Айпери Кулбаева, ырчы: «КАЙНЕНЕМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ШАР МҮНӨЗҮБҮЗ ОКШОШ»

Ырчы Айпери Кулбаева «Элегия», «Кымбатым», «Картайбачы, апаке», «Биз экөөбүз», «Сагынуу» жана башка салмактуу ырларды ырдап калың элге таанылган. Эки уулга тарбия берип, жолдошуна жөлөк болуп, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип жаткан айым Аксынын Жерге-Тал айылынан болот жана кайра эле Аксынын Кербен шаарына келин болуп түшкөн. Ырчы кайын журтка кандай келин? Кайненеси ким? Экөөнүн мамилеси кандай? Бул жолу Айпери Кулбаева жана кайненеси Уулкыз Эмирова «Кайненем айтмакчы» рубрикабыздын коногу.

– Саламатсыздарбы? Кош келипсиздер, Уулкыз апа, Айпери айым!

– Cаламатчылык!

– Суроону алгач, Уулкыз апа, сизге узатсак, Айпери канчанчы келиниңиз? Биринчи ирет аны уулуңуз Эльзар келин кылып алып келгенде көрдүңүзбү же тойго чейин тааныштырды беле?

– Айпери экинчи келиним. Эльзардын Айпери менен сүйлөшүп жүргөнүн кайын сиңдим билчү экен, ал мага айтты. Сүрөтүн көрсөтүп, ырларын дисктен угузду. Рыспай Абдыкадыровдун ырларын сонун ырдайт экен. Рыспай Абдыкадыров менин да баалаган ырчым. Карасам бешенеси ачык, жадыраган кыз экен. «Түсү ийгиден түңүлбө» дейт эмеспи, дароо эле жагып калды. Анан Эльзарга чалып, «Айпери мага жакты. Макул болсо үйгө алып келе бер» дедим. Ал күлүп «макул» деди. Ошентип келин алмак болуп Айперинин ата-энесине барып сүйлөштүк. 2012-жылдын 21-ноябрында барып сөйкө салып келдик. Уулум экөө баш-аягы 2 ай сүйлөшүптүр. Анан өзгөчө деп
«12. 12. 2012.» датасында баш кошушту. Кычыраган кыш, суук. Айперинин үйүнө барып бата той өткөрүп алып келдик. Айылда жаңы ресторан ачылды эле, ошонун 1-кардары биз болдук. Жоолук салып жатканда аябай толкундандым.

Айпери: – Апам тойдо кубанып «Балама» деген ырды ырдап берген. Апам жакшы ырдайт. Болгону ырчы болбой калган.

Уулкыз апа.: – Ооба, ошол ырды ырдап бергем. Мен мектепте ыр-бий ийримине катышчумун, мектептеги, райондогу сынактарда алдынкы орундарды алып жүрчүмүн. Бир ирет сынакта Ошто телекөрсөтүүгө тартылгам. Ырчы болом дечүмүн. Биз мектепти бүтүп жаткан жылы колхоздо элге концерт коюлмак болду. Ырчылардын тизмесинде мен да бармын. Ырдап жатканымда агам келип алып кетип калды. «Кыз балага ырдаган жарашпайт, мындан кийин ырдабайсың» деп урушуп тыйды. Ошондон кийин ырчы болом дебей калдым. Бирок шерине, тойлордо ырдап калам. Ырчы болсом, сахнада сүйүктүү ырчым Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдасам деген тилегим ишке ашпай калды. Айпери ошол мен жетпеген тилегимди ишке ашырып, ырдын пири Рыспайдын ырларын мыкты деңгээлде аткарып жүрөт. Эл да жакшы кабыл алат. Уулум Эльзар да ырдайт. Алгач «Периштемди» ырдап чыкканда эл жакшы кабыл алган.

Айперинин үйүндө да таланттуулар көп. Атасы ыр жазат, апасы, бир туугандары да жакшы ырдашат. Эки жактан тең өнөрлүүлөр бар.

– Айпери, ырчылык өнөрүңдү кайын журтуң жылуу кабыл алышыптыр да?

Айпери: – Ооба, ырчы экенимди сыймыктануу менен кабыл алышты. Тойдон кийин айылда 7-8 күндөй жүрүп калдык. Бир күнү атам (кайнатам) жолдошум экөөбүздү отургузуп алып «Эльзар, Айпери ырчылык карьерасын улантышы керек. Кудай ар кимге эле мындай талантты бере бербейт. Ырчылар эл адамы. Кызганбай, уруш-талаш чыгарбай жакшы жашашың керек» деди. Ушул эле сөздү апам да айтты Эльзарга. Ошондо атам менен апама абдан ичим жылыды. Жолдошум да аларга «сиздер айткандай болот, Айперини барктап алам» деп сөз берди. Ошол сөзүнө туруп келе жатат.

Уулкыз апа.: – Айпери концерттерине чакырып, «келиңиз, апа» деп турат. Бир жолу концертте «бул ырым бардык апаларга, анын ичинде 2 апама арналат» деп, «Картайбачы, апаке» деген ырды ырдады. Ошондо толкунданып ыйладым.

– Уулкыз апа, Айпери кайын журтуна кандай келин? Мүнөзүн сүрөттөп берсеңиз? Анан кайсы тамактары жагат?

– Булар Ош шаарында, биз айылда турабыз. Айпери кайын журтун барктаган, азыркыга чейин жүгүнгөн ыймандуу келин. Жүрөгү таза, кекчил эмес. Жасалмалуулугу жок. Жакшы иш жасагысы келген, бирөө таш ыргытса ага аш ыргыткан, бирөөгө атаандашпаган келин. Үйүнө ким барса да кабагым-кашым дебей жакшы кабыл алат. Тандырга нан жаап, боорсок бышырып, уй саайт. Беш бармак, палоо, манты, пирог, самса жана салаттарды укмуш жасайт. Ошко барып калсак тойдо ырдап түн жарымында келсе да «эртең жейсиздер» деп тамактарды жасап, муздаткычка салып кетет. Тиричиликке тың, табарман жан.

Ооруп калсак Эльзар экөө чакыртып, дарылатып, санаторий, курортторго жиберип турушат. Ошко барганымда унаасына салып алып, шаарды көрсөтүп, кийим-кечек, дары-дармек алып берет. «Апакелеп» эле жаркылдап турат. Жаңы ыр жаздырса, клип тарттырса сүйүнчүлөп, угузуп, көрсөтүп калат.

Уулум экөө бири-бирин түшүнүшүп, экөө тең өз милдеттерин так билип жана аткарып, 2 уулун тарбиялап чоңойтуп жакшы жашап келе жатышат. Улуу баласы Алман 8, Акдил 7 жашта. Экөө мен барып калсам чоң энелешип эркелеп, сейил бактарда бирге сейилдеп, балмуздак жеп калабыз. Айпери келин болуп келген 10 жылдан бери экөөбүздүн ортобузда таарынышуу, түшүнбөстүк болгон жок. Майрамдарда белек берип, кубантып турушат. Абышкам каза болгондон кийин ого бетер менин көзүмдү карап калышты.

– Айпери, «кайнененин камырынан» дешет эмеспи, кайненеңе сенин кайсы сапаттарың окшош?

– Апам экөөбүздүн чакырган жерге кечикпей убагында барганыбыз, ашыкча тазалыгыбыз, бирөөлөрдүн кемчилигин айтып сөз кылбаганыбыз, жөнөкөйлүгүбүз, шар сүйлөп, шар жүргөнүбүз, балдарды кыйкырбай сөз менен тарбиялаганыбыз, жүктүн кырын түптүз чыгарып жыйган жактарыбыз окшош. Экөөбүз тең дасторконду жайнатып, бапырап сүйлөшүп отурганды жакшы көрөбүз.

Апам эч качан «мага бул керек, алып бергиле» деп айткан да, балдарынын турмушуна кийлигишкен да жан эмес. Апам бир жолу да кайненелик кылып мени урушуп, тескеген жок.

Апам үйгө келсе, тойлорго барса камырынын бетине каймак сүйкөп, сары майга бышырып каттама жасап ала барат. Апамдын каттамасын сагынып, күтүп жейбиз.

– Маек соңунда бири-бириңиздерге каалоо-тилек айта кетсеңиздер.

Уулкыз апа.: – Келинимдин чыгармачылыгына ийгилик каалайм. Даңкы арта берсин. Уулум экөөңөр бактылуу болгула!

Айпери: – Апаке, узак жашаңыз, эч качан оорубаңыз! Төрүбүздүн куту болуп жүрө бериңиз!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан