Тагдыр
“Эже, 6 жылдан бери көчөдө жашап күн кечиргенден тажадым. Мен да билим алып, жакшы үйдө жашагым келет. Минтип эч кимге керегим жок болуп калганыма мен күнөөлүү эмесмин...” Ыйга муунган кыз дал ушинтип аңгемесин баштады. Анын айтып бергендерин угуп, “ушул 15 жаштагы кыз тагдырдын оор жүгүн кантип көтөрүп жүрөт?” деп таң калбай коё албадым. Жаш Гвардия гүлбагындагы Айка менен болгон маекке чогуу күбө болуп, өзүңүздөр жыйынтык чыгарыңыздар.
“БАГЫП АЛГАН АТА-ЭНЕМДИН КОРДУГУ”
– Жашым төрткө келгенде ата-энемден ажырапмын. Ал кезде кичине болгондуктан, алардын эмнеден улам каза болгонун так билбейм.
Мен 3 бир тууганмын. Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин туугандар эң улуу эжем экөөбүздү Балдар үйүнө өткөрүп, ортончу эжемди бирөөлөр багып алышат. Учурда улуу эжем 21 жашта. Ортончу эжем турмушка чыккан. Анын эки буту баспайт, майып.
Ошентип, мен 6 жашымда 1-класска барып, окуй баштадым. Эмнеден экенин билбейм, эжем Балдар үйүнөн качып кеткен бойдон кайра барбай койду. 3-классымда мени бирөөлөр багып алышты(алар азыр Сокулукта жашашат). Ошондо “мен да ата-энелүү болдум. Элде бар оюнчук менде да болот” деп сүйүнгөн элем. Анткени көчөдөн оюнчуктарын көтөрүп ойноп жүргөн кыздарды көрүп ичим күйчү. Бирок абдан эрте сүйүнүп алыптырмын. Муну мен алардын астанасын аттап киргендин эртеси эле билдим. Себеби аларга бала эмес, малай керек экен. Алым келген, келбеген иштерди да тапшырып коюшат, а мен илмиңдеп эптеп жасайм.
Мени багып алгандардын бир кызы боло турган. Ал эркелеп, каалаганын ичип-жеп, кечке ойнойт. Мен жумуш жасап, жегеним – алардан арткан тамак. Ошондо эле менин ыйлаган күндөрүм башталган. Бирок зарымды ким укмак да, ким бооруна тартмак? Анан дагы жасаган ишимди жактырышпай, сабашат. Башында көгөргөн денемден уялып мектепке барбай жүрдүм. Кийин үйдө калып, жумуш кылгандан көрө мектепте аз да болсо жаным эс алсын деп көгөргөнүнө карабай барчу болдум. Мугалим эже “эмне болду?” десе “жыгылып кеттим” деп жооп берем. Денемдин көгү арылбагандыктан, эжейим шек санап: “Сен жыгылбай эле, үйүңдөгүлөр сабашат окшойт...” деп сурап, мага жан тартып жүрдү. Ошол эжейим мага мээрим төгүп тургандыктан, апамдай көрүп, сабак бүтпөсө экен деп тилечүмүн.
“АЗАПТАН КУТУЛГУМ КЕЛЧҮ”
– Бир күнү үйдөн качып кеттим. Мени издеп таап келишип, мурункудан да катуу сабашты. Сол бетимдеги мына бул такты көрдүңүзбү, ошондо баккан атам от көзөгүчтү ысытып алып баскандан калган так.
Багы жокко дагы жок болуп, кийинчерээк мугалим эжейим каза болуп калды. Мугалимдер мага: “Эженин өзүнүн жүрөгү ооручу эле. Сени да көп ойлоп, кошул-ташыл болуп кетти окшойт...”- деп айтышты. Муну угуп өзүмдү күнөөлүү сезип, узакка жаман болуп жүрдүм. Ананчы, сага мээримин төккөн бирөө болсо, анан ал да каза болуп калса! Ошондон тарта мектепке илең-салаң барып жүрүп, акыры окууга барганды токтоттум.
Кордукка чыдабай үйдөн экинчи ирет качып чыктым. Кайра кармап келишип, керебетке таңып сабашты. Кийин мени керебетке таңып сабаганды адатка айлантышты.
Ур-токмоктон көңүлүм аябай калып, күндөрдүн биринде үчүнчү ирет качып кеттим. Бул жолу 600 сомду уурдай качтым. Ошол кеткен боюнча Ысык-Көлгө барып, бир кафеде идиш жууп күн өткөзүп жүрдүм. Жашым араң 9да. Ата-энем жок экенин билген кожоюн мени бекер иштетип, жумшап алды.
Бир жолу бейтааныш эже менин ал-жайымды сурап, “жүрү алып кетейин, үйдө баламды багасың” деди. Макул болдум. Эже жумушка кеткенде анын чоң баласы, мен, анан мен баккан бала болуп үчөөбүз эле калчубуз. Эженин чоң баласы бара-бара мага асылып, жулмалап тийише баштады. Же бул тууралуу апасына айта албайм. Акыры ал үйдөн да кетүүгө туура келди. Ошондон тарта жашоом көчөдө өтүп келет.
“КӨЧӨДӨГҮ ЖАШООМ, АРГАСЫЗ СОЙКУЛУК... ”
– Көчөдөн Майрамкүл деген эже жана анын баласы менен таанышкан элем. Алар менен чогуу жүргөнүмө быйыл 6 жылдын жүзү болду. Бирге кайыр сурап, чогуу бир жерлерге баш калкалап жашоо өткөзөбүз.
Көчөдө жүргөнүмө 3 жыл болгондо тагдыр мени кокустан эң улуу эжеме жолуктурду. Кубанганымды айтпаңыз. “Акыры бир боорумду таптым. Эми мага жеңил болот” деп ойлодум. Бирок каяктан? “Азыр жашоом начар, сени кийинчерээк колума алам. Ага чейин ошол эжең менен эптеп жашай тур” деген эжемдин сыры бат эле дайын болду. Көрсө, ал цирк жакта денесин сатып иштейт экен. Өзүнүн тапканы жетпей, мени уруп, кайыр сурап тапкан акчамды алып коёт. Эжеме барып жүргөн кезимде бир аял менин ким экенимди сурап кызыгып калчу. Ал сойкулардын “мамашасы” экен, мени сойку кылып иштеткенге эжемден уруксат алып коюптур. Бир ирет эжеме барганымда мени кыйкыртып туруп чоң эркектердин машинасына салып берип коюшту. Ошентип, 12 жашымда аялга айландым, бир тууган эжем мага чыккынчылык кылды.
Эжем эртеси калп эле билмексенге салып жойпуланып, уялгандын ордуна “ушинтип иштесең көп акча табасың” деп мени көндүрүүгө өттү. Мага ысык боткодой жабышып, "бул жакка эле барабыз, тиги жакка эле барабыз" деп ээрчитип чыгып, ар эркектин машинасына салып берет.
Ыйласам мени бир гана Майрамкүл эже түшүнүп, сооротот. Бир жолу сүйлөшүп, эжемди ал жаман жолдон алып чыгалы, жакшылап сүйлөшөлү деп эжеме барсак, эс-учун билбей жатат. “Адатындай баңгизат сайынып алды” деп айтышты. Жакында "СИЗОго түшүп калды" дешкенинен барсам, уурулук менен кармалыптыр. Ырайы кетип, денеси көк ала...
Жогоруда айтып кеткендей, ортончу эжем турмушта, эки буту баспайт. Өз жашоосун эптеп өткөзүп жаткан немеге жүк болгум келбейт. Анын кайда жашаарын мага улуу эжем айтып, алпарып көрсөткөн эле.
“КУДАЙДАН ҮМҮТҮМ ЧОҢ”
– Ушундай, эже, жашоом. Жайдын күнү да бир жөн. Кышкысын эптеп кайыр сурап тапканыбызды берип, эски, кир батирлерге баш калкалайбыз. Суткасына 150 сомдон төлөйбүз. Көчөдө тоңуп өлгүчө деп тамагыбызга акча жок калганына кайылбыз.
Тагдыры оор, мага окшогондорго кайдигер карабай, жардамга кол созгон адамдар чыгып калар деген үмүт менен баарын ачык айтып отурам.
Мен да эл сыяктуу билим алып, таза, жакшы үйдө жашагым келет.
Мындай оор тагдырга кезиккениме мен күнөөлүү эмесмин!
Анара Токтосунова
koom@super.kg