Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаты: “ДЕПУТАТ БОЛУУ КЫЯЛЫМ БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖОЛУ ОРУНДАЛДЫ”

Жайдын аптаптуу күнү депутат Надира Нарматова менен баарлашып кайттым. “Турмушта көп түйшүк тарттым, басып өткөн жолум тууралуу китеп жазса болот” дейт ал. Депутат айымдын чын сырын төмөнкү макаладан окуңуз, окурман.

“ЭРКЕКТЕРДЕЙ СӨГҮНӨТ ЭЛЕМ”

– Ноокат районунда төрөлүп-өстүм. Үйдө жети бир тууганбыз, төрт кыз, үч эркек. Мен үйдө төртүнчү кызмын. Атам уулдуу болгусу келип жүргөндүктөн мени эркектердей мамиле кылып өстүрдү. 1958-жылы үйдө төрөлгөн экенмин, апам мени төрөп жатканда эжем киндигимди көрүп алып атама чуркап барып “ата, апам уул төрөдү” деп сүйүнчүлөсө, малдын астын тазалап жаткан атам кам санабай “калп айтпа, апаң кыз төрөйт” деген экен. Эми чоң киши билип койсо керек да уул же кыз болорун. Атам өзү мугалим болчу, дайыма жанында ээрчип жүрө берген атасынын кызы элем. Ата-энем мени эркин чоңойтту, балалыгымда укмуш тентек болдум. Көчөдө жалаң эркек балдар менен чүкө, футбол, пара тээп ойнойт элем. Кыздар менен ойнобогондуктан, жадакалса кыздарча уруша албайт элем да. 5-6-класска чейин эркектердей эле сөгүнчүмүн. Футболдо балдар дайыма мени дарбазачы кылып коюшчу, тажаалмын да, талаага чыгарса балдардын шымдарын шыпырып болсо да топко жетип гол киргизип койчумун. Бала кезден эле эмгекке жакын өстүм, мал кайтарганы талаага чыксам да жөн отурбай талаадан чөп жулуп, капка толтуруп уйга өңөрүп келет элем. Ошентип уй кайтарганча талаадан кап менен буудай, арпа ташып жүрүп малды бир жылдык тоют менен камсыздап койгом. Талаага пияз чапканы чыгып, акчасын алып бекитип койчумун. Апамдын кем-каржысына керек болгондо берер элем. Бир жолу пияз чапкан акыма 20 мүшөк пияз беришти, атам айылда бирөөнүн эшек арабасын сурап жүктөп келе жатып мени аябай мактаган. Атам кой десе болбой иштейм деп кетип калат элем. Болбосо мага эмне азап, бардык балдардай эле үйдө балдар менен ойноп отура берсем болмок да. Эмгекти жакшы көрчүмүн, жөн отура албайт элем.

“ПРОКУРОР НАРМАТОВА”, “ДЕПУТАТ НАРМАТОВА” ДЕП ЖАЗА БЕРЧҮМҮН”

– Мектепте окуп жүргөндө абдан уюштургуч элем. Кыздар кеңешинин төрайымы болуп жүргөндө түндө чыгып алып жигиттер менен жолугушууга чыккан кыздарды кайтарчумун. Бир-экөөнү кармап алып чогулушка салганым да эсимде. Бирок ошентип кайтарып жүрүп деле мектепти бүтүп-бүтпөй эки кызыбыз турмушка чыгып кетишти. Окуп жүргөндө эле китептердин бетине “прокурор Нарматова”, “депутат Нарматова” деп эле жаза берчүмүн. Балалык кыял да, агай-эжейлерим “кой, жазба” деп көп урушушту. Мунун себеби – биздин райондон чыккан Мартаба деген тамекичи депутат бар эле. Ошол эже колхоздун эмгекчилери менен жолукканы келгенде кызыгып “бул эмне?” деп депутаттык төш белгисин сураган элем. Эже болсо төш белгисин кармап “бул мен, депутат” деп койгон. Ошондон кийин депутат болом же прокурор болом деген кыял менен жашадым. Максат кыла берсең Кудай жаштын тилегин берет деген чын экен, кыялым орундалды, прокурор болгон жокмун, бирок бир эмес, эки жолу депутат болдум.

“КҮЙӨӨМ ЖОК ЭЛЕ 5 ЖЫЛ КАЙЫН ЖУРТУМДА ЖАШАДЫМ”

– Бишкекте окуп жүргөндө мен теңдүү кыздар сейилдеп, жигит жандап киного барган убакта мен күндүзү окуп, түнү иштейт элем. Аялдардын поликлиникасында пол жууп, “Фрунзе” заводунда штамп басып, 2 жыл Иса Ахунбаевдин клиникасынын ашканасында картошка, пияз аарчып иштедим. Акчамды алып эле кассага салып коёр элем. Ошол кезде эң бай студент мен болчумун, кыздардын баары менден 3-5 сомдон карыз алышчу. Ал кезде акчанын күчү бар эле, 3 тыйынга суусундук алып иччүбүз. Мен 90-120 сомдон айлык алчумун. Апам мени окууга жиберерде “дипломуңду мага алып келип, анан гана күйөө тууралуу ойлонсоң болот” деп жөнөткөн. Апам айткандай эле окууну бүтүп, 3 жыл иштегенден кийин алайлык жигитке турмушка чыктым. 3 балалуу болдук. Бирок 9 жыл жашагандан кийин ал бизден кетип калды. Эч нерсе болгон жок, урушкан-талашкан жокпуз, жөн эле кетип калды. Ал кеткенден кийин деле беш жыл балдарым менен Алайда жашадым. Башында 3 бала менен каякка батам деп аябай намыстанып, эч кимге билгизбей жашаганга аракет кылдым. Алайга чоң үй салдым. Бирок убакыт өткөндөн кийин окуянын сөзсүз аягы болуш керек экенин түшүнөт экенсиң. Ал кеткенден беш жылдан соң аны таап никебизди кырктырдык. Ал адам балдарымдын атасы, жаман сөз айтпайм, бул жашоодо кемчиликсиз адам болбойт.

“ЭЧ БИР ЭНЕ БАЛАСЫН ЖОКТОП БОЗДОБОСУН”

– Бул жашоо оош-кыйышы, татаал сыноолору менен мени көп түйшөлттү. Ар кандай кырдаалга туруштук берип, өзүмө суроо салып, кайра ага өзүм жооп таап, баарын орду-ордуна коюп сынбай, ийилбей, чайпалбай, төгүлбөй келе жаткан жалгыз өзүм болдум. Бул мактаныч эмес, менин тагдырым. Мен өзүм үчүн бир күн да жашабадым. Балдарымдын баарын өзүм жалгыз өстүрүп-чоңойтуп, үйлөп-жайладым. Көктөйүнөн үчөө менен акылдашып, көйгөйүмдү айтып кичинесинен чоң адамдай болуп чоңоюшту. Кырсык экен, 2013-жылы улуу балам Мээримбек Ош-Бишкек жолунда иш сапардан келе жатып жол кырсыгынан каза болуп калды. Ал балам менин таптап жүргөн орун басарым, дайыма жанымда жүргөн жардамчым эле. Бала энем деп ыйлап тиги дүйнөгө узатпай, тескерисинче, энеси балам деп акыркы сапарга узатуусун жыландын баласына да каалабайм. Арадан 9 жыл өтсө да мен үчүн ал окуя кечээ болгондой эле сезилет. Жашоомдогу эң оор жоготууларымдын бири. Эч бир эне мага окшоп баласын жоготуп боздобосун. Баламдын артында бир уул, бир кызы калган, улуу неберем быйыл 9-класска көчтү. Кудайга шүгүр, азыр колум куру эмес, баламдын артында эки иниси бар. Балдарыма кошуп 2 кыз багып алгам, аларды окутуп, турмушка бердим. Азыр 16 неберем бар. Балдарымдын баары жашоодо өз ордун табышты. Мен бактылуу энемин. Кудайга шүгүр, азыр деле 40-45 жаштардагы айымдардай күчүм, кайратым бар. Элим үчүн, балдарыма татыктуу тарбия берүү үчүн талыкпай иштей берем.

“КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ САЯСАТТА КЕРЕК”

– Кыргыз аялдарынын кайраттуулугуна, сабырдуулугуна, көтөрүмдүүлүгүнө таң берсе болот. Бирок биздин мырзалар ошону көтөрмөлөп, кубаттаганды билишпейт. Артка сүрүп, алдыга чыгара көрбөй “аял үйүндө эле отурбайбы, эмнеге саясатка аралашат?” деген басынтуу менен мамиле жасаганы мени өкүндүрөт. Караңгыдан жол тапкан, ар кандай мезгилде өлкөнү кыйынчылыктан сууруган аялдар болгон. Эркектер бийлик жүргүзгөндү эле жакшы көрөт же бийликти да кыйратышкан жок. Парламентте аялдарга квота бөлүндү деп коюшат. Саясатта эркектер деле гендерге кирет, өздөрүн көпчүлүк кылып, аялдарды азчылык деп гендерге байлай берген болбойт да. Тескерисинче, эркектерди 30 пайыз, аялдарга 70 пайыз квота киргизсинчи заман кантип өзгөрөрүн көрөбүз. Керек болсо өкмөттүн курамында 1 эле министр айым бар, ал 30 пайызды түзбөйт да. Парламентте 30 пайыз аял жок, партиялык тизме менен 54 депутат келди, ошонун 30 пайызы аялдар болду. Бир мандаттуу округдан бир да айым шайланган жок. Элвира Сурабалдиева эң аягында катышып, утуп алды. Андыктан саясатта аялдар керек. Аялдарды саясатта көбөйтүүгө элдин аң-сезимин өстүрүп, жетилтиш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан