, айтылат беле. Жыргап жүрө берем го, "өзү жалгыз деле жашоону жакшы көрүп жашап жатат" деп кабыл алышат болуш керек. Апам кээде айтып калат. Апам “ушинтип калып калабы” деп кабатыр болбосун деп “апа, жеке жашоомдо мындай болуп жатат, баланча сөз айтты, мен баланча деп жооп бердим” деп айтып турам.

– Апаңызды го жайгарат экенсиз, өзүңүз кандай ойдо жүрөсүз, жеке жашоодо жаңылык болобу?

– Жаш эмесмин, көп нерсеге эмоция менен эмес, акыл менен карап, план коюп жашап калат экенсиң. Азыр оюмдун баары алдыда боло турган концертимде. Концерттен кийин жеке жашоо тууралуу ойлоно баштайм.

– Жакшы. Концертиңизди өзгөчө кылып өткөрүп алыңыз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан