«ХАГГИ ВАГГИ», «СИРЕНА БАШТУУ» ОЮНДАРЫ БАЛДАРДЫН ПСИХИКАСЫН БУЗАБЫ?

Учурда YouTube`да, TikTok`то башы үч бурчтуу, тиштери арсайган, анда каармандарды (адамдарды) кучактап өлтүргөн, жеп салган «Хагги Вагги» жана «Сирена баштуу» (Сиреноголовый) деген каармандар балдар арасында популярдуу. Дүкөндөрдө ал каармандардын оюнчуктары да көп. Ата-энелер “балдардын психикасын бузат” деп аларды көрсөтпөөгө аракет кылганы менен, балдар көрүүгө жан талашып, оюнчуктарын ойноону каалашат. Түрү суук каармандар балдардын психикасына кандай таасир этет? Кандай пайдасы бар? Бул жаатта психолог Айзада Танаева маалымат берет.

“Хагги Вагги”, “Сирена баштууну” 3-6 жаштагылар көрүшөт”

– 1-3 жашта баланын сезүү органдары өөрчүп, ар түрдүү оюнчуктарды талап кылган учуру. Бирок желмогуз, скелет, жөргөмүш сыяктуу түрү суук, коркунучтуу каармандар тартылган видеороликтерден, оюнчуктардан коркушат. Көрсөтпөңүз жана сатып бербегениңиз оң. Алар баланын психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

3-6 жаштагы балада өзүнө окшош нерселерге, ар кандай жаныбарлардын, адамдардын келбетине, келбети адамдардыкына окшошуп кеткен ойдон чыгарылган каармандарга болгон кызыгуу күчөйт. Ошондой оюнчуктарды алгысы, ойногусу, видеороликтерди көргүсү келет. “Хагги Вагги” менен “Сирена баштуунун” да келбети адамдардыкына окшошуп кетет. Аларга тартылуунун бир себеби ушул. Анын үстүнө 3-6 жаштагылар дүйнөнү, чөйрөнү таанып-билип жаткан активдүү изилдөөчүлөр. Алар баарын кармап, көрүп, сезип, коркуусун жеңе билиши керек. Эмоцияларды так билип, ажыратып, көп колдонуп жана чыгарып баштаган курактагылар. Ошондуктан алар коркунучтуу видеороликтер менен оюнчуктарга кызыгышат. Анткени эмоцияларын чыгарып алышат.

Демек, “Хагги Вагги” менен “Сирена баштуулар” тартылган мемдерди көп көргөн жана оюнчуктарын талап кылган балдар 3-6 жаштагылар болууда.

Коркунучтуу видеороликтерди көрүүсүнүн сырлары:

“Адреналин сезүү үчүн көрүшөт”

– “Хагги Вагги” менен “Сирена баштуу” – хоррор (англисче “horror” – коркунуч) каармандар жана оюнчуктар. Хоррор видеороликтеринде, тасмаларында саспенс эффектиси колдонулат. Саспенс – бул кино көрүп отурган көрүүчүнүн фильмдеги каармандар үчүн тынчсыздануусу, коркуусу, аларга болушуп, сарсанаа болуусу. Тасмадагы каарманга кооптуу учур жаралганда бала же чоң киши ордунан тура калса же кыйкырса, демек, саспенс ишке ашкан болот. “Хагги Вагги” менен “Сирена баштуу” тууралуу видеороликтерде саспенс ишке ашат. Анткени алар тууралуу мемдерде алар көбүнчө караңгы бөлмөдөн, же башка күтүлбөгөн жерден чыга калат, адамдарды кубалайт... Бала коркот, коркунучка туш болот, кыйкырышы ыктымал. Мындай учурда организмден адреналин бөлүнүп чыгат. Коркуунун туу чокусуна чыккандан кийин организм өзүн калыпка келтирүү үчүн парасимпатиялык нерв системин ишке киргизет, ушундан адам жеңилдеп, эс ала түшөт. Бала ушул процессти кайрадан сезүү үчүн видеороликти улам-улам көрө баштайт.

“Ичте топтолгон эмоциясын чыгарат”

– Бала коркунучтуу видеороликти көргөндө ичте топтолгон эмоцияларын чыгарат дедик. Кыргыздарда балдарды “ал жакка барба, ал жак коркунучтуу”, “ага тийбе, сындырасың”, “ыйлаба, эркек бала ыйлабайт, коркпойт” жана башка деп тыя берет. Баланын оюн уга билбейт, айттырышпайт. Ошондуктан балдарда сыртка чыгара албай калган эмоциялар топтолот. Анан бала коркунучтуу видеоролик көргөндө эмоцияларын чыгарып жеңилдеп калат. Андыктан балдарды чектен ашык тыйбай, оюн уга билүү зарыл.

“Түрү суук желмогуздун жеңилгенин көргүсү келет”

– Видеороликти көргөндөгү саспенстин таасиринен балага монстрдун жеңилгени тартылган видеороликти табуу керек болот. Ал кайсынысында экендигин билбейт. Ошого көп видеороликтерди көрүүгө аргасыз болот. Акыры көксөгөнүн таап көргөндө бала жеңилдеп калат. Монстрду өзү жеңгендей болуп ырахат алат.

Мисалы, “Хагги Вагги” менен “Сирена баштуу” тууралуу айрым видеороликтерде адамдарды кууп, аларды экиге бөлүп жегендери, кандардын чачыраганы, башка түрү суук каармандар менен урушкан жерлери бар. Бала көрүп корксо да кайра эле көрө берет. Анткени, жогоруда айткандай, түрү сууктун жеңилишин каалайт, күтөт, адреналин алат, эмоциясын чыгарат.

“Хагги Вагги”, “Сирена баштуу” аркылуу бала коркууну жеңет”

– Коркунучтуу оюнчуктардан балдар эмнеге коркпойт? “Хагги Вагги”, “Сирена баштуунун” оюнчуктарын карап көрсөк түстүү, анын үстүнө сатыкка чыккандардын көбү түктүү жумшак матадан жасалган. “Хагги Ваггинин” оозу ачылып күлүп тургандай. Колу-буту ойноок маймылдыкындай болуп узун. Мына ушулар балага коркууну жаратпайт, “Хагги Ваггини” боорукердей сездирет.

Оозунда катар-катар, узун арсайган тиштери балага бир аз сестенүүнү жаратышы мүмкүн. Бирок ал коркунучту берки сезимдер басып кетет.

“Сирена баштуунун” оюнчуктарынын көбү да түктүү жумшак түстүү матадан жасалып, балдарга анчалык коркунуч жаратпайт.

Бала видеороликтен көргөн коркунучтуу каармандардын оюнчугун колдоруна алганда аны башкара, уруша, ура алат. Ыргытат, колу-бутун байлайт. Кааласа боору ооруп кайра аны менен сүйлөшүп, жанына алып жатат. Бала видеороликте өзүн коркунучка камаган каармандын оюнчугун колуна алганда эле “андан эми коркпой калдым, мына кармап турам” деп эрдемсий түшөт. Аны башкарып, коркуусун жеңип, өзүн жеңүүчү катары сезип калат. Жеңүү сезиминен кийин алар тууралуу видеороликти көрүү кызыксыз болуп баштайт.

Андыктан ата-эне балага андай оюнчуктун кичинекейин болсо да алып бергени жакшы. Оюнчук аркылуу бала коркууну жеңет.

“Ата-энелер баласы менен чогуу көргөнү туура”

– Баланы канчалык “бул коркунучтуу” деп тыйган менен, жогоруда айтылып өткөн себептерден улам баары бир “Хагги Ваггини”, “Сирена баштууну” жашырынып, досунун чөнтөк телефонунан болсо да көрөт. Андыктан баланы тыйбай, кайра аны менен кошо көрүп, сюжет боюнча комментарий айтып турса эң туура болмокчу. Мисалы, балдарды кармап алганда “баланын кол-буту ооруду, бала кыйналды” деп, ал эми балдарды жегени жаткан жеринде “карачы таш боор неме экен, эми ата-энеси балдары жок ыйлайт” деп комментарий айтып турса бала түшүнүп, андай видеороликти көргүсү келбей баштайт.

“Оюнчук менен баланы коркутпагыла!”

– Оюнчукту бала өзү ойносо башка кеп. Бирок коркунучтуу оюнчуктарды кармап алып бурчтан чыга калып же бала бир нерсеге алаксып байкабай отурганда артынан келип бетине тосуп чочутууга болбойт. Бала катуу коркуп, коркуусу фобияга айланып, караңгыдан, жалгыз жатуудан корко баштайт. Түндө заара ушатып коюусу да мүмкүн. Балдардын неврозу жаралышы ыктымал.

“Балдарды, жаныбарларды өлтүргөн видеолорду көрсөтпөө керек”

– Чыныгы жашоодо жаныбарларды, адамдарды кыйнап уруп-сабаган, өлтүргөн, малды сойгон кадрлар камтылган тасмаларды, видеороликтерди жаш балдарга көрсөтпөө керек. Коркуп, фобия жаралат, психикасы бузула баштайт.

Ал эми “Хагги Вагги”, “Сирена баштуулар” тууралуу видеороликтерде кан төгүлүп, адамдарды жеп жатса да балдар ички туюмдары менен бул реалдуу жашоодо эмес, виртуалдуу дүйнөдө болуп жатканын сезишет. Андыктан коркуу сезими анчалык жогору болбойт. Психикасын бузуп жибербейт.

Бирок сезимтал, коркок балдарга коркунучтуу видеороликтерди, оюнчуктарды бербөө керек. Алардын психикасы бузулат.

Айтып кетчү нерсе, айрым психологдор "Хагги Вагги", “Сирена баштуу” балдардын психикасына терс таасир тийгизет дешет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан