КЫРГЫЗ ЖОЖдору ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГГЕ ЧЫГАБЫ?

18-июлда президент Садыр Жапаров өлкөнүн 5 жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал окуу жайлар: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 5 окуу жайга өзгөчө макам берүү билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, окуу жайларды дүйнөлүк рейтингге чыгарууга шарт түзөт дейт.

– Мындай аракет менен Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларды 5 жылдыкта дүйнө рейтингинде көрөбүз деген үмүттөбүз,- деди министр.

Ошондой эле бир катар жогорку окуу жайлар бириктирилет. Алмазбек Бейшеналиев ЖОЖдор бириккенде студенттер менен окутуучулардын саны кыскарбай турганын, алардын укуктары тебеленбесин кошумчалады. Административдик кызматкерлердин саны азайып, бөлүмдөр бириктирилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан