АНЖИР, АНАР, КУРМА... АРАВАНДЫК БАГБАН СЫР БӨЛҮШӨТ

Оштун Араван районунда мээнеткеч багбандардын анжирлери бышып, түшүм чогултулуп жаткан чагы. Алардын анжирлери учурда Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Бишкек шаарларында сатылууда. Аталган райондун Араван айылынын тургуну Акбарали Халбековдун айыл сыртындагы анжир, анар, курма өстүргөн багында болуп кайттык, багбан аларды өстүрүү сырлары менен бөлүштү.

“Сары анжирлерди 1 сыйра терип саттык”

– Менин багымда 7 сотых анжир, 10 сотых курма, 150 түп анар, 30 түп шабдалы, 30 түп гилас, 30 түп алмурут бар.

Анжирдин кара (кызыл), жалпак сары, жапайы сортторун (тоо анжири) 21 жыл мурун тиккем. Жалпы 100 түп. Жапайысын аз эле тиккем. Сары анжир боюнча маалымат берсем, ал июлдун башында бышат. Бышкандарынын 1 сыйрасы терилип сатылып, 30 миң сомдой киреше түштү. Эми 20 күндөн кийин 2-терими башталат. Анан калган-каткандары августтун аягына чейин териле берет. 2-териминде түшүм көп болот. Жылда сарысы, карасы, жапайысы болуп жалпы 160 миң сомдой таза киреше берет. Сарылары жумшак, таттуу, бирок бат эзилип, бат бузулуп кетет. Үзгөндөн кийин 7-8 сааттан ашык кармоого болбойт. Андыктан жегенге гана сатылат. Негизи анжирлер тергенде эзилип кетпеши үчүн кайчы менен кыркылып алынат.

Учурда сарыларынын 1 даанасы чоңдору 7 сомдон, майдалары 5 сомдон дүңүнөн сатылып жатат. Кардарлар өздөрү келип алып кетишет, кээде өзүбүз базарга чыгарып сатабыз. Анжир бышканда сапсары болуп, ширеси чыгып калат. Эртең менен, кечинде терилет. Базарга алып чыгып сатарда жалбырактары кошо терилип алынат. Жалбырактары менен мөмөлөрүн чаң, жөргөмүш желелеринен арылтып жууп, анан коробка же идиштерге салуу керек. 1 катары жалбырак, кийинкиси анжир, кайра жалбырак, кайра анжир болуп кете берет. Анжирдин ширелери коробканын түбүнө топтолуп калат. Анжирди күндө базарга алып чыгарып саткан аялдар күндө мөмөсү менен жалбырактарын жууй берип, колдору шире, чаңдан кесилип кетет.

Анжир тиккенден 3-жылы мөмө байлап, анан түшүмү кийинки жылдары улам көбөйүп отурат. Мен анжирлерди 30-40 сантиметрден кылып кесилип алынган калемчелерден өстүрдүм. Калемчелерди октябрдын башында тигип койсо кышка чейин тамыр алып калат. Тиккенде кыкка кумду аралаштырып тигүү керек. Кум тамырга аба өткөрбөй кармап, анжирди кууратпай өстүрөт.

Жазында, анан кеч күздө анжирлердин ашыкча шак-бутактары кыркылат. Күздө кыркылган соң кышта суук уруп кетпеши үчүн 7-8 жылдыкка чейинкилери көмүлөт. Шактарын ылдый тартып, байлап, үстүлөрүнө пахтанын сөңгөгү, саман жана башкалар ташталат. Анан жазда кайра ачылып, алдылары тазаланат. 7-8 жылдыктары жана андан көп жашагандары үшүккө чыдамдуу болуп калат. Көп эле багбандар, мен да тергенге жана көмгөнгө оңой болот деп, анжирди ылдый жатып өсө тургандай кылып кыркып, формага келтиребиз. Анжирлер 200 жылга чейин жашайт дешет. Жер семирткичтерден кык гана колдоном. Айрымдар амофос, азот, калий беришет. Анжир сууну, ысыкты көп талап кылат. Жайында күндүз саат 11ден баштап анжир бактын ичи абдан дем болуп кетет. Анткени жалбырактары чоң, шактары көп болгонго араларына аба жакшы кирбей калат. Ошол ысык дем түнкү 11лерге чейин сакталат.

Кара анжир өтө таттуу, кыям жасаганга, кургатып как жасаганга керек. 1 килограммы 80-100 сомдон сатылат.

Анжир – бейиш жемиши. Адам ата менен Обо энени бейиштен жылаңач кууп жибергенде анжирдин жалбырактарын жамынып чыгышкан делет. Анжирди канаттуулар да сүйүп жешет. Элдик медицинада жемишин сүткө кайнатып, жөтөлдөн, тамак оорудан айыгыш үчүн ичишет. Курамында темир көп болгондуктан анемиядан жабыркагандар көп жеши керек. Бронхит, астма оорусуна да жакшы дешет. Анжирге бадам кошуп жесе оорудан, операциядан улам арыктагандар бат калыпка келишет.

Кара анжирди абдан жакшы карап, баккандар 1 гектарынан 35-40 тоннага чейин түшүм алгандарын угуп жүрөм.

Анжирлердин жалбырагына, мөмөсүнө курт түшүп кетет, андыктан дары чачабыз.

“Бир даана анар 1 килограммга чейин чыгат”

– Менин багымда анардын төө тиш, кайманар (каймана) деген түрлөрү бар. Илимий аталыштары кандай экенин билбейм. Кайманар кычкыл, бирок үзгөндөн кийин 6 айга чейин сакталат. Төө тиш ширин, дандары төөнүн тишиндей болуп чоң-чоң. Чоң анардын бир даанасы 1 килограммга чейин чыгат. Кабыгы жука. Көпкө сакталбайт, убагында сатуу керек. Түбүнөн жаңы чыккандарын кыркып турабыз, болбосо керектүү азык-заттар ошолорго кетип, мөмөлөр кичине болуп калат.

Жазында түбүнө кык таштайбыз. Айрымдар селитра, мочевина берип, жерди жумшартуу үчүн фосфор да салышат.

Анар 3-жылдан тарта мөмө бере баштайт. Мөмөлөрү чоңойгондо шактары сынып кетиши мүмкүн, ошого тирөөчтөрдү тирейбиз. Араларына шамал кирип турушу үчүн түптөрүн отоп турабыз. Сентябрдын ортолорунан тартып түшүмүн терип баштайбыз.

Жакшы карап-бакса 300 түп анардан 4-6 тонна түшүм алынат. 3-4 жылдыгынын бир түбү 30-35 килограммга чейин мөмө берет.

Күзүндө түбүндөгү чөптөр жок кылынып, жер семирткич чачылат.

Саратанда күндүн ысыгынан мөмөнүн кабыктары карайгансып кетет. Негизи, багым – менин байлыгым, киреше булагым.

“Курмалардын түбү ным болуп туруш үчүн күл төгөм”

– Курмалардын аралыктарын жакын тиккенде бою узарып кете берет да, кийин жемишин тергенге кыйын болуп калат. Бутап турбаса бутактары картайып, мөмөсү майда болуп баштайт. Сууну көп талап кылат, түбү дайыма ным болуп турушу кажет. Андыктан нымды кармасын деп түптөрүнө күл төгөм. Жер семирткичтерден кык гана салам. Шактарын убак-убагы менен бутап, зыянкечтерине каршы дары чачам. Бышканда терип сатыкка чыгарабыз, кышкыга сактоо үчүн атайын муздаткычка да салабыз. Жакшы карап-бакса 15 сотыхтан 3-4 тонна түшүм алууга болот.

Менин багымда курмалардын шоколад, королевский, лимон сорттору бар. Шоколад жана королевский эртерээк бышат, эл көп талап кылат. Лимон сорту кечирээк бышып, суук түшкүчө тура берет. Курма көрүүнү, кан айланууну жакшыртат, кан басымды калыптандырат. Жүрөк, рак ооруларынын алдын алат деп айтылат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан