ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-7-августка чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Мурда түгөйүңүз макул болбой жүргөн маселеде өз ара түшүнүшүүгө жетишесиз. Бойдоктор саякатка чыгышы керек, аны менен бирге жаңы таанышуулар болот. Апта ортосунда романтикага, чыгармачылыкка умтулуу күчөйт. Жашооңузга ар түрдүүлүк кошуунун жолдорун табыңыз. Буга чейин жасабаган нерсени жасап көрүңүз. Апта аягында үй-бүлөлүк мамилелерде түгөйүңүз менен сырдашасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Материалдык маселелерди чечүүгө үйүңүздү оңдоо, жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу учур. Бойдоктор каржылык жактан үй-бүлөсүнөн көз каранды болуудан арылууга умтулушат. Баары аздан башталат, аракет кыла берсеңиз көксөгөн тилегиңизге жетесиз. Ысык аба ырайы курч сезгенүү ооруларын козгоп, сыркоолоп калышыңыз ыктымал, андыктан абайлаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жылдыздар айымдарга имиджин өзгөртүүнү сунушташат. Бул күндөрү сиз өзгөчө табитке ээ болосуз, андыктан чач жасалга, макияж же кийинүү стилиңиздеги ар кандай өзгөрүүлөр сизди ого бетер жагымдуу кылат. Бойдоктор сүйүү мамилесинде кызганыч сезимдерин сүйүктүүсүнө билдирбегени жакшы. Балалуу эгиздер алардын жүрүм-турумуна кошумча көңүл бурууну жана көзөмөлдү талап кылышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жалгыздыкка муктаждык күчөйт. Башыңыздан өткөн акыркы окуяларды сабырдуулук менен чечүү үчүн сизге тынч жай керек болот. Йога, медитация сыяктуу руханий көнүгүүлөр менен алектенсеңиз жан дүйнө тынчтыгы орун алат. Каржы булактарыңыз кеңейип, капчыгыңыз кампаят. Тиричилик буюмдарын сатып алсаңыз болот. Апта соңунда алыстан туугандар конокко келишет, бирок алардын айттырбай келгенине кубанбайсыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Саякаттоого жана достор менен баарлашууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Жан дүйнөңүз эркиндикти жана жаңы тажрыйбаларды талап кылат. Андыктан бир нерсе үйрөнүүдө өзүңүздү чектебеңиз. Саны бар, сапаты жок тааныштар менен байланышты үзүүгө ылайыктуу учур.Апта аягында унааңыз менен узак сапарга чыкпай туруңуз, жолдо кыйынчылыктарга дуушар болушуңуз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада бийкечтер өздөрүн детектив сезип, көңүл бурган табышмактуу маселелерди чечкиси келишет. Бирок табылган маалыматты бекем катып, баарына ачыктай бербегениңиз оң. Колдоо керек болсо жакындарыңызга кайрылсаңыз болот, алар жардамын аяшпайт. Аптада эч кимге карыз бербеңиз, кайтарып бериши күмөн. Унааңызды башка бирөөгө колдонууга уруксат бербеңиз, өкүнүп каласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өз алдынча билим алууңузду өркүндөтөсүз. Чет өлкөдө билим алгысы келген студенттер каалаган окуу жайына тапшыра алышат. Бойдоктордо буга чейин дос катары жүргөн адамга карата сүйүү сезими ойгонушу мүмкүн. Насыя алып тез арада бүтүрчү жумуштарыңызды бүтүрүп алсаңыз болот. Апта аягында ден соолугуңузга кам көрүп, гигиеналык эрежелерди сактаңыз, антпесе вирустук инфекциялар күч алышы мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада пландаштырылган хирургиялык операцияларды жасата берсеңиз болот, организм баарын жакшы көтөрөт. Чечкиндүү түрдө бир сунуштан баш тартып коюшуңуз мүмкүн, бирок чечим кабыл аларда кийин өкүнүп калбагандай болуңуз. Кыз-жигиттер сүйүү мамилесинде көрө албастыкка тушугушу мүмкүн, күмөн ой жаратып аларды бири-бирине каршы тукургандар чыгат. Чагымчылдыкка алдырбай ысык мамилеңиздерди сактап калыңыздар.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Тоого чыгып табият коюнунда эс алууну тандайсыз. Жумушта жетекчиңизден эскертүү алышыңыз мүмкүн, балким, жумуш которууга убакыт келди, ойлонуп көрүңүз. Бойдок жаачылар сүйүктүүсүнүн колун сурап, үлпөт той күнүн белгилешет. Үй-бүлөлүү жаачылар каржы кризисине кептелет, бул абалдан чыгуу оор болот. Сизге эч ким карыз берип кризистен чыгарбайт, баарына өз күчүңүз менен гана жетесиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдө жаңыланууну каалагандар короо-жайды иреттеп, керексиз буюмдарды таштандыга ыргытса болот. Чыгармачыл текечерлер өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү үчүн кошумча өнөргө ээ болушат. Документ иштерине байланышкан юридикалык иштериңизди адис менен гана бүтүрүңүз. Туура эмес кагазга кол коюп, азабын тартып каласыз. Кан басымы төмөндөр күн ысыкта сыртка чыкпай салкын жайда болгону туура.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жаман адаттарыңыздан арылууга убакыт келди, ушул жумада аракетти баштасаңыз жыйынтыгы жакшы болот. Аптада жакшы көргөн адамыңызга сүйүүңүздү билдирүүгө, сүйүктүүңүз болсо колун суроого ыңгайлуу учур. Бир көргөн адамга ишенүүдөн алыс болуңуз. Жамаатта кесиптештер менен пикир келишпестик орун алат, баары биригип сизди күнөөлүү кылып коюшу мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Өз кесибиңизди мыкты билгениңизден улам сизди чет өлкөгө жумушка чакырышы мүмкүн. Бул мезгилде үй-бүлөңүз сизди толугу менен колдоп турат. Курч буюмдарды кармаганда этият болуңуз, жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Чыгармачыл балыктар жан дүйнөсүнө төп келген, жогорку маяналуу жумуш табышат. Эс алуу күндөрү үй-бүлөңүз менен шаар сыртына пикникке чыгып көңүл көтөрсөңүз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан