АЯЛЫ КҮЙӨӨСҮНӨН УЛУУ АТАКТУУ ЖАНА БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨР

Эркектер өзүнүн кызы менен тең кызга үйлөнсө коомчулук “азамат, кыйын экен” дешет. Ал эми айымдар өзүнөн жаш мырзага турмушка чыкса “башын айлантып тийип алды” же болбосо “аялдын акчасына кызыкты” деген кепке калат. Бирок “эл эмне дейт?” деген принципти тоготпогондор да бар. Кыргыздар мындай түгөйлөрдү көбүнчө ортосунда 27 жаш айырмачылыгы бар орус ырчысы Алла Пугачёва менен юморист Максим Галкиндин союзуна салыштырат. Бул макаладан Пугачёва менен Галкинден башка дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздарын, саясатчыларды мисал кылдык.

Эммануэль Макрон & Брижит Троньё

Жаш айырмачылыгы – 24 жыл

Үйлөнгөнүнө – 15 жыл

Эммануэль Макрон 1977-жылы туулган

Брижит Троньё 1953-жылы төрөлгөн

Чү дегенде эле саясий чөйрөдөн баштайлычы. Франциянын президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижитке 15 жашында жолуккан. Ата-энеси Эммануэлди билим берүү сапаты мыкты деп менчик мектепке которушат. Ал жакта француз тили жана адабияты сабагын күйөөсү, 3 баласы бар 40 жаштагы Брижит өтчү. Кошумча театр ийримин да алып барар эле. Эммануэль болсо 10 жыл пианино ойногонду үйрөнүп, бир топ сыйлыктарды алганга жетишкен. Футбол ойноп, бокско барчу. Таланттуу окуучу кыска аралыкта эле мугалимдин сүймөнчүк окуучусуна айланып, анын жазган дил баяндары, ырлары башкаларга үлгү катары көрсөтүлө баштаган. Анан жигит пьесаларда роль жаратты, кийин мугалими экөө биригип пьеса жаза башташты. Экөөнүн мугалим-окуучу мамилеси кантип башка сезимдерге өтүп кеткенин эч ким байкабай калган. Ата-энеси билип калганда кеч эле, Эммануэль эчак эле Брижитти сүйүп калган. Аны башка мектепке которгондо жигит Брижитке “мен баары бир сизге үйлөнөм” деп кеткен. Бул убакта Брижит менен күйөөсүнүн мамилеси да солгундап, ажырашууга туура келген. Жигит сөзүнө турду, 2007-жылы Брижит менен Эммануэлдин үйлөнүү тою болгон. Расмий үйлөнгөнүнө 15 гана жыл болгону менен, экөөнүн сүйүү баяны 30 жылдан бери уланып келе жатат.

Аарон Жонсон & Сэм Тейлор-Жонсон

Жаш айырмачылыгы – 23 жыл

Үйлөнгөнүнө – 10 жыл

Аарон Тейлор-Жонсон 1990-жылы туулган

Сэм Тейлор-Жонсон 1967-жылы төрөлгөн

19 жаштагы Аарон менен 42 жаштагы Сэм 2009-жылы “Жон Леннон болуу” тасмасын тартуу учурунда таанышкан. Жаш, таланттуу актёр баш каарман Жон Леннондун ролун аткарса, камера аркасындагы режиссёрлук пультта Сэм Тейлор отурган эле. Режиссёр, сценарист, сүрөтчү Сэм ал учурда жолдошу менен ажырашып, 2 кызын жалгыз тарбиялап жаткан учур болчу. Сүйүү сезимдерин кабыл алуу коомчулукка эле эмес, өздөрү үчүн да оор болгон. Сэмдин аң-сезиминде баласындай болгон жигиттин ага болгон сезимдери олуттуу болушу мүмкүн эмес, бат эле муздайт деген ойлор болгон. Буга кошумча коомчулуктан да терс сын-пикирлер жамгырдай жааган эле. Бирок Аарон баары ойлогондой жеңил-желпи адам эмес болчу. Сүйүктүүсүнүн артынан 3 жыл калбай жүргөн жигит 2012-жылы максатына жетип, Сэмге үйлөнгөн. Андан бери “Алтын глобус” сыйлыгын алды. Популярдуу болгон “Годзилла”, “Өч алуучулар: Альтрон эрасы” сыяктуу көптөгөн фильмдерге тартылып Голливуд жылдызына айланды. Сэм болсо жолдошун колдоп дайыма жанында. Жубайлар 2 кыздуу болушту.

Хью Жекман & Деборра-Ли Фернесс

Жаш айырмачылыгы – 13 жыл

Үйлөнгөнүнө 26 жыл

Хью Жекман 1968-жылы туулган

Деборра-Ли Фернесс 1955-жылы төрөлгөн

Бул түгөйлөрдү карап туруп “сүйүү жаш-карыга карабайт” деген сөзгө чындап ишенип кетесиң. “Х адамдар” тасмасынын жылдызы, Росомаханын ролу менен атактуулукту багынткан Хью Жекман менен актриса Деборра-Ли Фернесс 1995-жылы “Корелли” сериалына тартылуу учурунда таанышкан. 40 жаштагы актриса эркектер колониясындагы психологдун ролун аткарса, 27 жаштагы актёр кылмышкердин образында болчу. “Түбөлүккө ушул айым менен жашагым келет” деген Хью убакытты созбой актрисанын колун сураган. 1996-жылы үйлөнгөн жубайлар 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет. Үй-бүлөлүк жашоодо кездешчү “кризистерден” кантип чыгуу жолдорун мына ушул түгөйлөрдөн сураса туура болсо керек.

Приянка Чопра & Ник Жонас

Жаш айырмачылыгы – 10 жыл

Үйлөнгөнүнө – 4 жыл

Ник Жонас 1992-жылы туулган

Приянка Чопра
1982-жылы төрөлгөн

Бул түгөйлөр жөнүндө сөз кылбай койсок болбостур. Маданияты, салт-санаасы бөлөк эки элдин өкүлдөрүнүн союзу. Индиялык актриса, ырчы, модель Приянка Чопраны ким тааныбайт? 13 жашында АКШга көчүп келген татына кызга шоу-бизнес дүйнөсү кулачын кенен жайган. Болливуд жана Голливуддун көптөгөн кинолоруна тартылып, эки тараптан тең абройлуу сыйлактарды алганга жетишти. 2000-жылы “Дүйнө сулуусу” сынагында жеңишке жеткенде Ник 8 жаштагы бала эле. Азыр Ник Жонас америкалык белгилүү ырчы, актёр, алып баруучу. Убагында Майли Сайрус, Селена Гомес сыяктуу ырчылар менен сүйүү мамилесин курган, андан сырткары жашоосунда моделдер да болду. Кыздар менен болгон мамилеси көпкө узабай, жигит “өзүнүн адамын” издеп жүрдү. Америкалык бир телеканалда “Куатико” сериалы 2015-2018-жылдар аралыгында көрсөтүлүп, анда Приянка Чопра да роль жараткан эле. 2016-жылы телевизор карап отурган Ник Приянканы сериалдан көрүп калат. Актрисаны бир көрүп жактырганын Твиттер баракчасына жазат. 1 жыл социалдык тармактар аркылуу гана байланышкан экөөнүн мамилеси достукка да жете элек болчу, жөн гана тааныш эле. 2017-жыл. “Оскар” сыйлык тапшыруу аземинен кийин атактууларды чогулткан кечеге Приянканын келгенин көргөн Ник анын алдына барып бир тизесин бүгүп отуруп “мага жолукпай ушунча убакыт кайда жүрдүң?” деген. 2018-жылы Приянканын туулган күнүндө үйлөнүү сунушун киргизип, ошол эле жылы үйлөнгөн жубайлар бактылуу жашап келе жатышат. 2022-жылы бала төрөгөнгө убактысы тар экенин айткан актриса жолдошу менен кеңешип карын эненин жардамы менен кыздуу болушту.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан