ОРГАНИЗМДИН №1 ДУШМАНЫ – КАРТОШКА КАЛДЫРКАНЫ

Дүйнөдө организмге эң зыяндуу азыктардын сап башында картошка калдырканы турарын билчү белеңиз? Кытыратып жесең даамдуулугун айт, чиркин. Ошол эле учурда зыянынан башка пайдасы жок экенин айт. Өзгөчө жаш балдардын сүйүп жеген тамагы эмнеси менен зыян?

ЭМНЕДЕН ЖАСАЛАТ?

Телевизордон чоң-чоң картошкалар жупжука тууралып, анан майга куурулуп, кытыраган картошка калдырканы пайда болгонун көрөбүз. Көргөндө эле табитиң ачылат, жегиң келет. Бирок чынында картошка калдырканы төмөнкү азыктардын жардамы менен жасалат:

Картошка 40-50 пайыз

Буудай же күрүч уну

Картошка крахмалы

Татымалдар

Жыт, даамды күчөтүүчү консерванттар жана башка

Булардын баары аралашып бир массага келтирилет да, атайын аппараттын жардамы менен түрдүү формада жука кесилет. Катуу ысытылган майда куурулганда адамдагы рак клеткаларын ойготуучу канцерогендер пайда болот.

ЭМНЕГЕ ЗЫЯН?

Адамдын организмине терс таасир тийгизген негизги продукт – картошка калдырканына кошулган түрдүү татымалдар болуп эсептелет. Алардын айрымдарын эле мисал кылып көрөлү.

Акриламид – химиялык зат. Майга кууруу процессинде пайда болот да, адамдын боор, бөйрөгүнө күч келтирет. Андан сырткары көздүн көрүүсүнө да терс таасирин тийгизет.

Глицидамид – акриламидден мутация болуп чыгат да, адамда, жаныбарларда болобу рак клеткаларын ойготот.

Акролеин – бул химиялык зат да адамдын организмин ууландыруучу каражаттардын түрүнө кирет.

Туз – картошка калдырканына кошулган көп өлчөмдөгү туз организмден ашыкча суунун чыгышына тоскоол болуп, бөйрөккө күч келтирет. Андан сырткары жүрөк-кан тамыр системинин иштешин начарлатып, сөөктөрдүн толук кандуу өсүшүн жайлатат, артериалдык кан басымды пайда кылат.

КАРТОШКА КАЛДЫРКАНЫН ДАЙЫМА ЖЕГЕН АДАМДА:

1. Организмде зат алмашуу начарлап, ашыкча салмак топтолот.

2. Холестериндин деңгээли көтөрүлүп, натыйжада кан тамырларда атеросклеротикалык май баштыкчалары пайда болот, мээнин активдүүлүгү, жүрөк-кан тамыр системинин иштеши начарлайт.

3. Ичи катат, ичи көбөт, айрымдарда гастрит же болбосо ашказан жарасы пайда болот.

4. Рак клеткалары ойгонушу ыктымал.

5. Гормоналдык дисбаланс.

6. Аллергиялык оорулар.

7. Репродуктивдүү функциялардын начарлашы.

8. Нерв системинин иштешинин начарлашы (ашыкча тердөө, чарчаңкы абал, эмоциялардын бат-бат алмашып туруусу).
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан