Салтанат Осмонова, балбан Айпери Медет кызынын апасы: “АЙПЕРИ КИЧИНЕСИНДЕ ЭЛЕ ӨЖӨР БОЛЧУ”

Айпери Медет кызы дегенде күрөш, жаңырып жаткан Кыргыз гимни, көтөрүлүп жаткан Кыргыз желеги көз алдыбызга тартылат эмеспи. Кызыл туубузду желбиретип кыргызды дүйнөгө таанытып келе жаткан балбан кызды жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялап өстүргөн апасы Салтанат Осмонова биздин маек төрүбүздө. Балбан кыздын балалыгы, кыялдары, спорттогу жолу тууралуу айтып берди.

“БАШЫНДА КЫЗ КИШИ КҮРӨШПӨЙТ ДЕП КАРШЫ БОЛГОМ”

– Айпери үйдүн үчүнчүсү, андан улуу агасы, эжеси, анан сиңдиси, иниси бар. Негизи биздин үй-бүлө спортко жакын. Атабыз кыргыз күрөшү менен күрөшүп жүрчү. Уулум Руслан көк бөрү ойнойт, Айпериден улуу кызым жеңил атлетикага кызыгып, чуркап жүрдү. Кийин турмушка чыгып кетти. Профессионалдуу деңгээлде спортко аралашкан Айпери болду. Азыр андан кичүү кызым Айтолкун дагы эжесинин жолун жолдоп күрөшө баштады. Айпери ийгиликтерди жарата баштаганда сиңдисинин да күрөшкө болгон кызыгуусу ойгонду. Анан 7-классты бүтөрү менен Бишкекке спорттук мектепке кеткен, быйыл 10-классты бүттү. Жакында эле Нарында өткөн жолдомо берүүчү турнирден биринчи орунду алып, Азия чемпиондугуна жолдомо утуп алды. Андан соң Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда коло байгеге татыды. Кичүү уулум дагы айылда күрөш залына барып жүрөт. Айпери үйдө сиңдиси менен инисине көбүрөөк жакын. Чет жакка чыкканда экөөнө сөзсүз белек ала келет.

Айперинин спортко таштаган кадамы мектепте окуп жүргөн кезде башталды. Машыктыруучу Дүйшөн агайдын (ред.: Рахмадил Жуманазаров) залына барып, кызы Мээрим (ред.: Жуманазарова) менен чогуу машыгып калды. Башында кыз киши күрөшпөйт деп каршы болгом. Ага карабай эле бара берди. Анан өзү ушул жолду тандап жаткандан кийин деп биз дагы туура түшүнүп, анын тандоосун кабыл алып калдык.

“ТЫРЫШЧААК, БЕТТЕГЕНИН БЕРБЕГЕН МҮНӨЗҮ БАР”

– Айпери кичинесинде ачык-айрым, тарсылдаган, беттегенин бербеген, оюндагысын бетке ачык айткан эркек мүнөз кыз болчу. Азыр деле ошондой тырышчаак, беттегенин бербеген мүнөзү бар. Спортто аздыр-көптүр ийгилик жаратып келе жатканы да ошол тырышчаактыгынын арты менен болсо керек деп ойлойм. Эми Айперинин ийгилигинин артында сөзсүз машыктыруучуларынын чоң эмгеги турат да. Алардын талыкпаган эмгегинин үзүрү десем болот. Айпери акыркы жылдары өзүн бир гана машыгууга арнап келет. Мурдагыдай айылга дагы көп келбей калды. Телефонду бейчеки колдонбойт. Башта телефон чалсак албай койсо “эмне албай жатат?” дей берчүбүз. Азыр биз дагы кайсы убакытта машыгууда болот, кайсы убакытта уктаарын билип калдык, ошого жараша телефон чалып сүйлөшөбүз.

Күрөшүп жатканын түз эфирде көпкө көрө албайм, жүрөгүм чыдабайт. Кыздарым чалып “мындай болду”, “утту, эми кийинкисине чыгат” деп айтып турушат. Күрөшүп бүткөндөн кийин интернеттен окуйм. Күрөшөт деген күнү сарсанаа болуп, тынчсызданып эле бир орунга отура албай калам. Мурун “кайда барасың, каяктык балбан менен күрөшөсүң?” деп сурай берчүбүз. Азыр интернеттен эле маалымат алып алам, анын тынчын алып, алагды кылып сурай бербейм. Кетерде эле ак жол каалап, батабызды беребиз.

“ЧОҢ АТАСЫ БУЛ КЫЗЫМ КИЙИН БААРЫН ТАЛКАЛАЙТ ДЕЧҮ”

– Айпери чоң ата-чоң апасына жакын өстү. Чоң апасынын жанына жатчу. Апасынын пенсиясы тийгенде Айперини ээрчитип алып базарга алып барып келчү. Айперинин күрөшүп калганын көрүп чоң атасы “шашпагыла, бул кызым кийин баарын талкалайт” деп калчу. Абдан боорукер, бир жылы чоң апасы ооруп калганда ооруканага жанына карап жатып калды. Ошол учурда күрөштү таштайм, мен дарыгер болом деп күрөшкө барбай, машыгууну таштап койгон. Анан машыктыруучусу “кой, таштаба” деп айтып, анан кайрадан күрөшкө бара баштаган.

Айперинин үйдө деле жаны тынчу эмес. Сабактан келип алып үйлөрдү таптаза кылып жыйнап, анан залга кетчү. Машыгуудан келип чарчап уктап калат го десем антчү эмес, бир бөлмөгө кирип алып дорулдап ыр жаттап, сабак окучу. Кыргыз тилден сабак берген эжекеси “кызың аябай аракет кылат. Сабакка даярданбай келгендерди Айпери күрөшүп да, окуп да жетишип жатат, эмнеге силер ушинтип даярданып келбейсиңер деп урушам” деп айтып калчу.

“ЭЛДИН КЫЗЫ БОЛГОНУНА СЫЙМЫКТАНАБЫЗ”

– Эл аралык мелдештерден орун алып келип, теле, радио, гезиттерге чыгып элдин кызы болуп калганына биз дагы ичибизге батпай кубанып, кызыбыз менен сыймыктанып калабыз.

Былтыр карьерасында эң маанилүү болгон Олимпиада оюндарына катышып келбедиби. Анда баарыбыз телевизордон көрүп жаттык. Алгачкы эки атаандашын жеңгенде абдан сүйүндүк. Үчүнчү атаандашынан жеңилип калганда аябай кабатыр болдук. Бул учурду кызым абдан оор өткөрдү. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей жатты. Жанында жүрүп турайын деп Бишкекке бардым. “Спортто өйдө-ылдый болот, жашсың, ийгиликтер али алдыда, сага ишенебиз” деп турдук. Буюрса, андан бери талыкпай аракет кылып ийгиликтерди жаратып жатат. Баарына Кудайга шүгүр дейбиз. Күрөш дүйнөсүндө өзү көздөгөн ийгиликтерди жаратсын, ар дайым жолу ачык болсун деп Кудайдан тилейбиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан