ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢАР МЕНЕН, БАЛДАР!

Репортаж

Ар жылы Жаңы жыл алдында “Супер-Инфо” гезити эстрада ырчылары менен биргеликте түрдүү кайрымдуулук акцияларын уюштуруп келет. Жолборс жылы баш багарда Бишкектеги Карылар үйүнө барган элек. Бул саам Беловодскидеги Психоневрологиялык балдар интернатына жылдыздар менен бирге жаңы жылдык маанай тартуулоого аттандык.

БАЛДАР ЫРЧЫЛАРДЫ СҮЙҮНҮП ТОСУП АЛЫШТЫ
Беловодскидеги Психоневрологиялык балдар интернат-үйүнүн директору Светлана Такырбашевага барарыбыз тууралуу маалымдаганбыз. Светлана айымдын кубанычы коюнуна батпай, “балдар үчүн деген демилгеңер эң сонун, чыдамсыздык менен күтүп алабыз” деп калган. Эстрада ырчылары Фархат Кеңешбек уулу, Аваз Акимов, Максат Бегалиев, Арсен, Кундуз Канатбек кызы, Омар, Ильяз Абдыразаков жана “колумдан келген жардамым ушул болсун” деп музыкалык аппаратурасын алып барган Руслан Нарынбаев менен биргеликте болжогон жерге жетип бардык. Балдар чыдамсыздык менен сүйүктүү ырчыларын күтүп отурушкан экен.
Биз кирип барганда балдар көздөрүн жалдырата, тарбиячы эжейлерин энелерин ээрчиген козулардай «мамалашып» чакырып, ызы-чуу болуп жатышыптыр. Сылтып баскан балакай «мама!» деп бутумдан кучактап калганда жүрөгүм дирилдеп, “эх, ушул перзент өз энесинин ким экенин билсе, баш бакканды “апалап” кучактабайт эле го?!” деп сыздап жибердим.

АЯЗ АТА – ОМАР, НЕБЕРЕСИ – КУНДУЗ
Кундуз Канатбек кызына Аяз кыздын ролун тапшырып, ал эми баарыбыз сүйгөн Аяз атанын ролунда жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчы Омар болду. Омар, азамат, өз милдетин мыкты аткарды. Мүмкүн, өзүнүн балалык кези эсине түшүп, ошол дүйнөгө убактылуу барганы болдубу же майып балдарды көргөндө жүрөгү эзилип, аз да болсо бактылуу көз ирмемдерди тартуулайын дедиби, айтор, Аяз атанын ролун биз күткөндөн да ашыкча аткарып берди.
Балдар “Аяз ата, Аяз кыз!” деп бир нече жолу кайталап чакырышканда Жаңы жылдын каармандары толтура таттуулар салынган куржуну менен кирип келишти. Ошондо балдардын күлмүңдөгөн көздөрүнөн жылуу нур төгүлүп турду. Омар “Кичине балаты үшүдү кышта, токойдон алып келдик, калтырбай тышка” деп ырдап баштаганда кол чаап коштоп, хорго айлантышты. Алардын арасында сүйлөй албаганы, ырдай албаганы, эмне болуп жатканын түшүнүп-түшүнбөгөнү да отурду...

БААРЫ БЕЛЕК АЛУУГА АШЫГЫШТЫ
Аяз кыз – Кундуз Аяз атадан кем калган жок. Балдар ырдаган сайын чоң атасынын сыйкырдуу куржунунан таттуу белектерди алып чыгып таратып жатты. Бир сааттан ашык убакытка созулган майрамда түрдүү кызыктар болду. Фархат ырдай баштаганда эле бийлегиси келгендер өз каалоосу менен чыгып бийлеп, өздөрүн катардагы адамдардай көрсөтүштү. Чынында, ал жердеги ар бир бала дени сак эмес. Каармандарыбыздын көңүлүн көтөргүсү келген ырчылардын айрымдары балдардын жүзүн карап жылмайып, артты карап көзүнө жаш алып жатышты.
Балдар Аяз атаны небереси менен такыр коё бербей, кыйылып турушту. Анда Омар: “Балдарым, баарыңар таланттуу турбайсыңарбы! Биз силерге дагы келебиз. Азыр бизди башка жакта да кичинекей балдар чыдамсыздык менен күтүп жатышат”,- деп кол булгалап коштошуп кете берди.

ТАЛАНТТУУЛАР ЧЕТТЕН ЧЫГАТ
Беловодскидеги Психоневрологиялык балдар интернат-үйүндө учурда 259 бала бар. Алар 4 жаштан 18 жашка чейинки курактагылар. «Жетимди турмуш жетелейт» дегендей, бул балдарды турмуш өзү тарбиялап кетет окшобойбу. Себеби бул жерде таланттуулары да четтен чыгат. Алар сүрөт тартуу, кийим-кечек тигүү, ыр-бий ийримдерине катышышат.

УЗ КЫЗ ЖЫЛДЫЗ
Жылдыз 15 жашта. Кичине кезинде ата-энеси жол кырсыгына кабылып каза болуп, жалгыз калган. Таш боор тагдыр бул кыздын ата-энесин гана албастан, акыл-эс өнүгүүсүн да начар кылып койгон. Талантына сөз жок. Кийим тигип, түрдүү буюмдарды жасай аларын айтты. Жарашыктуу бийлегенине да күбө болдук.

АЙТМАТОВДУН ПОРТРЕТИН ТАРТЫП ТААНЫЛГЫСЫ КЕЛГЕН АРТЁМ
Артём болсо 13 жашта. Ата-энеси майып болуп төрөлгөндө баш тартып коюшкан. Өспүрүм муну кайдан билсин. “Жаңы жылда Аяз атадан эмнени сурайсың?”- дегенибизде: “Ата-энемди сурайт элем. Аларды көргүм келет”,- дейт. “Келечекте ким болгуң келет?”- десек: “Мыкты сүрөтчү болгум келет. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портретин тартам”,- деп жооп берип таң калтырды. Айтматов ким экенин билген баладан болочокто көптү күтүүгө болот го деген терең ишенимдебиз.

АЯЗ АТАДАН ДЕН СООЛУК СУРАГАН САДЫРБЕК
13 жаштагы Садырбектин апасы учурда Жалал-Абадда мугалим болуп иштейт. “Атабыз бизди таштап кеткен”,- дейт ал. “Апасы коляскада отурган баласын кароого шарты жок болгон үчүн бул жерге калтырган”,- дейт интернаттын директору. Бирок ай сайын келип, абалын сурап турат. “Аяз атадан эмне сурайсың?” деген сурообузга: “Мага ден соолуктан башка эч нерсенин кереги жок. Бутум басып, катардагы балдардай эшикке чыгып топ кубалап ойногум келет”,- деген жообун укканда жүрөгүң сыздап, сыйкырчыга айланып, ушул мөлтүрөгөн баланын каалоосун аткаргың келип кетет.

СӨЗ СОҢУНДА
«Менин жүрөгүм балага!» деген ураан менен иштеген бул жердеги тарбиячылардын ар бирине Даңк медалын бериш керек. Аз алган маянасына көз жумуп, алты саны соо эмес балдарды тарбиялап, энесинин ордуна эне мээримин берип жатышат. Балдарды карап, “бул дүйнөгө жаралган ар бир пенденин дени сак, мүчөсү толук жаралса!” деп жан дүйнөң кыйналат. Эгер Аяз ата бар болсо, мына дал ушул нерсени сурамакпыз. Балдардын ар бири менен маектешип, маңдайга жазган жазмышына моюн сунуп мөгдүрөбөй, бактылуу келечектен үмүт үзбөй, “максатыма жетем” деген терең ишеним менен айткан сөзүн угуп, “Кудай тилегиңди берсин” деп кайттык.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфодон" балдарга жаңы жылдык белек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Akjol
2010-12-24 19:13:18
Азаматсыздар Супер Инфо ! Бакуляга да иштерине ийгилик каалайм!
0
aku
2010-12-24 20:07:45
Super Info suppersiner.Ushundai ishterdi jasagan uchun dagy silerdin okurmanynar koboup atsa kerek.
0
smile
2010-12-27 11:04:03
Molodtsi< ya toje zanimayus volontyorstvom, RESPECT VAM!!!
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан