Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “САЯСАТЧЫНЫН КАРЬЕРАСЫ ӨЛГӨНДӨ ГАНА ТОКТОЙТ”

Турсунбай Бакир уулу көп жыл саясаттын казанында кайнап, акыркы жылдары саясий майдандан көрүнбөй кетти. Көрсө, кичинекей уул-кыздарын тарбиялап, аталык бакыттын даамын татып жаткан учуру экен. Саясатчы менен болгон кызыктуу маекти сунуштайм.

– Турсунбай мырза, саламатсызбы? Саясий майдандан алыстап кеттиңиз окшойт. Учурда эмне менен алексиз?

–Алейкум ассалам. Саясаттан алыстаган жокмун, болгону 7 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмесмин. Мурункудай эле “Эрк” саясий партиясынын төрагалыгын аткарып жүрөм. 2020-жылы парламенттик шайлоодо бир партия бизди чогуу шайлоого барууга чакырып, анан тизмесине чимкириктерди кошуп алып бизди “кидать” эткенин коомчулук билет. Октябрь окуяларында биздин партия Садыр Жапаровду колдоп берди, анткени ал түрмөдө отурган күндөн, үстүнөн сот иштери башталып өкүм чыкканга чейин колдоо көрсөтүп келгенбиз. Анын бошотулушун талап кылган ар бир митингге катышып, соцтармактардан жана гезит, теле, радиодон билдирүүлөрдү жасап турдук. 2021-жылкы президенттик шайлоодо өзүмдүн талапкерлигимди Садыр Жапаровдун пайдасына алып коюп, партиябыз менен анын жеңиши үчүн иштеп бердик.

– Саясий карьераңызды улантасызбы же ушуну менен бүтүрөйүн деп жатасызбы?

– Саясатчынын карьерасы ал өлгөндө же өлтүрүлгөндө гана токтойт. Ага чейин ал саясий процесстин ичинде жүрө берет, кыргызда “кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө жүрөт” деп бекер айтышпаган чыгар. Мактанбайын, бирок ар бир иштин майын чыгарып иштейм. Университетте сабак береминби, депутат боломунбу, акыйкатчы боломунбу, табиятымдан “трудоголикмин”.

– Үй-бүлөнү багуудагы негизги киреше булагыңыз эмне, бизнесиңиз барбы?

– Мамлекеттик кызматта иштеп бизнес менен да, бөлөк мыйзамсыз иш менен да алектенбедим. Өмүр бою эмгек маянага иштеп жүрдүм. Союз учурунда гана Киевде окуп жүргөнүмдө бир аз коммерция кылып, башка кыргыз студенттерине да коммерция кылганды үйрөткөм. 1991-жылы ОшМУда окутуучулук эмгегимди баштаган күндөн ушул күнгө чейин бизнеске аралашпадым. Кудайга шүгүр, философия илимдеринин кандидаты катары акыркы жылдары Ишеналы Арабаев атындагы университетте сабак берип келем. Биз 7 бир тууганбыз, абдан ынтымактуубуз, кыйын учурларда кол сунушат. Улуу балдарым менен кыздарым да мени унутушпайт.

– Көп жолу президенттик шайлоого катышкансыз, өлкө тагдырына кайдыгер болбосоңуз керек. Азыркы бийликтин кадамдарына көз карашыңыз кандай?

– Мен 1995-жылдан бери президенттик шайлоолордун ар бирине катышып келдим. Бул көрсөткүч боюнча Гиннесстин рекорддор китебине кирсем деле болот. 1995-жылы 56 миң кол топтосом да БШК каттабай койгон. 2000-жылы каттоодон өттүм, бирок таза шайлоо болбоду. 2005-жылкы шайлоодо добушту көбүрөөк алсам да БШК 2-турду өткөрбөө үчүн жеңишти оппонентиме ыйгарып койду. 2009-жылы “бир туугандарыңызды камайбыз” деп коркутушуп, БШКдан өз ыктыярым менен шайлоодон четтегем. 2011-жылы шайлоого катыштым. 2017-жылы акча жоктугунан биринчи жолу өзүмдүн каалоом менен президенттик шайлоого катышуудан баш тарткам. 2020-жылы 2-декабрда Садыр Жапаров экөөбүз жолуккандан кийин анын пайдасына талапкерлигимди алып салдым. Ошондуктан азыркы бийликтин түзүлүшүнө кичине болсо да тиешем бар. Ооба, каталар болуп жатат, бирок “көл бакасыз, адам катасыз болбойт” деген сөз бар. Күтө туралы.

– Үй-бүлөдө атмосфера кандай? 20 жашта балалуу болуу менен 60тын кырында балалуу болуунун айырмасы чоң болсо керек. Бала бактысы, ырахаты тууралуу оюңузду билгим келет...

– Менимче, канча жашта ата болуунун мааниси жок, эң негизгиси – канча жашта болсоң да балалуу болуу. Эмгекти сүйгөнүмө байланыштуу улуу балдарымдын чоңойгонун анча көрбөй калдым. Азыр кичине балдарым көз алдымда чоңоюп жатышат. Чыныгы аталык бакытка балкып турган убагым. “Наристелердин жыты – бейиштин жыты” деп хадисте айтылат, Кудайга шүгүр, үйүмдө дайыма бейиштин жыты жыттанып турат! Эң кичүү кызым Сафияга 6 ай болду, кечээ көл жээгинде жүрсөк биринчи жолу “ата” деп сүйлөдү. Мындан өткөн бакыт барбы?

– Сизге турмушка чыккысы келген кыздар көп дешет. Мунун себеби эмнеде, билесизби?

– Себеби байлардын тизмесинде жокмун. Негизи менден да сулуу эркектер көп. Билбейт экенмин, эмнеге мени тандашат. Балким, дин менен жашаганым үчүндүр, мүмкүн, аял кишини паска урбай, аны дайыма туура түшүнгөнгө аракет жасаганым үчүндүр. Мүмкүн, сүннөткө ылайык аял кишиге дайыма жардам берип жүргөнүм үчүндүр…

– Кемчиликсиз адам болбойт дешет, өзгөртө албай жүргөн кандай кемчилигиңиз бар?

– Мыйзамды дайыма сыйлаганым азыркы түшүнүктөр боюнча кемчилигиме кирет окшойт. СССР доорунда жашаганыбызда, албетте, чынчылдык, принципиалдуулук, тазалык бааланмак. Азыр болсо үйгө чакырылган таксисттен тарта мен такай соода кылып жүргөн базардагы соодагерлер, айрым туугандарым, досторума чейин мени “акылсыз” көрүшөт. “Эмне үчүн особнягыңыз жок, эмне үчүн крутой унааңыз жок? Эмне үчүн сиз деле миллиондорду уурдабадыңыз?” деген ыңгайсыз суроолорду беришет. Ак эмгек менен адал иштедим десем таң калышат. Өзгөчө акчалай жардам сурап кайрылгандарга “бизнесим жок, өмүр бою эмгек маянага иштеп жүрөм” деп жооп берсем капа болушат, кээде уят сөз менен сөгүп кеткендер да болгон. Дагы бир оңолбогон кемчилигим – кеч калуу. Улуу балдарымдын энесине үйлөнүп жатканда ЗАГСка төрт саат кечигип баргам. Келинчегим ыйлап жатат, мен соорото албай шайым оойт, айтор, кызык болгон. Университетте окутуучулукта же Жогорку Кеңештин жыйындарына дайыма кечигип келчүмүн. Жада калса президенттер менен жолукканда да дайыма кечигем. Бул кемчилигимдин айынан далай эскертүү, сөгүш алып, премиядан ажыратылгам, бирок адатым калбады. Кийинчерээк Анвар Артыков кесиптешим “Турсунбай Бакир уулу атайын кечикпейт, бул оору. Оорунун аты “клинтонмания” – дайыма кечигип жүргөн АКШнын президенти Билл Клинтондун атынан коюлган. Владимир Путин да жолугушууларга дайыма кеч калат экен” деп Жогорку Кеңештин депутаттарына атайын макала таратып берген. Ошондон кийин мага асылгандар азайды (күлүп).

– Аялдар, балдар кордолгон окуялар көп болууда? Эркектерге, зөөкүрлөргө жаза жеңил болуп жатабы?

– Жазаны күчөтүү менен бул маселе чечилбейт. Үй-бүлө коомдун алгачкы негизи болуп жаткандан кийин үй-бүлөнү колдоо механизмдерин мамлекет күчөтүүгө милдеттүү. Ооба, жөлөк пулдарды көбөйтүү зарыл. Иш орундарын түзүп, ата-энелер балдарын таштап кетпей, алардын жанында жүргөнүнө эмне жетсин. Чет өлкөдө иштеген мигранттардын балдарын бала бакчалар менен мектептерге берүү маселесин чечиш керек. Жагабы-жакпайбы, бирок кыз-келиндерди чет өлкөлөргө мигрант катары жалгыз чыгарууну токтотушубуз керек. Окууга өтсө же бүт көйгөйлөрү чечилген жумушка чакырылган виза келсе гана кыз-келиндердин өздөрүн чет өлкөгө чыгарса болот. Башка учурларда ата-энеси, бир туугандары, күйөөлөрү, 18 жашка толгон уулдары менен гана чыгууга уруксат берүү керек. Коомдогу терс көрүнүштөрдү ыйман менен гана жеңсек болот.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан