ЖАШТЫКТЫН СИМВОЛУ – КУЛПУНАЙ

Биз сүйүп жеген кулпунай байыркы доордо эле белгилүү болуп, десерт катары колдонулганы жазма булактарда маалымдалат. Биринчи жолу 15-кылымда мөмө Францияда активдүү өстүрүлүп, ал жактан бүт Европага тараган. Курамындагы витамин, минералдык заттардын көптүгүнөн эң пайдалуу азык катары саналып, ашканада кеңири колдонулуп келет.

Арыктоо үчүн натыйжалуу азык

  • Кулпунайдын курамында калий менен магний көп болгондуктан жүрөктүн иштешин жакшыртып, кан басымды жөнгө салууга мыкты таасир этет.
  • С витамининин көптүгүнөн эрте картаюунун алдын алууга жардамчы. Майда бырыш менен күрөшүүгө жардам берип, терини витамин, микроэлементтер менен каныктырып, жумшартат. 200 грамм кулпунай С витаминин бир күндүк нормасын толтура алат. Ошондой эле калориясы аз болуп, 87 пайызы суудан тургандыктан арыктоо үчүн натыйжалуу азык, салмак таштоо үчүн кармалган диетада көп сунушталат. Жаштыктын, сулуулуктун символу деп айтылып жүргөнү да бекеринен эмес.
  • Тамак-аштын сиңишин жакшыртып, ич катуу менен күрөшүүгө жардамчы.
  • Заара кубалоочу касиети болгондуктан бөйрөк оорулары менен күрөшүүдө таасирин тийгизет.
  • Иммунитетти көтөрүп, аз кандуулуктун алдын алат.
  • Нерв системинин иштешине таасир этип, уйкусуздук, чарчоо сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшөт.

Күчтүү аллерген

Кулпунайдын бир гана терс жагы – күчтүү аллерген болгондугу, аллергияга жакын адамдар колдонууда этият болушу зарыл. Ошондой эле ашказан, ичегиде жара болсо жаңы үзүлгөн азык аны күчөтүп жибериши мүмкүн. Андай адамдар дарыгеринен кеңеш алып, же бышырылган, кайнатылган түрүндө аз-аздан колдонгону жакшы. Күчтүү аллерген болгондуктан кош бойлуу аялдар жана балдар аз өлчөмдө жеши керек.

Мөмөдөн максималдуу пайда алуу үчүн аны сүт азыктары менен кошуп колдонуу сунушталат, алар кулпунайдын даамын, пайдалуулугун арттырат.

87 пайызы суудан турат

100 грамм азыкта:

41 килокалория

Белок – 0,8 грамм

Углевод – 7,5 грамм

Кант – 7,5 грамм

Калий – 161 миллиграмм

Кальций – 40 миллиграмм

Магний – 18 миллиграмм

Натрий – 18 миллиграмм

Темир – 1,2 миллиграмм

С витамини – 60 миллиграмм

В9 витамини – 20 микрограмм

Лимон кошулган кулпунай кыямы

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 1 килограмм

Лимон – 1 даана

Кумшекер – 700 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунайды тазалап, дуршлагда кылдаттык менен жууп, суусун сарыктырып алуу керек. Үстүнө кумшекерди салып 5-8 саатка ширеси чыкканча күтө турабыз.

2. Лимондун кабыгын сүргүчтөн кырып алабыз, ак кабыгы кошулбашы зарыл. Ал эми ширесин болушунча сыгып чыгарабыз.

3. Кулпунайды орточо отко коюп, кайнап чыкканда лимон кырындысы менен ширесин кошобуз да, 10 мүнөт кайнатабыз.

4. Жуулуп, бууланган банкага ысык кезинде куюп, оозун бекитип көмкөрүп жылуу жаап коёбуз.

Бат даярдалуучу бамуздак

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 300 грамм

Кам каймак 33% (сливки) – 500 грамм

Коюулатылган сүт (сгущёнка) – 200 грамм

Ванилин – жарым чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Тазаланган кулпунайды жууп, суусун сарыктырып блендер менен эзебиз. Кулпунайды алдын ала тоңдургучка салып бир аз тоңдуруп алуу ыңгайлуу.

2. Муздаткычта турган кам каймакты миксер менен 3 мүнөттөй аралаштырып, коюулатылган сүттү, ванилинди кошуп коюуланганча чалабыз.

3. Кулпунай эзилмесин кошуп кашык менен аралаштырабыз да, контейнерге куюп капкагын жаап тоңдургучка 4-5 саатка салып коёбуз. Балмуздак даяр!

Кургатылган кулпунай

Кулпунай минералдык заттардын булагы болгондуктан авитаминоз менен күрөшүүдө жакшы жардамын тийгизет. Бул оору көпчүлүк учурда кыш-жаз мезгилинде организмге витамин, минералдардын жетишсиздигинен келип чыгат эмеспи. Кулпунайды кургатып алып, кыш-жаз мезгилинде анын өзүн жеп, же шире кайнатып, үстүнө кайнак суу куюп, бал кошуп ичип организмди витамин менен камсыздап турууга болот.

1 килограмм кулпунайдан 250-300 грамм кургатылган азыкты алууга болот.

Даярдоо ыкмасы:

Тандап алынган дың кулпунайды жууп, тазалап, суусун сарыктырабыз да, узатасынан ичке бөлүктөргө бөлөбүз. Электр табасына төшөлгөн пергамент кагазына бири-бирине тийгизбестен тизип чыгабыз. Электр мешин 60 градуска коюп, табаны салабыз да, эшигин бир аз ачып 4-5 саатка коёбуз. Кургап кагырап чыккан мөмөнү айнек банкаларга салып көлөкө жерде сактайбыз. Эгер атайын электр кургаткычыңыз болсо ошону колдонуу ыңгайлуу.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан