НУРЕЛ СУЛТАНОВ, ДИДЖЕЙ: “ЖУБАЙЫМ МЕНЕН КЕҢЕШҮҮГӨ КӨНДҮМ”

Бул апта “Жан шерик” рубрикабызда диджей, тамада Нурел Султанов жана жубайы Ибарат Зарылбек кызы конокто болду. Бири-бирине жарашып турган таттуу түгөйлөр менен сүйүү, бала тарбиясы, чакан мамлекети тууралуу маектештик.

– Саламатсыздарбы? Кош келипсиздер, жайдын аптаптуу күндөрүн кантип өткөрүп жатасыздар?

Нурел: – Жубайым балдар менен жайлоодо болчу. Кечээ келди, эки балабыз чоң апасы менен жайлоодо. Биз эртең чогуу кайра жайлоого кетебиз.

– Жакшы эс алуу каалайбыз. Анда кеп башынан болсун. Кантип таанышып, табышып калдыңыздар эле?

Н.: – 2016-жылы социалдык тармактан таанышканбыз. Мен Ибаратка Жаңы жылдын алдында жазып телефон номерин алыптырмын. Анан убакыт өткөндөн кийин бул мага “номеримди алгандан кийин чалбайсыңбы, болбосо эмне алдың” дегенсип жазыптыр. Бул кандай неме деп телефон чалып, ошону менен сүйлөшүп калдык. 2-3 айдай жолуга албай жүрдүк. Ал кезде Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында ижарага велосипеддерди берип иштечүмүн. Мен күндө эле кечинде ошол жерде жумуштамын да, Ибаратты ошол жакка жолугушууга чакырдым. Менин ал жакта иштээримди билчү эмес. Алгачкы ирет ошентип жолукканбыз.

Ибарат: – Велосипед тээп кет деп чакырган да.

– Диджейликти жаштайыңыздан баштадыңыз да, сизге арзуусун билдирип жүргөн кыздар деле көп болду болуш керек?

Н.: – Мен 9-класстан тартып Таласта жергиликтүү радиодо иштеп баштагам. Кийин Бишкекке келип “Кыргызстан обондорунда” иштедим. Андан бери “Миң кыял” радиосунда иштеп келе жатам. Азыр эсептеп көрсөм радио тармагында иштегениме 14 жыл болуптур. Ибарат менен таанышкан учурда “Кыргызстан обондорунда” иштечүмүн. Социалдык тармактардан жазган кыздар, тандоого варианттар көп эле болчу. Ибарат өзүмө өмүрлүк жар издеп жүргөн маалда жолугуп калды. Тың, билимдүү кыз экен. Бат эле баарын иликтей койдум. Эң башкысы балаңа эне изде дейт го. Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатабыз.

– Сиз Нурелдин диджей экенин билчү белеңиз?

И.: – Ал учурда радио деле укчу эмесмин. Инстаграмдагы сүрөттөрүнөн улам ошондой радио бар экенин билгем.

Н.: – Экөөбүздө бардык нерсе бат болду. Көпкө чейин кыз-жигит болуп жүргөн жокпуз, апрель айында жолугуштук, июлда ата-энелерибизди тааныштырып, сентябрда баш коштук. Мен үйлөнөм дегенде жакындарым нес болушкан. Апама барып үйлөнөм десем, “тегерек четти оңдоп-түзөш керек дегендей, бир аз коё турасың го” деп айтты да, бир аздан кийин кайра “туура, үйлөнүшүң керек” деди.

– Тез аранын ичинде чечкиндүү кадамга барганыңызга караганда өзүңүздүн адамыңызды тапканыңызга ишенимдүү болгон экенсиз да?

Н.: – “Жигит сүйсө алат” деген ошол экен. Биринчи жолукканда эле жылдызыбыз келишкен. Сүйлөшүп отуруп борбордук аянттан Жоомарт Бөкөнбав-Манас көчөлөрүнүн кесилишине чейин жөө келе бериптирбиз, байкабай калыптырмын. Бул сен мени ээрчип келгенсиң деп айтып калат.

И.: – Ооба, ээрчип эле келгенсиң (күлүп). Такси менен кетем десем, “жок, сени менен басам” деп мени ээрчип жөнөгөн.

Н.: – Ал жерде менин чоң ата-чоң энем жашайт да, мен ошолордун үйүнө келгем. Сен кеткенден кийин ошол жакка кирип кеткем (күлүп).

– Нурел мырзанын тез эле баш кошолу дегенин сиз кандай кабыл алдыңыз эле?

И.: – Биринчи жолугушуудан кийин эле Нурел мага “эми мага жолугушууга качан келип кетесиң?” деп жазып жатпайбы. “Бул кандай “наглый” бала” деп калгам. Бирок жолугушууга жакшы эле чакырды, жолуктум. Кыздар жигиттерди эмне кылар экен деп сынап турабыз го. Нурелдин чечкиндүү экенин, айта электе эле өзү билип баарын жасап койгонун, иштерман экенин байкадым. Ушул сапаттары жагып калды. Бул жигит менен сүйлөшсөм болот экен деген ойдо калгам. Мен ага чейин Дубайга иштеп келейин деп документ даярдап, кетүүгө камынып жүргөм. Бир күнү эле "ата-энелерибизди тааныштырып коёлу" деп калды. Ата-энебизди тааныштырып коюп кыз-жигит болуп сүйлөшүп турабыз деп ойлогом. Бул болсо кыялымды четке кагып эле үйлөнөбүз деп чечим чыгарып салып жатпайбы. Мен жокто эле 1-октябрга үйлөнүү тойдун күнүн белгилеп салышыптыр. Ошентип макул деп турмушка чыгып кеттим, көзүмдү ачсам эле бир баланы кучактап үйдө отуруп калыптырмын (күлүп). Негизи өзүм турмушка шашпай чыгам, эл-жер көрүп чет жакка саякаттап иштеп келем дечүмүн. Курбуларым “Ибарат күйөөгө баарыбыздан кийин тиет” дей беришчү да. Тойго чакырсам көпкө чейин ишенбей жүрүштү.

– Канча баланын ата-энеси болуп калдыңыздар?

Н.: – Учурда 3 баланы тарбиялап жатабыз. Улуу кызымдын аты Айдатка, уулумдун аты Барсбек, кичүү кызымдын аты Аруунай. Жалпы 5 балалуу болсок деген тилек бар. Көп бир тууган болгон жакшы го. Мен өзүм 3 бир тууганмын, келинчегим 6 бир тууган, аябай ынтымактуу. Кайнилерим жезде деп эле турушат. Жумуш болуп калганда келе калып бир заматта бүтүрүп коюшат.

– Үй-бүлөнүн жоопкерчилигин моюнга алдым деп ойлойсузбу?

Н.: – Негизи бейчеки баспайм. Бирок үйлөнгөндөн кийин аябай токтолуп, үй-бүлөнү биринчи орунга койдум. Үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбаганга аракет кылам. Биринчи кызым төрөлгөндө мен деле бала экенмин. Эч нерсени сезе албаптырмын, ата болуп калдымбы деп ишене албай кызыктай болуп жүргөм. Анда төрөт үйүнөн жөн эле барып чыгарып кеткенбиз. Экинчи уулум төрөлгөндө даярданып шаан-шөкөт менен чыгарганбыз да, аяштарым “кызыңда эмнеге мындай кылган эмессиң?” дей беришет. Чынында мен кыз-уул деп деле бөлбөйм, болгону кызым төрөлгөндө жаш экенмин, ойго деле эч нерсе келбептир.

– Үйдө жазылбаган кандай мыйзамдар бар?

Н.: – Үйдө бири-бирибиздин буюмдарыбызга тиймей жок. Ибарат табиятынан ушундай. Азыр баарын көндүрүп койгон. Ар ким өзүнүкүн колдонушу керек. Эгер эле ордунан жылып кетсе үйдө ызы-чуу болуп кетет. Азыр буга баары көнүп калышкан. Уруксат жок телефонубузга дагы тиймей жок.

И.: – Балдарым дагы ошого көнгөн. Буюмдарын башкаларга бербеш керек, үйгө келип калып бирөө шлёпканы сыртка кийип чыкса дагы тийбе деп ызылдап башташат.

– Кызганыч же түшүнбөстүктөн, пикир келишпей калган учурлардан кантип өтүп кетесиздер?

Н.: – Кызганыч, түшүнбөстүк башта болчу. Мен эркин өскөм, бир нерсе болсо чечимди өзүм кабыл алып койчумун. Анан Ибараттын дагы ал нерсеге өз ою болуп калчу да. Анан бара-бара кеңешүүгө көндүм.

И.: – Жаңы баш кошкондо баарында эле түшүнбөстүктөр болот да. Мен кызганып калчумун. Телефонун карап, кыздар сага жазса жаза берсин, бирок эч качан өзүң аларга жазбашың керек дегем. Азыр болсо бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүп калдык. Бирибиздин үнүбүз жогорулап бара жатса экинчибиз унчукпай коёбуз. Үй-бүлөдө эң негизгиси түшүнүшүү, ишеним керек экен.

– Маегиңиздерге рахмат. Бактыңыздар бөксөрбөсүн.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан