ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Кулагы 54 сантиметрлик улак жылдызга айланды

Дүйнөдөгү эң узун кулактуу улак үстүбүздөгү жылдын июнь айында Пакистанда туулуп, ага Симба деген ат коюлган. Кулактарынын узундугу учурда 54 сантиметр. Анын кожоюну Мохаммад Хасан Нареджо улакты «Гиннесстин рекорддор китебине» киргизүүгө болобу деп тийиштүү мекемеге кайрылган. Алар азырынча жооп берише элек.

Улактын ээси улактын сүрөтүн ал туулгандан 12 күндөн соң интернеттеги социалдык тармактарга жүктөгөн. Ошондон кийин үй жандыгы бат эле популярдуу болуп чыга келген. Нереджо улакка көз тийбесин деп атайын дубаларды окуп турары белгилүү болду. Ошондой эле ээси «ушул улактын арты менен Пакистан эчкилерди багуучу алдыңкы өлкө экенин дүйнөгө дагы бир жолу жар сала алды» дейт.

Ольга Бузова бай күйөөгө тиеби?

Орусиялык блогер Лилия Абрамова белгилүү ырчы, алып баруучу Ольга Бузова жакында бай адамга турмушка чыга тургандыгын жазып чыкты.

Блогердин айтымында, Бузованын болочок жолдошу саясатчы. Аны менен ырчы көптөн бери тааныш жана ал Бузовага кымбат белектерди тартуулап турат. Экөөнүн тою келерки жылдын жазында болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Ольга Бузова мурун футболчу Дмитрий Тарасовго турмушка чыгып, кийин ажырашкан.

“Эмми” сыйлыгына ат салышчу сериалдар аталды

Эл аралык “Эмми” сыйлыгына сунушталган сериалдар аталды. “Мыкты драмалык сериал” наамы үчүн “Эйфория”, “Кальмар оюну”, “Абдан таң каларлык иштер”, “Озарк” тасмалары жана башкалар ат салышат. Ал эми “Мыкты мини-сериал” категориясына сунушталган тасмалардын катарында “Ак лотос”, “Пэм жана Томми” жана башкалар бар. “Мыкты комедиялык сериал” наамына көрсөтүлгөндөрдүн арасында “Барри”, “Эббот” башталгыч мектеби”, “Тед Лассо”, “Бир имаратта адам өлтүрүү” жана башка тасмалар бар.

Сыйлыкты тапшыруу аземи 2022-жылдын 12-сентябрында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан