КАНДАЙ ТҮСТӨГҮ КИЙИМ КИЕСИЗ? ӨҢДӨРДҮН МҮНӨЗДӨМӨСҮН БИЛИП АЛЫҢЫЗ

“Ар бир өң адамдын ошол учурдагы психикалык абалын чагылдырат. Кийимдин өңүнө жараша кимдин кандай адам экенин билсе болот” дешет психологдор. А сиз көбүнчө кандай түстөрдөгү кийимдерге басым жасайсыз? Төмөндөгү макаладан психологдордун өңдөргө берген мүнөздөмөсүнө чогуу көз жүгүртөлү.

АК

Психологдор ар бир өң адамдын эки тарабын (+, –) ачып берет дешет. Анда ак өңдү жактыргандардын мүнөзүн байкап көрөлү.

+ Гардеробдогу базалык өңдөрдүн бири болуп эсептелет жана дээрлик модадан чыкпайт. Ак өң илгертен тазалыктын, эркиндик, ишеним, ынтымактын символу болуп келген. Согушуп жаткан тараптар бекеринен ак желек көтөрүп чыгып ынтымакка келели дешкен эмес. Ак өң эмоционалдык жактан чыңалып, агрессияга алдырып койгон адамдын психикасына тынчтандыруучу таасир берет. Ак өңдөгү кийимдерди көп кийген адамдар жумшак, позитивдүү келишет. Жаңычылдыктарга коркпой кадам жасай алышат. “Жашоосун өзгөрткүсү келген адам чачын кесет” деген ишеним бар го. Бул ишенимди ак өңгө да колдонсок болот. Анткени эмоционалдык силкинүүнү каалаган, жаңы жашоону баштагысы келген адамдар да ак өңдөгү кийимдерге басым жасай башташат.

- Кээ бир адамдарда ак өң тынчсыздануу жана дискомфорт абалын чагылдырат. Ак жаңычылдыктын башаты делген менен, ошол жаңы жашоону кантип баштаарды билбей депрессияга кабылган адам да ак өңдөгү кийимдерге басым жасап калышы мүмкүн. Башкача айтканда, ак өң – боштук сезимдерин да билдириши ыктымал.

КАРА

+ Дагы бир базалык өңдөрдүн бири – кара. Адамга бир эле учурда жөнөкөйлүк жана элеганттуулук тартуулайт. Кара өңдөгү классикалык кийимдерге басым жасагандар башкаларга өзүнө ишенимдүү, олуттуу, интеллекти бийик адам катары көрүнөт. Чынында эле кара өңдү алдына туура максат коё билген, амбициясы жогору адамдар тандашат.

-Кара өңдөгү кийимдерди өтө сезимтал адамдар да тандашат дейт психологдор. Алар коомчулук менен күрөшө албай калганда кара өңдүн аркасына жашынып алгылары келет. Мындай мүнөздөмөнү башынан аягына чейин кара кийим-кече кийип алгандарга берсе болот. Кара кийим көп кийгендер “мага көңүл бурба, мени караба” деп коомчулуктан жүзүн жашырам деп жатып өзүнөн баш тартып жатканын сезбей калышат. Бара-бара алардын өздүгү жоголуп, башканын жашоосу, башканын эрежеси, башканын кайгы-кубанычы менен жашап калышат. Мындай адамдарга – өздүгүңүздү жоготпоңуз, өзүңүздү кандай болсоңуз ошондой сүйүңүз, жашооңузду түркүн түскө боёсоңуз асан-үсөндөй көркүнө чыгат дегибиз келет. Биринчи кадамды позитив тартуулаган ачык, түркүн түстөгү кийимдерди кийүү менен баштап көрүңүз.

САРЫ

+ Бакыттын, жылуулуктун символу. Физиологиялык жактан адамдардын көзүнө эң биринчи сары өң чалдыгат. Көңүл буруудан коркпогон адамдар сары өңдү тандашат. Аларга башкалардын ою анчейин маанилүү эмес, “эл эмне дейт?” деген рамкадан алыс болушат. Өздөрүнө ишеними күч. Позитивдүү, активдүү, энергиясы менен бөлүшө билген, чыгармачыл адамдар жөжөнүн өңүндөй кийимдерди жактырышат. Гардеробунда сары өң басымдуу кылгандар өзүнө ыңгайлуу жашоону куруп алышат да, “чечилчү маселе чечилет, чечилбегендерге мен кайгырып жардам бере албайм” деген принципти карманып жашай беришет.

- Сары өңдү реалдуулуктан алыс адамдар да тандашы мүмкүн. Айрым учурда мындай адамдардын оюн реалдуулукка айлантуу оорчулук жаратат. Ортодо келишпестиктер, таарыныч жаралат. Кээде жакындарынын көңүл буруусуна муктаж адамдар дагы сары өңгө басым жасап калышат.

КЫЗЫЛ

+ Бийлик, кумар, күч, жеңиш, энергиянын символу – кызыл өң. Бул өңдөгү кийимдерди күчтүү, өзүнө ишенген адам гана кие алат. Мындай адамдар активдүү жашоо образын жактырышат, энергиясы ашып-ташып бир орунда тура албай тыбырчылап эле турушат. Коомдо лидерлик позицияны жактырышат, дайыма көңүл борборунда болууну талап кылган адамдар.

- Кызыл өңдү көбүнчө өзүмчүл, кызуу кандуу мүнөзгө ээ адамдар тандашат. Коомчулукта кызылды көпчүлүк өзүнө чакырык, атаандаштык катары кабыл алышат. Андыктан жумуш боюнча же башка болобу бирөө менен бир чечимге келип иштешем десеңиз, жолугушууга кызыл өңдөгү кийим тандабай койгон эле туура.

БОЗ

+ Боз өң туруктуулуктун, баланстын белгиси болуп саналат. Башка өңдөр менен атаандаштыкка чыкпайт, “дайыма ортодомун” деген нейтралдуу өңдөрдүн бири. Бозго басым жасагандар да ызы-чуудан алыс, өз жашоосу менен тынч жашай бергенди каалаган адамдар. Жумушта багыныңкы позицияда, эмне тапшырма берсең аткарат, ошол эле учурда бийлик талашпайт, жоопкерчиликтүү кызматкер болушат. Достукка бекем, ишенимдүү келишет.

- Боз өңдөгү кийимдерди көп кийген адамдар көп кызыгуу жаратышпайт, жаратса да ал кызыгууну бат өчүрүп ташташат. Андыктан мындай өң кайсы бир бийиктикти багынткысы келгендерге терс таасир берет. Айланадагыларга дайыма боз өңдөгү кийим кийген адамдар жабык, өз ою, позициясы жок, өзүн сыйлабагандай сезим калтырышы мүмкүн.

ЖАШЫЛ

+ Жаштыктын, өнүгүүнүн өңү. Жашыл – энергия тартуулоочу, адамды ойготуучу, күч берүүчү өңдөрдүн бири. Жашыл кийимдерге кызыккандар өзгөчө ойго, кандай кампания болбосун ойготуучу күчкө ээ адамдар. Эмгекчил, аракетчил, кыйынчылыкка моюн сунбаган сапаттарга ээ. Адамдарга үмүт, туруктуулук тартуулаган оптимист адам болгондуктан, аларды жоро-жолдоштор курчап жүрүшөт.

- Жашыл өңдөгү кийимдерди өзүн таба элек, жан дүйнөсү менен гармонияга келе элек адамдар да кийиши мүмкүн. Алар дайыма “сенин колуңдан келет” деп колдогон, көтөрмөлөгөн адамга көз каранды болушат.

КӨК

+ Көк – ишенимдин, коопсуздуктун өңү. Бул өңдү тандагандарда катаалдык, “муздак” ой жүгүртө билген акылмандык сапаттар бар. Иш процессинде көк өңдөгү кийимдер ишеним, натыйжалуулук сезимдерин тартуулайт. Ал эми жөнөкөй жашоодо көк өңдөгү кийимдерди боорукер, чыгармачыл, фантазиясы күчтүү, эркиндикти баалаган адамдар кийишет.

- Дайыма ортодогу туруктуулукту сактап, көпүрөнүн кызматын аткаргандыктан көпчүлүк учурда өздөрүнө жардам берчү адамды таппай калгандар да көк өңдөгү кийимдерге басым жасап калышат. Бирөөгө бат ачылып, ишене беришпейт. Өз маселесин өзү кайната берип депрессияга бат кабылышат.

Жазылгандардын баары 100 пайыз туура келет дегенден алыспыз. Ошентсе да психологдордун айткандарына көз салып койсок ашыкча болбойт. Кийинки сандарыбызда башка өңдөр тууралуу да маалымат бермекчибиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан