СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол: Кыздар курама командасы эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы Борбор Азия мамлекеттеринин футбол ассоциацияларынын CAFA Women`s Championship турниринде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Өзбекстандын курама командасы, 2-орунду Ирандын курама командасы ээледи. Ал эми Кыргыз курама командасы Тажикстанды 1:0 эсебинде жеңип, 3-орунга татыды.

4-орунду Түркмөнстан, 5-орунду Тажикстан алды.

Мирлан Мурзаев карьерасын Өзбекстанда улантат

Футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев Өзбекстандын “Навбахор” командасына өттү. “Навбахор” азыр Өзбекстандын Суперлигасында биринчи орунда бара жаткан команда. Мурзаев буга чейин Индиянын “Ченнайн” клубунда ийгиликтүү оюн көрсөтүп келген.

Улуттук курамдын оюнчусу Одилжон Абдрахмановдун дагы Казакстандын “Мактараала” клубуна өткөнү маалым болду. Абдрахманов буга чеийн Өзбекстандын “Бунёдкор” клубунда ойноп келген.

Кыргыз дзюдочулары эки медаль тагынды

Кыргызстандык дзюдочулар 15-22-июль күндөрү Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда бир алтын жана бир коло медалга ээ болушту.

Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү 90 килограмм салмак чениндеги Эмирхан Жолдошказиев алтын медаль, ал эми 73 килограмм салмак чениндеги Нурмухаммед Бакирдинов коло байгеге ээ болду.

Ошондой эле чемпиондуктун алкагында Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын медаль менен сыйланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан