Максат Кулуев, ырчы: “СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУ КЫЛМЫШ ЭМЕС, БИРОК ҮЙ-БҮЛӨНҮ ТАШТАБАШ КЕРЕК”

Обончу, ырчы, төкмө акын Максат Кулуев менен жубайы Айнура Чолпонкулова маектешим болду. “Биздин үйдө маселелер бир көз караш менен чечилет” деген жубайлардын таанышканынан баштап, ушул күндөгү мамилеси, сезимдерине чейин кеп курдук.

– Саламатсыздарбы, кош келипсиздер! Максат байке, сизди Каркырада өткөн айтышта баш байгени алышыңыз менен куттуктайбыз! Алгач ошол айтыш тууралуу айтып берсеңиз...

Максат: – Саламатчылык. Чоң рахмат. Каркыра жайлоосунда залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын 110 жылдыгы, улуу актёр Советбек Жумадылов агабыздын 90 жылдык мааракеси өтүп, ага Кыргызстан боюнча эл келип, кыргыз-казак айтышы менен жыйынтыкталды. Менимче, кээ бир көчмөндүк маанайдагы иш-чаралар Каркырада өтүп турушу керек, анткени биринчиден, чек арага жакын, экинчиден, элдин башын кошкон тарыхый жер.

Айтышка кыргыздардан 6, казактардан 4 акын катышты. Кош байге сайылды. Кудайдын буйругу экен, “ат чуркайт, туягында бак чуркайт” деп кыргыз айткандай, багыбыз жанып баш байгеге ээ болдум. Кубанычтамын.

– Эми жубайлардын багы жанган учурду, сиздер таанышкан күндү эстеп кеп улайлы...

Айнура: – Биз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин театр жана кино факультетинде чогуу окуганбыз. Ошондуктан расмий кол алышып таанышканыбыз деле эсибизде жок экен.

– Сүйүүнүн учкундары качан, кантип пайда болду эле?

Айнура: – 2-курстан баштап. Жүрүм-турум, ааламга, искусствого, адамдарга болгон көз караш, ой жүгүртүүлөр тууралуу баарлашуулар бизди жакындатты көрүнөт.

Максат: – Улуу залкар Мар Байжиевдин “Окуя” аттуу спектаклин ыраматылык Камат Касенов деген тайпалаш режиссёрубуз койду эле, мен роль ойночумун, Айнура жарык берип отурчу. Керээлден-кечке репетицияда болуп, кечинде бири-бирибизди узатышып жүрүп, биздин көз караш, эмгек, окуу, убактыбыздын баары сүйүүгө айланып кеткен. Бөлүнө албай калганбыз, бири-бирибизди издеп калганбыз, кыскасы, 5 жылдын ичинде таанышууга да, күйүп-сүйүүгө да, үйлөнүп, балалуу болууга да жетиштик.

– Качан баш коштуңуздар эле?

Айнура: – 3-курста баш коштук. Эртеден-кечке сабакта, анан театр, репетиция, айтор, чогуу жүрчүбүз. Бири-бирибизге аябай көнүп калыптырбыз. Жайкы каникулга чыкканда ажыраша албай, ошондо бул “үйлөнөм, үйдөгүлөргө айтайын” деп кеткен. Анда жай болчу, кышында баш коштук. Ошону менен уулубуз бирге чыкканда окуубузду аяктадык. Андан бери 19 жыл өттү. Бир уул, бир кыздын ата-энесибиз.

– Үй-бүлөлүү болгондо тиричилик көйгөйлөрү аралашып, баягы жалындаган сүйүү күчүн жоготот бекен?

Айнура: – Убакыт, өмүр токтоп турбаган сыяктуу, турмуштун жүрүшүнө жараша ортодогу мамиле да өзгөрүүнүн жолунда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сүйүү күчүн жоготот эмес, формасын өзгөртөт десек туура болот го. Бир түндүккө башыбызды бириктирген сезимдер турмуштун сыноолоруна да сындырбай кармап келатат го.

Максат: – Сүйүү күчүн жоготпойт. Сүйүү – бул мамиле, сый-урмат, түшүнүү деп билем. Бизди Кудай Таала сезимибиз, көз карашыбыз, мамилебиз, адамгерчилигибиз менен жараткан да, сыйлашып, сырдашып жашаганды жакшы көрөбүз.

– Бири-бириңиздерге романтикалык көз ирмем, сюрприз тартуулап турасыздарбы?

Максат: – Мен көп деле романтик эмесмин. Жигиттердин 90 пайызы романтик эмес болуш керек. Келинчегим камкор, кандай даталуу күндөр болбосун баарын алдын ала уюштуруп камдап коёт. Кыскасы, бардык жагынан ойдогудай.

– Максат мырза атайын аялына арнап ыр жазды беле?

Айнура: – Ага өзү жооп берсин. Кимге арналса дагы, ар бир чыгармасы эл оозуна алынган, ийгилиги мени кубандырат.

Максат: – Ооба, “Жубайыма”, “Сен жокто” деген ырларымды жубайыма арнап жазгам. Мындан башка да жубайыма арналган ырларым бар.

– Айнура айым, эмне себептен актрисалыкты таштап койдуңуз?

Айнура: – Бул темада сүйлөсөм токтоно албай калчудаймын. Жооптор көп жана узак. Ток этерин айтканда, балдарым мектепти бүтүп, менин камкордугума муктаж болбой калгыча алардын жанында болууну чечтим. Тамак-ашын даярдап, атасын, балдарды күтүп алуу бүгүнкү күндө менин жан дүйнөмө тынчтык, бакыт тартуулайт. "Убакыт – учкан куш" дейт эмеспи, ар бир адам өмүрү өткөндө өкүнүп калбагыдай өмүр сүрүшү керек. Мен балдардын таттуу кезин сезип жашагым келди. Буюрса, маданиятыбызга да сөзсүз өз салымымды кошуп, эмгектеримди тартуулай турган күн алдыда.

Максат: – Айнура “Учур” театрында 10 жылдан ашык иштеди. Азыр өз каалоосу менен балдарды карап үйдө. Дайым “иште, каалаган театрыңа аракет кылалы, кайсы бир окуу жайга мугалим болгуң келсе, ага да аракет кылалы” деп айтып келем. Дайыма колдоп келем. Азырынча иштөөгө өзүнүн көңүлү жок.

– Максат мырза, жубайыңыздын колдоосун кандай учурларда сезесиз? Экөөңүздөр тең чыгармачыл адам болгондуктан бири-бириңиздерди жакшы түшүнсөңүздөр керек?

Максат: – Колдоосун дайыма сезем. Ак эткенден так этип эле мен үчүн күйпөлөктөп жүрөт. Чыгармачылыгыма чоң салым кошкон, дем-күч берген, жөлөк-таяк болгон, түшүнүү менен мамиле кылган келинчегим бар. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.

– Үй-бүлө бекем болушу үчүн кандай аракеттер керек экен?

Максат: – Үй-бүлөнү биринчи планга коюп, кам көрүп, ар кандай маселенин алдын алып туруш керек. Эркек да, аял да өз ордун так билиши керек, экөөбүз тең өз ордубузду так билебиз. Үйдү карап, камсыз кылган жактан өз ролумду аткарам, келинчегим үйдөгү жумуштарды, энелик милдетин аткарып балдарга тарбиясын берип жатат.

– “Теңим бар” деген ырыңыз элге жакшы тарады. “Бул ырды эркектер эсине келсе экен деген ниетте жазгам” дептирсиз...

Максат: – Үй-бүлөлүү инсандардын ынтымагы бекем болсо экен, үй-бүлөнүн туткасы түшпөсө экен, ажырашуу болбосо экен деп эркектерге кулак кагыш кылып ырдагам, тарбиялык мааниси элге жетип жатат деген ойдомун. Көп адамдар “ырыңызды угуп таасирлендик” дешет. Ырларымдын элге пайдасы тийсе – ошол менин жеңишим.

– Негизи эле үй-бүлөсү бар туруп башка айымдарга кызыккан эркектер тууралуу оюңуз кандай? Айрымдар “эркектердин табияты ушул” дешет экен...

Максат: – Табияты ошол болсо аны акыл-эс менен башкарыш керек. Кандай гана кырдаал болбосун акыл-эс менен мамиле кылып, өзүңдү башкарсаң эч убакта баскан жолуңдан чыгып кетпейсиң. Сулуулукка суктанып, көз кырын салып коюунун кылмыштуу эч нерсеси жок. Бирок үй-бүлөсүн таштап, бирөөнүн артынан ээрчип кетүү – акылсыздык.

– Балдарыңыздар тууралуу айтып берсеңиздер, чыгармачылыкка жакыны барбы?

Максат: – Балам Бекзат 11-классты, кызым Айхан 9-классты бүттү. Кызым сүрөт тартат, кичине кезинде бийге, хорго барып жүрдү. Балам искусстводон алысыраактай, бирок кээде музыкалык аспаптарды кармап ойногонун угуп калам. Үйгө эки өнөр адамы жетет деп балдарыбызды чыгармачылыкка көп аралаштырган жокпуз, сөздүн ачыгы.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан