БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЧОЛПОН-АТАДА ЖОЛУГУШТУ

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин президенттеринин 4-консультативдик жолугушуусу өттү.

20-июлда Кыргыз жерине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев учуп келип, Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен бейформал жолугушуу өткөрүштү. 3 президент кемеде Ысык-Көлдө сүзүп, кечкисин атайын маданий оюн-зоокко күбө болушту. Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов Чолпон-Атага 21-июлда келишти.

Жолугушууда Борбордук Азиядагы коопсуздук, суу ресурсунун мааниси, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу зарылдыгы, Ооганстандагы окуялар талкууланды. Жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Кыргызстан-Казакстан-Өзбекстандын президенттери “21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюшту. Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери бул келишимге кол коюшкан жок. Кийин, өз мамлекеттериндеги ички процедуралар аяктагандан соң, кол коюшары маалымдалды.

Келишим шарттарына ылайык, аталган 5 өлкө ортодогу талаштуу маселелерди диалог аркылуу гана чечүүгө тийиш. Келишимди 2022-2024-жылдары ишке ашыруу боюнча жол картасы да иштелип чыкты. Бул форматтагы кийинки жыйын 2023-жылы Дүйшөмбүдө өтмөкчү.

Айта кетсек, биринчи жыйын Нур-Султанда, экинчиси Ташкентте, үчүнчүсү Ашхабадда өткөн.

– Бул маанилүү документ чөлкөмүбүздөгү өлкөлөрдүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир этерине үмүт артам. Бул тарыхый учур жана келишим Борбор Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп-өнүгүүсүнө бекем негиз болуп берет деп ишенем,- деди Садыр Жапаров.

Жыйындын алкагында Арал деңизин сактоо эл аралык форумунун президенти – Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимин кабыл алышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан