«КЫЗГАН МЕНИ, БИРОК БИЛДИРБЕ...»

Сүйүү. Анын артында сөзсүз кызганыч бар.
А бирок бул нерсе кээде ашыкча болуп мээни ээлеп алат да, адам эмоцияны башкара албай, аягында эки адамдын ортосуна жарака кетириши мүмкүн. Андыктан кызгануунун да чегин билишибиз керек. Төмөндө ушул нерселерди саптарга, кайрыктарга каткан “Кызган мени” ырынын тарыхына кайрылдык.

Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Ырдын тексти менен обону шайкеш келип, мыкты чыгарма жаралган”

– «Кызган мени» ырынын сөзү төкмө акын, обончу, казактын кызы, жеңебиз маркум Майра Керим кызыныкы. Анын шакирти Жазгүл Жумаканова деген биздин обончубуз бар, учурда жакшы обондорду жазып иштеп жүргөн убагы, обону ошого таандык. Майра Керим кызы бул ырын ооруп жүргөн убакта жазгандыктан обонун Жазгүл жараткан. Ырдын тексти менен обону шайкеш келип, мыкты чыгарма жаралган.

Ал эми тексттин жаралуу тарыхына келсек, менин угушум боюнча, Майра Керим кызынын курбусунун күйөөсү аябай кызганчаак экен, “неберелүү болуп калсак деле бул адаты калбады, кандай кылсам?” деп курбусу дайым эле таарынып келип калчу тура. Аны уккан Майра жеңебиз зээни кейип, ушул ырдын сөзүн жазыптыр. Бул ырда укмуш сөздөр айтылган, “кызган мени, бирок билдирбе, эгер кызгансаң, мени менен бир жүрбө, башкалар карап турат, мага аларды күлдүрбө” деген сыяктуу маанилер бар. Албетте, сүйүү бар жерде кызганыч болуп турат, бирок ашыкча кызганычтын айынан бир мүнөттө турмуштун билиги өчүп калышы мүмкүн. Мына ушундай турмуштагы көйгөйдү, ашыкча кызгануунун зыянын жазган.

“Бул ырдын тарыхында жашаганыма бактылуумун”

– “Кызган мени” ырын ырдаганыма 10 жылдын жүзү болуп калды. Бул ыр мага да көп ийгиликтерди алып келди, 2-3 жыл катары менен “Жылдын мыкты ыры” болду. Демек, ар бир адамдын, ар бир аялзатынын, ар бир мырзанын жүрөгүндө жашап жаткан ыр деп ойлойм. Ушул ырдын тарыхында мен да жашап калганым үчүн бактылуумун. “Кызган мени” ыры эч качан популярдуулугун жоготкон жок, кээ бир жакшылыктарга атайын ушул “Кызган мени” ыры үчүн чакырышат. Бул кылым жашай турган ыр деп ойлойм. Гүлдүн жанында тикенек өскөндөй эле, кызгануу сезими сүйүү менен кошо түбөлүк жашай берет. Канча айымдардан, мырзалардан угуп калам “ушул “Кызган мени” ырынын артынан жараштык, ушул ырды бири-бирибизге коюп коёбуз” деп. Андыктан сүйүү көп болсун, кызганыч сезими аз болсун, сүйүшкөндөр бактылуу болушсун.

Жазгүл Жумаканова, обончу: “Ушул ыр аркылуу обончу атка кондум”

– Майра Керим кызынын китебин карап отуруп “Кызган мени” деген ырдын сөзү жагып калып, обон жараткам. Ошол кезде Майра Керим кызы жанагы илдет менен ооруп турган кези болчу, үйүнө барып комуз менен ырдап бергем. Эже угуп абдан сүйүнүп, батасын берип жакшы кабыл алган эле. Бул ырды эң биринчи ошол 2008-жылы аранжировка жасатып Нарын шаарында музыкалык драма театрында Жылдыз Абдыгазиева деген ырчы, актриса, менин курбум ырдап чыккан. Жылдыз ырдагандан кийин Алтынай Нарбаева эжекебиз менден уруксат сурап ырдаган. Андан кийин Алтынай эже менен Самара Каримова экөө дуэт ырдап, клип да тарттырышты.

Ушул ырдын тарыхы боюнча “жолдошуңуз Мунарбек байкени кызганып анан чыгардыңыз беле?” деп сурап калышат. Сүйүү болгон жерде кызганыч болот, албетте, бирок мен жолдошумду кызганып анан чыгарган эмесмин. Сөздөрүн бир аз өзгөрткөм, китепте башкачараак болчу. Кийин ушул Алтынай Нарбаева эжекебиздин аткаруусунда 2-3 жыл катары менен “Жылдын мыкты ыры” наамына ээ болду. Күйөрмандарды топтоду, көпчүлүккө белгилүү болду. Анан бул ырдын угармандары авторго кызыгып, мен экенимди билгендер “ай-ий, бул ыр сеники беле?” деп отуруп, эл арасында ушул ыр аркылуу обончу атка кондум. Жылдыз Абдыгазиева, Алтынай Нарбаева эжекеге, Самара Каримовага рахмат айтам. Бул ырды Айгерим Бакибаева деген кыз дагы ырдап жүрөт.

Көп ырчылар ушул ырды ырдайын деп сурашат. Албетте, ыр бир эле ырчыга жаралган эмес да, көп ырчылар ырдап элдик болуп кеткени обончунун эң жакшы жетишкендиги деп ойлойм. Сурагандарга ырдай бергиле деп уруксат берем.

“Майра эженин эки ырына обон жараткам”

– Мурда Кыргыз Эл артисти Табылды Актанов агайыбыз жетектеген “Манас руху” театры бар болчу Нарында, ошол жакта 1996-жылдан бери иштегем. Ошол убакта, 2000-жылдары Көл өрөөнүнө биздин “Манас руху” театры гастролдоп барган. Майра эже менен ошондо таанышып, эжени биринчи жолу ошондо көргөм. Ак-Сай айылына Канат байке менен Майра эженин үйүнө конок болуп да барганбыз. Майра эже башкача акылман, даанышман эле. Сүйлөгөндө да, адамга кеңеш бергенде да өзгөчө эле. Чыгармачылыгында болобу, жашоосунда болобу, өзгөчө мүнөзү бар болчу, бетке айткан, шар жүргөн адам эле. Чыгармачылыгында да терең маанидеги ырларды жазып, аларга жарашыктуу обон жаратып кетти. Эженин бир эмес, эки ырына обон жараткам. Экинчиси “Агатай деп койсом” деген чыгарма, аны Фарида Имашова деген кызыбыз ырдап жүрөт. Алдыда дагы ырларына обон жазам деп даярдап койгом, буюрса, жазып элге чыгарам деп жүрөм.

Канат Байышов, Майра Керим кызынын жолдошу: “Бул ырдын жаралышына менин кызганычым себеп болгон”

– Бул ырдын түпкү мааниси менин кызганычымдан жаралган. Бул окуя 90 канчанчы жылдары экени эсимден чыгып калды... Караколдогу «Жыргалаң» курортунда бирөөлөр той берип, ошого барганбыз. Жакшы эле отурганбыз, анан экинчи антрактта менин кемпиримди бирөө “уруксатпы?” деп тартып кетип бийлеп эле, өзүнчө күлгөнүнөн “бул эмнеге минтет?” деп менин кичине ичим тарып кетти. Көрсө, ал жигит мени тааныбайт экен. Бир музыка бүткөндөн кийин “сенин менин аялымды тартып кеткенге кандай акың бар?” деп эшикке жекеге чакырып, жинденген элем. Ал жигит “кечирип кой, күйөөсү жок экен деп ойлопмун, билген жокмун” десе, мен “эмне, күйөөсү жокторго тийише бересиңби?!” деп кадимкидей уруша кеткен элем, бирок мушташкан эмеспиз. Анан ошондо көргөн да Майра. Кийин бир күнү эле Майра “мен ыр жаздым эле” дейт. “Эмне ыр?” десем, “баягы “Жыргалаңдагы” сенин кызаңдап кызганганыңды жазып койдум” деп, ошондо ушул “Кызган мени” ырын окуп берген эле. Бул эми жаш кез да.

“Турган жеринен ыр чыгара койчу”

– Көп учурда той-топурга мен барбай, “өзүң эле барып келчи” деп, көңүлүм каалаган жерге эле барчумун. Ал “мен эмне жесир катындай эле жалгыз бара беремби?” деп калчу. Кийин жанагы мен урушкан кишилер менен жакшы мамиледе болуп калдык.

Майранын турган жерден ыр чыгара койгон, бетке айткан мүнөзү бар эле. Бир жолу дагы бир жигит аялы менен келип, учурашканда Майранын алаканын кытыгылай койгонбу, Майра дароо ручка менен салфеткага эки куплет ыр жазып туруп, аялынын колуна карматып коюптур. Ошондон кийин ал жигит Майранын колун кармамак турсун, алыстан учураша турган болду. Ушундай бир кылыктары бар эле. Каракол университетинин филология факультетин бүтүрбөдүбү. Калык деген агайы жаңы келгенде Майраны тааныбайт да. Бир күнү сабакка кечигип кирип калса, “отур, “2” деп коюптур. Тыныгууга чыкканда “Калык агай, Калык агай, сурансам болбодуң, шабашкадан салып келип, бул “экини” жоёмун” деген сыяктуу ыр жазган экен.

«Кызган мени»

Сөзү: Майра Керим кызыныкы

Обону: Жазгүл Жумаканованыкы

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.

Көңүл жиби – тыт көпөлөк тарткан жип,

Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.

Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,

Акылыңдан адашасың бир күндө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.

Эмне болуп кетер экен дегендер,

Карап турат, мага аларды күлдүрбө.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан