Аргасыз миллионер – МАКОЛЕЙ КАЛКИН

Анын 6 жашында агенти, 9 жашында жеке адвокаты, 17 жашында колуктусу болгон. А 11 жашында "Гиннес рекорддор китебине" кирген. Мунун баары Жаңы жылда ар бир үйгө кирип оюн салган шок бала Маколей Калкинге тиешелүү. Анын жашоосу, карьерасынын кыйрашы, достугу жана башкалар назарыңызда.

МАКОЛЕЙ КАРСОН КАЛКИН
Туулган жылы – 1980-жыл, 26-август
Туулган жери – АКШ, Нью-Йорк шаары
Алгачкы тартылган тасмасы – "Бак байке" (1987-жыл)
Акыркы тартылган тасмасы – "Эртең мененки секс" (2007-жыл)
Учурда – Мила Кунис аттуу актриса менен жарандык никеде жашайт

"БАЛА БОЛДУМ БЕЛЕ? ЭСИМДЕ ЖОК!"
Искусство курмандыкты талап кылса, кино искусствосу Маколейдин алтын балалыгын тартып алган. Маколей интервьюларынын биринде "бала болуп ойногонум эсимде жок. Атама бала эмес, акча табуучу робот болгом" деп эскергени бар.
Маколейдин атасы Кит Калкин актёр болсо, апасы Патрисия Брентрап байланыш түйүнүндө иштечү. Талантты эч кайда беките албайсың. Маколейдин актёрлук жөндөмдүүлүгүн кичинесинен байкагандардын кеңеши менен ата-энеси төрт жашында балдар театралдык студиясына алпарышат. Делдең кулак, шок көздүү Маколей жетекчилерге жагып, сынагы жок эле алып калышат. 8 жашында атактуу Жорж Баланчиндин балеттик студиясына кирип, бий өнөрүн үйрөнөт. Телевизор үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө айланган заманда телероликтерге чыгып жүргөн Маколей тез эле көзгө түшүп, "Бак байке" аттуу тасмага тартылууга чакырылат. Бактыга жараша съёмка учурунда аны режиссёр Жон Хужес көрүп калып, көптөн бери пландап жүргөн “Үйдө жалгыз” тасмасына чакырат. Эпизоддон ашыкча аткарып, актёрлук жөндөмү менен таң калтырып, режиссёр ойлогон Кевинден да шок образды түзө алат.
Аталган комедия 1990-жылы көгүлтүр экранга чыгары менен тасма жаратуучуларга 500 миллион доллар киреше менен атак-даңк алып келди. Кичинекей актёрдун жылдызы жанганын мындан билиңиз, ал катышкан театралдык спектаклдин билеттери тез арада сатылып кетип жатты. "Үйдө жалгыз" фильми үчүн Маколей 100 миң доллар гонорар алган. Өп-чап турмушта жашаган ата-эне үчүн бул эбегейсиз байлык эле. Атасы Кит Калкин ошол эле жылы өзүн "Маколейдин агентимин" деп жарыялап алды. "Башында киного тартылуу мага жакса, кийин кыйналып кеттим. Элдин көзүндө болуудан тажап, мектепке баргым келип, башка балдардай эркин болгум келчү. Бирок аны эч ким ойлободу",- дейт Маколей.
"Үйдө жалгыз 2" тасмасы үчүн 5 миллион доллар, "Бай Риччи" тасмасы үчүн 8 миллион доллар гонорар алган Маколей "Эң көп акча тапкан жаш актёр" деп аталып, "Гиннес рекорддор китебине" катталган.

"МЕН БААРЫНАН ЧАРЧАДЫМ"
Наристеге мынчалык даңк оордук кыларын убагында эч ким ойлободу. Репортёрлордун, режиссёрлордун, өзүнө кызыккан элдин тыткынында калганы менен да эч кимдин иши болгон жок. Күлмүңдөгөн, энергиясы ашып-ташкан Мактын өңү купкуу, мүнөзү түнт боло баштаганын байкаса да, атасы байкамаксан эле. Ага уулунун келечеги эмес, капчыкка түшө турган акчалар маанилүү болчу. Маколейди салтанатка чакыруу, ага торт кестирүү байлардын балдарынын оюн-зоогуна айланды. Алтургай президент Билл Клинтон да өзүнүн инаугурациясында Маколейди сый коноктордун арасына кошкон.
Кит Калкин уулуна сунуш кылынган сценарийлерди окубай туруп макул боло бергендиктен, Маколей ролун түшүнбөй, жакшы аткара албай калды. Бул анын таланты жоктугунан эмес, кайра-кайра тасмага тартыла берип чарчаганынан эле. Ага удаа эле "Эң начар аткаргандыгы үчүн", "Эң талантсыз актёр" деген сыйлыктар бериле баштады. Продюсерлер, режиссёрлор Кит Калкиндин ач көздүгүнөн чыдабай качышып, акыры Маколей кино чөйрөсүнөн акырындап сүрүлө баштады. Мунун дагы бир себеби – атасынын "Маколей менен кошо анын карындашы Куин жана иниси Кирень да роль аткарат" деген күлкүлүү талап коё баштаганынан эле. Башынан уулунун тасмага тартылышына каршы болгон апасы уулунун карьерасын талкалаганы үчүн атасы менен ажырашууну чечти. Кызыгы, экөө башка балдарын эмес, Маколейди талашып, дээрлик бир армия адвокат жалдашкан. Мына ушундай абалда өспүрүмдү түшүнүп, колдоо көрсөткөн адам болгон. Ал адам – Майкл Жексон эле.

ЭКИ БАКТЫСЫЗ
"Поп-падыша менен Маколейди эмне байланыштырган?" деген суроонун айланасында чыр-чатактар болуп келет. Маколейдин айтуусу боюнча, экөөнү бактысыз балалык, зордукчул аталардын кыйноосу жана чыгармачылык байланыштырган. "Ата-энем менин байлыгымды талашып жатканда Майкл өзүнүн үйүнө алып кеткен. Майклдын мамилесинен кийин гана жашоодо мен үчүн кам көргөн адам бар экенин түшүнгөм. А эл анын мээримдүүлүгүнөн да ыплас нерсе тапканга аракет кылышты",- дейт ал. Ал эми ошол жылдары ММКларда "Майкл Жексондун балдарынын атасы – Маколей Калкин. Жексондун уруктугу жарабай, досунун уруктугун алганга мажбур болгон" деген маалымат тараган. Жексон "өспүрүм балдарды зордоп, жыныстык катнашка барган. Анын ичинде Маколей да бар" деп айыпталып жатканда, Маколей мындайды четке кагып чыккан. Ал Жексондун 2 уулунун өкүл атасы болуп саналат жана анын балдарынан тез-тез кабар алып турат.

КАЙРА КАЙРЫЛУУ
Маколей көп жылдар бою эл көзүнөн алыс болгонго аракет кылды. Атасы анын актёрлук тагдырын кыйратканы менен, адамдык тагдырына тийише алган жок. 17 жашында өзүнүн кесиптеши, актриса Рэйчел Майнерге үйлөнүп, 2 жыл жашады. Маколей бул жылдары дүйнөлүк адабият, философияны окуп, көп жерлерди кыдырганга жетишти. Саякаттан кийин кайра искусствого кайрылды. Бирок киного эмес, театрга... Маколейдин фамилиясын көргөндөр кайрадан кызыгып, премьера аншлаг менен өттү. Ошол эле күнү Маколей атасынан "Сен ар дайым жеңишке жетишесиң. Атаң." деген куттуктоо алган. Көп жылдан бери атасынын андан биринчи жолу кабар алышы эле.
Маколей 2003-жылдан бери бир нече кинолорго тартылып, бирок чоң ийгилик жарата албай келет. Кантсе да биздин элесибиздеги балакай Кевиндин мындан кийинки турмушу ийгиликтүү болот деп ишенебиз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
gujunpo
2010-12-26 00:30:07
baikushtun balalygyna boorun ooruit!
0
pyeon hwa
2010-12-26 21:22:50
maga jagat baardyk kinosy! sonyn atkarat.
0
meerime
2010-12-27 02:06:56
Uido jalgyz kinonun bary bolumdoru jagat,jakshy arkargan;;;
0
Jazgulya
2010-12-27 02:48:40
Abdan talanttu akter, maga jagat. talanty tawkyndai bersin
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан