ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-ИЮЛДАН 31-ИЮЛГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада адамдар менен баарлашууга көбүрөөк муктаж болосуз. Көз карашыңызга төп келген адамдар менен байланышты үзбөй окуялардан кабардар болуп туруңуз. Мурун сүйүү мамилесинде болгон адам менен жолугуп калышыңыз мүмкүн, жолугушууда ага болгон сезимдериңиз өчө элек экенин түшүнөсүз. Сүйүктүүсү менен таарынышып жүргөндөр аптада жарашып мамилесин жаңы тепкичке көтөрүшөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үйдөгү тиричилик көйгөйлөрүн чечүү үчүн сизде жетиштүү күч жана материалдык ресурстар болот. Үйгө тиричилик эмеректерин сатып алып же аны оңдоп, алмаштырасыз. Ата-энеңиз менен сырдашыңыз, баарлашууда алар буга чейин сизден жашырып келген сырларды ачыкташы мүмкүн. Бирөөгө ишенип ызы-чууга аралашып калуудан сак болуңуз. Алыстан конок күтөсүз. Эс алуу күндөрүн жалгыздыкта, тынчтыкта өткөргөнүңүз жакшы.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада буга чейин жакын достукта болуп, бирок кайсы бир мезгилде жоготуп алган досуңуз менен байланышты калыбына келтире аласыз. Жакындарыңыздан сүйүктүүңүз тууралуу маанилүү маалымат угасыз. Ири сатып алууларды пландап жаткан болсоңуз бул жума коё туруңуз. Сизди тынчсыздандырып жаткан көйгөй оң жагына чечилет. Кесип тандоо алдында тургандар жакындарынын кеңешине да кулак салып койгону туура.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эс алууга көп убакыт бөлүңүз, суу жээктеп басып, алдыга койгон пландарыңызды бир сыйра анализдеп алганыңыз жакшы. Олуттуу маселени чечүү адында турсаңыз, алтынчы туюмуңузга ишениңиз. Адамдарга жардам берүүдөн баш тартпаңыз, сиз жасаган кайрымдуулук иштер келечектеги пландарыңызды ишке ашырууда көп пайдасы тиет. Чач жасалгасын, стилин, имиджин өзгөртүүнү каалаган бөйөн айымдар, чамдагыла, аптада сизде эрк, тайманбастык ашыгы менен болот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Досторуңуз тууралуу пикириңизди кайра карап чыгууга туура келет. Балким, достук мамилелерди сорттоого убакыт келди. Окууга тапшырууну көздөп жаткан жаш студенттер, сиздин интеллектуалдык жөндөмүңүз, билимге болгон каалооңуз окуунун бардык түрүндөгү ийгиликке өбөлгө түзөт. Бул - жашооңузду узак мөөнөткө пландоо үчүн эң сонун учур. Үй-бүлөңүздүн колдоосу менен көптөн бери көздөп жүргөн кыймылсыз мүлккө ээ болушуңуз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада өз максатыңызга ишенимдүү кадам таштап, дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен максатыңызга ийгиликтүү жете аласыз. Кээ бир маселелерде өзүңүзгө көп көңүл бурдуртпай, байкалбай иш кылганыңыз оң. Бул сизди кызыктырган адамдар жөнүндө суроо берүүгө, жашыруун маалыматтарды издөөгө ылайыктуу учур. Сүйүүсүн тапкысы келген бойдок бийкечтер өзүн, аң-сезимдеги ойлорун рамкадан чыгаруусу керек.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ачык жүрүм-турумуңуз үчүн көптөрдүн сынына кабылышыңыз мүмкүн. Чөйрөңүздөгүлөрдүн жеке пикирин эске алып койгон жакшы. Ишкерлер жаңы өнөктөштөр менен кызматташууда эки тарапка тең пайдалуу келишимдерди түзө алышат. Жумушта жамаатыңыздын кайдыгерлигине таң калышыңыз мүмкүн, жетекчиңиздин алдында сизди эч ким коргобой койгонуна таарынасыз. Үй-бүлөлүү түгөйлөр ар бири өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликти сезгени туура.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар аптада жаман адаттардан арыла алышат. Мисалы, чылым чегүүнү таштоону баштасаңыз аракетти ушул жума көрүңүз. Бизнесте тайманбастык менен чечкиндүү аракеттерди жасоого ыңгайлуу учур. Эгер сиз жумушуңузду алмаштыргыңыз келсе, анда бул чечимди кабыл алууга чечкиндүү кадам таштаңыз. Экстремалдык спорт түрү менен машыгып баштасаңыз болот. Бул аптада баштаган ар бир ишиңиз натыйжалуу аяктайт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кызматтагы сүйүү романына кабыласыз, жумушка жаңы келген кызматкер деп ойлобоңуз, ал адам сиз менен көп жылдан бери чогуу иштешкен кесиптешиңиз болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүү жаачылардын түгөйү менен мамилеси жакшырат. Айымдарга күмүш сырга: түгөйүңүздүн бул абалын колдонуп кымбат зер буюмдарын алдырып алсаңыз болот. Эс алуу күндөрүн узак сапарда, туристтик саякатта же майрамдык романтикада өткөрөсүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Ден соолугуңузду ар кандай оорулардан сактоо үчүн дарылануу курсунан өтүп койгонуңуз туура. Арыктоону максат кылып жүргөндөр ушул аптада аракетин баштаса жыйынтыгы жакшы болот. Бойдок текечерлер өз оюн сүйүктүүсүнө таңуулап “мен айткандай жашайбыз” дебеши керек. Үй-бүлөлүү текечерлер балдарын кошумча ийримдерге алып барып, өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзгөнү туура.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Баш айланткан сүйүүгө жолугасыз, оюңуздун баары ошол адамда болуп, калган көйгөйлөрүңүз экинчи планда калып кетиши толук мүмкүн. Иш кагаздары менен байланышкан маселелериңизди нотариус же ошол тармакты билген адис менен бүтүрүңүз, жаза басып көз боёмочулардын торуна илинип калуудан абайлаңыз. Каржылык көйгөй жаралса банктан же жеке адамдардан насыя албай эле койгонуңуз оң.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй жумуштарыңыз жеңил жана бат бүтөт. Үйдөн эч жакка чыккысы келбегендер бардык чакыруулардан баш тартса болот. Үй-бүлөлүк бюджетти, алдыдагы ири сатып алууларды пландаштырууга ылайыктуу учур. Батириңизди оңдоо иштерин баштай берсеңиз болот. Чогуу, жамаатташып иштеп баштаган ишиңиздин жыйынтыгы натыйжалуу болот. Балалуу балыктар эс алуу күндөрүн балдары менен өткөргөнү пайдалуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан