Асема Токтобекова, актриса: «АЯЛДЫН СУЛУУЛУГУ ЭРКЕКТЕН КӨЗ КАРАНДЫ»

Ырчы, актриса Асема Токтобекованын барган сайын сулуулугу артып, келбети көңүлдү буруп келет. Мезгил мыйзамына баш ийбеген кандай сыры бар? Асема айым менен чыгармачылык, сулуулук, сүйүү, айтор, айымдардын өлбөс-өчпөс темалары жаатында пикир алыштык.

– Салам, Асема. Учурда көпчүлүк эс алууда, бири жайлоодо, бири көл жээгинде, башкасы чет өлкөдө... Жай мезгилин сиз кантип өткөрүп жатасыз?

– Салам. Мен үйдө кичинекей балам менен эс алып жатам. Балага зыян деп үйдө кондиционер колдонбойбуз, түнү аба абдан үп болуп ысып жатабыз. Ар мезгилдин өз керемети бар эмеспи, жай мезгили ысыгы менен өзгөчө. Төрт мезгили бар бейиштей жерде жашаганыбызга шүгүр кылам. Эс алуу тууралуу айтсам, чет өлкөгө көбүнчө жумуштар менен чыгат экем. Саякатка көп чыкпаганымды билген тааныштарым “эй, жок дегенде жакын турган Ташкентке барып келчи, автовокзалга барсаң 3000 сом менен жетесиң” деп калышат. Чынында чет өлкөгө саякаттоо тууралуу көп ойлонбойт экем. Кичинекей балам бар, баласаак жаным эс алууга кетсем “балам эмне болду” деп кабатыр боло берип эс албай эле келсем керек.

– 3 бала төрөсөңүз да келбетиңиз мыкты бойдон, көпчүлүк аялдар суктанарлык десе да болот. Мунун сыры эмнеде?

– Кыргызда “алган эри жарашса кара катын ак болот” деген макал бар. Албетте, аялдын өзүн мыкты алып жүрүүсүнө жолдошунун мыктылыгы, жашоого тыңдыгы да таасирин тийгизет. Жолдошум мени, чыгармачылыгымды колдоп-коштоп турганы үчүн да ушул деңгээлге жетип, ушул келбетим сакталып жатса керек. Азыр өзүн эркек деген атка татыктуу алып жүргөндөр аз. Менин жолдошумдун эркектик сапаты абдан бийик, майдаланбайт, тыюу сала бербейт, чектен чыгып баратсам акырын гана туура нукка буруп коёт. Аял-күйөөнүн ынтымагы бири-бирин түшүнүп жашоодо эмеспи. Өзүмдү жакшы караганым кесибимден улам да болушу мүмкүн, сахна жаштыкты, сулуулукту талап кылат. Биз ал талаптарга төп келишибиз шарт. Пластикалык операция жасаткан эмесмин. Мени телекөрсөтүүгө чейин чакырып, хирургдун текшерүүсүнөн өткөрүшкөн, бардык мүчөм табигый (күлүп).

– Бул жылы президенттин Ардак грамотасын алганыңыз талкууга түштү. “Сыйлыкты татыксыз алды” дегендер да болду, мындай сындар сиздеги эргүүнү, алдыга умтулууну сындырган жокпу?

– Жок, сындырган жок. Билсеңиздер, “Боз салкын” тасмасы менен көптөгөн чет өлкөлүк сыйлыктарды алгам. Ал эми президенттин Ардак грамотасын алганым талкууга түшүп уу-дуу болду. Кинодо, шоу-бизнесте көп жылдан бери жүрөм, биринчи жолу ушундай даражадагы сыйлык алдым. Менин ийгилигиме эч ким кубанган жок деп чөкпөйм, алдыга умтулуп дагы көп сыйлыктарды алганга аракет кылам. Бут тоскондор, интрига кылып майда сүйлөгөндөр адамга күчтөнүп иштегенге мотивация гана берет. Дагы көптөгөн сыйлыктарды алам, буюрса. Жакында тарыхта кала турган иш жасайлы деп жатабыз. Чыгармачылык жашоомдун дагы бир жалбырагы ачылат, буюрса.

– Асема деген ысым “Боз салкын” тасмасы менен тыгыз байланышта. Ал тасмадан кийин эмнегедир андай популярдуу образдарды жараткан жоксуз...

– Ар бир чыгармачыл адам өнөр дүйнөсүндө бир эмгектин артынан атактуу болот. “Боз салкын” популярдуулукту ушунча жыл карманып келе жатканына сүйүнөм. Тасманын атагы дагы канча убакыт менин чыгармачылыгымды коштоп жүрөт билбейм, бирок мен ага ыраазымын. Андан кийин көп эле тасмаларга тартылдым, бирок баары бир “Боз салкынды” басып өтө албай жаткансыйт. “Такебайга” тартылгам” десем деле, “аа, сен “Боз салкындагы” Асемасың да” дей беришет.

– Тасмаларга туш келди тартыла бербейсиз, талаптарыңыз катуу деп угабыз...

– Мени тасмага тарткысы келгендер дароо эле гонорарымды сурашат. Айтсам ойлонуп калышат. Түшүнөм, бизде тасмалар ири каражатка тартылбайт. Анча-мынча режиссёрлор менин гонорарыма чыдашпайт. Чыдаганына тартылып берем, чыдабаганына айла жок. Бул көөп кеткендик эмес, мен өзүмдүн эмгегимди туура баалаганды билем.

– Гонорар десеңиз канча аларыңыз кызыгуу жаратты. Кинодогу, Инстаграмдагы “ставкаңыз” канча?

– Чыгармачылыкта эң көп гонорарды “Уурунун махабаты” тасмасында тартылганда 3000 доллар алгам. Ал эми “Боз салкында” 24 миң сом алып, окууга контрагымды төлөгөнүм эсимде. Учурда киного канчага тартыларым сыр бойдон калсын. Инстаграм баракчамда сториске 10 миң сом, постко 20 миң сом алам.

– Мындан 15 жыл мурунку мезгилге кайтсаңыз, ошондогу Асемага кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эгер мурунку жашоомо кайтсам, анда такыр киного тартылбайт элем. Анткени шоу-бизнестин шоу-бизнестей болбой жатканы жаккан жок. Бизде өнөр адамдарын өз деңгээлинде татыктуу баалап, колго көтөрүп урматтаган сыйды көргөн жокмун. “Ии, Асема таарынып жатат” дегендер болушу мүмкүн. Бирок мага бардык суроого түз жооп берген жагат.

– Алданып көргөнсүзбү?

– Ооба, бир нече жолу. 18 жыл мурун апамдар мага батир белек кылышкан. Ал батир менден сырткары дагы 4 адамга сатылып кеткенин кийин билдик. Ошентип бешөөбүз бир үйдү талашып кырылышканбыз. Кийин Кара-Жыгач конушунан жер тилкесин алам деп 7 миң долларымды алдамчыларга алдырып жибергем.

– Аялдын сулуу болуп жадырап турушу үчүн жашоодо эмнелер керек?

– Бакыт, тынчтык... Айрыкча жан дүйнөсү тынч болсо аял ачылат, өсүп-өнүгөт. Аялдын сулуулугу эркектин сүйүүсүнөн да көз каранды. Сүйүлүп, бапестелип, мээримге толгон аял сулуу болбой, ким сулуу болот?

– Азыр деле сөз айтып тийишкен мырзалар болуп калабы?

– Ооба, аны туура кабыл алам. Социалдык баракчаларымда кээде жолдошум отуруп калат. Ар кандай комплименттерди жазышканда жолдошумдун “эмне деп жооп берсем?” деп башы катып калган учурлар болот (күлүп).

– Сарамжалдуусузбу?

– Жок. Кандай адамдар үнөмдөп акча чогултат билбейм. Колума акча токтобойт, дароо иштетип салам. Жолдошум “сага миллион акча берсе деле бир күндө жок кыласың” деп тамашалап калат.

– Саясатка мамилеңиз кандай? Кайсы саясатчынын жасаган иштерин, аракетин баалайсыз?

– Саясатка кызыгам, өлкөдө болуп жаткан саясий окуялардан кабарым бар. Ким билет, келечекте депутат болуп калышым деле мүмкүн. Ал эми саясатчылардан азыркы ажобуз Садыр Жапаровдун жасап жаткан ишине туура деген баамды берем.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан