Бегимай Турусбекова: “МАЛАХОВДУН БЕРҮҮСҮНДӨ ЖАКШЫ КӨРГӨН АКТЁРЛОРУМА ЖОЛУКТУМ”

Кыргыздын кызы, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова тууралуу Орусиянын “Россия-1” телеканалы сюжет даярдады. Айтылуу Андрей Малахов алып барган “Привет, Андрей!” берүүсүнө тартылуу үчүн каарманым Москвага барып келди. Бегимай айым ушул жаңылыгы, популярдуу болгондогу эмоциялары, жакынкы пландары менен бөлүштү.

– Бегимай, кандайсыз? “Привет, Андрей!” берүүсүнө кантип тартылып калдыңыз? Маекти ушундан баштасак.

– Жакшы, рахмат. Мен таанылып баштаганда эле Орусиянын “Россия-1” телеканалынан чалып, Skype аркылуу маек алышты. Ошондон кийин эле “Бегимай, Орусияга чакырсак келесизби? Чыгымдын баарын өзүбүз төлөп беребиз” деп кайра чалышты. “Ал кандай болот?” десем, “тартуучу топту Казарманга жөнөтөбүз, үйүңүзгө барып тартып, апаңыздан маек алып, апаңыз экөөңүздөрдү ырдатып кыска сюжет даярдайбыз” дешти. “Мага кереги жок” деп болбой койгом. Анан телеканалдын башкы редактору чалып, “Бегимай, сонун мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жатасыз. Сиз азыр Кыргызстанда эле эмес, Казакстан, Орусияда да таанымал болдуңуз. Программадан кийин башка өлкөлөргө да атыңыз таанылат” деди. “Эмне кылайын?” деп апам, жолдошум менен кеңештим, алар “чакырган жерден калба, мындай учурду колдон чыгарба” дешти, барууга макул болдум. 10-июлда Казарманга барып тартышты. Мен 14-июлда Москвага учуп кеттим. 15-июлда тартуу иштери болду. Чыгымдарымды төлөп, гонорар беришти. Мени ал жакта баары жылуу тосуп алышты, тегерек столдо отуруп сүйлөшүп, 2 ыр ырдап бердим. Ал берүүнү эфирден августта беребиз деп жатышат. Анткени азыр элдин баары эмгек өргүүдө экен. Орустарды билесиздер да, жайында чет өлкөгө же дачаларына эс алганы кетишет.

– Москвага биринчи жолу бардыңызбы?

– Мурда 2 жолу барып иштеп келгем. Биринчи жолкусунда ырдап иштедим, кийинкисинде дүкөндө кассир болуп иштеп келдим. Бул жолкусунда жылдыз болуп барып келдим (күлүп).

– Сонун. Жылдыз болуп барган кандай экен, кандай сезимдер менен кайттыңыз?

– Сонун маанайда барып келдим. Баары сонун болду. Ал жакта бир тууган эжем үй-бүлөсү менен жашайт, аларга жолугуп, сагынычымды тараттым. Москвадагы кыргыздардан сый көрдүм, белектерин алдым. Ичиң жылып калат экен. Бул жолкусунда шашып кетип калдым да. “Эмкиде атайын келип кетиңизчи, жолугуп, сиз менен маектешип отургубуз келип жатат. Бул жактагы кыргыздардын баары сизди көргүбүз келет” деп калышты. Кудай буюрса, дагы Москвага жолдомо болуп калса, Москвада жүргөн мекендештерибизге атайын бир күн бөлөм деген оюм бар.

– Москвада концерт коём деп ниет кылдыңызбы?

– Концерт коём деген жокмун. Бирок ошону айтып жатышат, “чакыралы дедик эле, уюштуруп беребиз, келесизби?” дешти. Мында да алып калабыз дешти, “Кыргызстанда жумуштарым бар” деп макул болгон жокмун. “Кийинчерээк бир күндү болжойлу, уюштуруп беребиз десеңиздер, акчасын, жатакананы, тамак-аш, баарын сүйлөшүп алып келейин” дедим. Макул болушту. Уюштуруп коюшу мүмкүн. Ал жөнүндө айтыша элек. Бирок күнүн болжоп айтабыз деп турушат.

– Жакшы. “Привет, Андрей!” берүүсү кандай тартылды, кимдер катышты?

– Мен тааныгандардан Андрей Малахов, Елена Ксенофонтова деген актриса бар, таанысаңыздар керек, көп сериалдарда аткарат. Менин жакшы көргөн актрисаларымдын бири. Илья Носков деген актёр, ал да менин жакшы көргөн актёрлорумдун бири. Эмнегедир сүйлөшүп алгандай эки жакшы көргөн актёрум менен чогуу отурдум. Аябай сүйүндүм, “силерди аябай жакшы көрөм” деп алар менен сүрөткө түштүм. Алар да жылуу сөздөрүн айтышып, таң калышып, “Кыргызстанда ушундай ырчы бар тура, үнүң сонун экен, кыйналбай эле ырдап коёт экенсиң, азамат” дешти. Ал адамдардан ушундай сөздөрдү уксаң башкача сезимдер болот экен, көңүлүм жылыды. Ал жакта жакшы маанайда жүрдүм, алар менен мурдатан тааныштай болуп отурдум, маектешип жатканда сүрдөгөн жокмун, өзүмдү ээн-эркин сездим эмнегедир. Калган катышуучуларды тааныбайт экенмин. Алар мага окшоп жаңы чыгып келаткан жылдыздар экен. Жаңылышпасам, берүүгө 12-13 кишидей катышты. Алардын да ар биринин үйүнө барып, меникиндей сюжет тартышыптыр.

– Малаховго же Ксенофонтовага жолугуп, сүйлөшүп отурам деген кыялыңыз деле жок болчу да?

– Чынында, Малаховдун программасына катышам, тиги актёрлор менен бир столдо отуруп сүйлөшүп калам деп ойлобоптурмун. Валерий Меладзе менен дуэт ырдасам деген кыялым бар. Лара Фабиан, Селин Дион менен жолуксам деген да жакшы кыялым бар. Кудай буюрса, Орусиядан баштап жатам. Алдыда башка кыялдарым да орундалып калат деп үмүттөнүп турам.

– Андрей Малахов кандай адам экен?

– Менин жылдызым жанып турган үчүнбү же талантымды баалаганы үчүнбү, мага аябай жылуу мамиле кылып, кучактап, ыраазычылыгын, каалоо-тилегин айтты. Мага, балким, ошон үчүн жөнөкөй көрүнгөндүр. Жашоодо көпкө сүйлөшүп көрбөгөндөн кийин билбейсиң да кандай адам экенин. Мамилесинен улам жакшы адам экен деп ойлоп калдым.

– Буга чейин “апам, жолдошум менен кеңешип, мындан аркы кадамдарымды чечебиз” дедиңиз эле, чечтиңиздерби?

– Мен Бишкектен бара электе эле апам телефондон “кызым, келсең күйөө бала менен отуруп сүйлөшөбүз. Ал макул болсо мен да макулмун, шаарга баралы десең, баралы. Мындай учурду Кудай кайра-кайра бере бербейт, кармап калыш керек. Сени колдойбуз” деди. Жолдошум да колдоду. Апа деген кандай учур болбосун колдойт да. Апам колдобой коёт деп ойлогон жокмун. Тынчсызданганым жолдошум болду, эмне дейт болду экен деп жаттым. Жолдошумдун колдогонуна сүйүнүп жатам, азыр ага ыраазы болуп турган учурум. “Каршы эмесмин, болгону жөнөкөй боюнча кал, жылдыз болуп кетпе” деди, ошол эле. Бишкекке көчүп келүүнү чечтик, мен Бишкектемин. Алар үйдү жыйнап, бекитип, бирөөгө тапшырып жакын арада келип калышат.

– Кайсы ырчылардан дуэт ырдоо сунушу түштү?

– Самат Дөөлөтбаковдон, бирок жооп бере элекмин. Себеби өз ырымды чыгармайынча дуэт ырдаганга даяр эмесмин деп ойлойм. Азыр бир ыр жаздырып жатам. Мындан тышкары Султан Каримов агайдан сунуш түштү. Бир маекте агай менен дуэт ырдасам дедим эле. Ошону угуптур, өзү жазды. Кудай буюрса, дагы да көп ырчылар менен ырдагым келет, баары алдыда.

– Жарнамалардан акча таба баштадыңызбы?

– Жарнамаларга чыккан жокмун, чыкпай турайын деп жатам. Себеби жарнама алыш үчүн да катталуучулар, көрүү көп болушу керек экен. Көбөйө берсинчи, көрө жатарбыз. Чакыргандар көп болууда.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан