Бек Исраилов, ырчы: «СЫНАКТА БАЙГЕ АЛЫП КЕЛГЕН КЫРГЫЗ ЫРЧЫСЫ МЕН БОЛДУМ»

Жакында Витебск шаарында эл аралык “Славян базары” сынагы өттү. Кубанычтуусу – 14 мамлекеттин ичинен Кыргыздын туусун желбиретип ырчы Бек Исраилов 3-орунду багындырды. Маекте Бек мырза жана анын жубайы Айжаркын Карыбаева сынактын жүрүшү, жеңиштин даамы, ийгиликтери тууралуу айтып беришти.

– Салам, Бек, Айжаркын! Куттуктайбыз, сынакка кандай барып келгениңер тууралуу айтып берсеңер.

Бек: – Саламатсыздар, чынын айтсам, сынакка көп деле даярданган жокмун. Сынакка кетерге 10 күн калганда агайым Рафаель Сарлыковдон вокалдан сабак алдым. Кечкисин ырдап жаттым, анан Айжаркын экөөбүз учуп кеттик. Сынак мен үчүн чоң тепкич болду. Витебск шаары кызыктуу шаар экен.

Айжаркын: – Саламатсызбы? Бул сынак беларустар абдан күткөн фестиваль экен, мыкты даярдык көрүлүптүр. Баннерлерге катышуучулардын сүрөттөрү илиниптир. Фестивалды президент Александр Лукашенко келип ачып берди.

– Бул сынакка катышып байге алган кыргыз ырчылары болгонбу мурда?

– Жок, мен байгеге илинген биринчи кыргыз ырчысы болдум. 3-орунду алганда Рафаель Сарлыковго телефон чалып сүйүнчүлөдүм. Ал буга чейин “5-6 ырчы катышкан, бирок жеңгени боло элек болчу” деди.

– Байгелүү орунду алам деп ойлодуң беле?

Бек: – Элдин атынан сынакка катышуу өтө чоң жоопкерчилик. “Бир орунга илинсем экен” деп ойлонгом. Барганда ким кандай ырдайт билине баштады, ошондо орун алат окшойм деген ой пайда болду. Биринчи күнү ырдаганда калыстар тобу мага азыраак упай берип коюшту. “Булар ушинтип эле коюшат турбайбы” деген ой келди. Бир күндүн ичинде стресс болуп кеттим. Эң сүйүндүргөнү Лариса Долина болду, биринчи ырдаганда эле өтүп баратып мени карап “Ты молодец!” деди. Эки жолку ырыма тең жогорку баа берди. Ал киши көп адамга антип айта бербейт да, ошондо үмүт пайда болду. 3-орунду алганыма сүйүндүм. Сынакты жакшы билген байкелер “баары бир Кыргызстанга биринчи орунду бербейт, саясат ошондой. 3-орунду алсаң, биринчини алдым деп эсептей бер” дешкен (күлүп).

Айжаркын: – Башка мамлекеттерден делегация менен барат экен. Биз Бек экөөбүз эле болуп калдык. Башкалардын делегациясы калыстар тобу менен учурашып, сүйлөшүп жүрсө калыс чечилбей калабы деп коркот экенсиң. Жыйынтыктар туура эле болду деп ойлойм. Аябай сүйүндүм, Бек үчүн сыймыктандым. Сынакта эң жакшы ырдаган, тажрыйбасы мол ырчы Бек болду. Бул эми менин көз карашым. Башка музыканттар да “Гран-прини Беларусь кызына берип, 1-орунду Бекке берсе калыстык болмок” дешти. Өкүнгөн жокмун.

– Бек, бул эл аралык сынактардагы канчанчы жеңишиң болду жана эмнеси менен айырмаланды?

Бек: – Биринчи жолу мындан 10 жыл мурун катышкам. Эл аралык сынактарга 4 жолу катыштым, бул 5-сынагым болду. Айырмасы – бул сынак масштабдуу болгонунда болду. Катуу даярдык жүрдү, деңгээли “Жаңы толкун” сыяктуу эле жогору. Оркестр менен ырдаган биринчи сынагым болду. Музыканттар “Кыргызстандан келген ырчы сынактын мыктысы болду” деп баа бергени мага сыймык болду.

Айжаркын: – Бир жылдан бери эле өзү айтып жүргөн. “Тойдо ырдап жүрө берип эле сапат жагынан аксап жатам го” деп кейип жаткан. Тойдо ырдалган ырлар башка да, ал жактан өспөйсүң. Оркестр менен ырдагысы келип жүргөн, тилеги кабыл болуп президенттик оркестр менен ырдады.

– Сынакка ырларды тандоодо кимдин кеңешине таяндың?

Бек: – Жаныңызда отурат (күлүп). Айжаркын мени ырларды тандоодо болобу, образды тандоодо болобу, моралдык жактан болобу, аябай колдоду. Сынакта ырдаган эки ырды тең мурун ырдап жүрчүмүн, Айжаркын ушул ырларды сунуштады. Эки ыр тең акжолтой болду.

Айжаркын: – Репертуарында бир топ эле ырлар бар болчу, бирок даярдыкка аз калган үчүн “мурун ырдап жүргөн ырларыңды эле ырдачы” дедим. Александр Серовдун “Я люблю тебя до слёз” деген ыры классика болуп калды да. Аны жаңыртып ырдап чыксаң кызыктуу болот болуш керек деп айтсам макул болду.

Бек: – “Я люблю тебя до слёз” деп ырдап жаткан учурда гүлдөрдү көрүүчүлөргө ыргыткан жерим бар, ошол да Айжаркындын идеясы болду. Мурун айтса мен макул болбой койгом. Алып баруучулар “номерди болушунча кызыктуу кылыш керек” деп айтышканда ойлонуп, “жанагы гүл менен идеяңды колдонолу” дедим.

Айжаркын: – Гүлдөрдү алгач калыстар тобунда отурган айымдарга берели дегенбиз. Ага убакыт көп кетип калчудай, анткени оркестр күтүп турбайт да. Ошол үчүн залда отургандарга эле ыргыталы деп чечтик. Башталарга аз калганда чуркап барып 7 ак роза сатып келе койдум. Гүлдөрдү ыргыткан жери номерге өзгөчөлүк кошту.

– Айжаркын, сенде “мен да ушинтип чоң сахнага чыксам” деген ойлор барбы?

– Чынын айтсам, кичинемден ырчылыктын жолуна түшпөгөнүмө өкүнүп кеттим. Ата-энем (ред.: Аскар Карыбаев, Чолпон Алсеитова) ырчы болгон үчүн ырчы болгум келген эмес. Атам дагы “олуттуу кесип тандагылачы” деп айтчу. Мен деле кичинемден машыксам сынактарга катышмак экенмин деп ойлодум. Эми деле кеч эмес.

– Келгиле, эми сынак боюнча теманы жаап, өзүңөрдөн кеп салсак. Сүйүүңөр бир топ жыл жашагандан кийин кандай этапка өттү?

Бек: – Биз кыз-жигит болуп бир топ жыл сүйлөшүп жүрдүк, анан баш коштук. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизге байланып калат экенбиз. Биздин сүйүүбүз азыр мурункудан да күчтүү. Толук бири-бирибизди кабыл алдык. Мурун бир аз таарынышып кетчү болсок, азыр такыр урушпайбыз. Бири-бирибизди аяп турабыз. Картайганда сүйүү күчөдү (күлүп).

Айжаркын: – Көп учурда чогуу жүрөбүз, чогуу ырдап калабыз. Тойлорго чогуу барабыз. Бир кишидей эле болуп калат экенсиң. Мунун бир жери ооруса меники ооруйт, мунун көңүлүн оорутуп койгон киши болсо менин да жиним келет.

– Бактылуулук каалайбыз, дагы да ийгиликтерди жарата бергиле!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан