Кубат Эшиев: “АРАБА ТҮРТҮП ЖАН БАККАНЫМА 12 ЖЫЛ БОЛДУ”

Каарманыбыз Кубат Эшиев тырмактайынан турмуш запкысын көп тартып, түйшүктүү жашоодо чоңойгонун айтат. 10 жашынан тарта базарларда араба түртүп иштеген каарманыбыз “араба түртүп иштеген жумуштан гана өзүмдү таптым, калган жумуштар көңүлүмө жаккан жок” дейт.

“АТА-ЭНЕМ КИЧИНЕМДЕ ЭЛЕ АЖЫРАШЫП КЕТИШТИ”

– 1997-жылы төрөлгөм, Ош облусунун Кара-Суу районунан болом. Үйдө эки бир тууганбыз, агам бар. Ата-энем жетишпеген турмуштун айынан мен 2-класста окуп жүргөндө ажырашып кетишти. Экөөнүн тең эки баланы жалгыз караганга шарты жок болчу, ажырашкандан кийин агамды апам, мени атам алып кетти. Атам кийин башка аялга үйлөнүп балалуу болду, ошентип өз балдары менен алек болуп мен каралбай калдым. Өгөй энем менен батышпай, аны укпай, ар кайсы жакка кетип, түнөп калат элем. Кийинчерээк бейбаштык кылганым үчүн мектептен айдап жиберишти. Ошондон кийин окуган жокмун. 10 жашымдан тарта Оштогу базарда араба түртүп иштеп, акча-тыйын колго тийип өзүмдү багып калганда биротоло үйдөн чыгып кеттим. Көчө баласы болуп чоңойдум, мени ата-энем эмес, базар тарбиялады. Базардагы эл менен сүйлөшүп, азилдешкен мага өтө жакчу. Базардагы соодагерлердин баары мени таанычу, бири чай алып берсе, экинчиси самса алып берип чоңойтушту.

“АЯЛЫМ БОЮНАН ТҮШКӨНДӨН КИЙИН АСЫНЫП АЛДЫ”

– 8 жыл Оштогу базарда араба түртүп иштедим. 18 жашымда өзүмдөн 1 жаш кичүү кызга үйлөндүм. Экөөбүз 1 ай жашаганда эле кош бойлуу болуп, көп өтпөй боюнан түшүп калды. Аялым аябай депрессияга түштү. Мен да базарда иштеп бирде акча тапсам, бирде таппай кыйнап койдум окшойт. Төркүнүнө кеткен эле, көп өтпөй кайын журтум чалып аялым асынып алганын айтышты. Түйшүктүү жашоону көтөрө албай койду окшойт. Бир топ жыл иштегенден кийин Бишкекке келдим. Бул жакта да араба түртүп, кээде курулуш иштеринде ар кандай жумуштарды жасап иштеп калчумун. Кайрымдуулук фондунда да иштеп жүрдүм, калем сап, дептер, майда-чүйдө нерселерди элге сатып, чогулган акчаны жетим балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө таратып берчүбүз. Ошентип иштеп жүргөндө туугандарым “кайырчы болбо, тилемчилик кылып жатасың” деп тилдечү. Ашыкча сөздөрдү жакындарымдан укпай эле коёюнчу деп ал жумушумдан чыгып кеттим. Кайрымдуулук иштерин араба түртүп иштеп деле кылса болорун кийин түшүндүм. Учурда тапканым жеген-ичкенимден артса балдар үйүнө, майыптарга берип турам.

“АГАМДЫ ТҮРМӨДӨН КӨП ЖОЛУ КУТКАРДЫМ”

– Жалгыз агам жаштайынан жеңил жашоого азгырылып турмушта көп катачылык кетирди. Бир жолу түрмөгө отуруп чыккан, азыр эркиндикте. Ал уурулук кылып кармалып калганда буюм ээси менден келип доолачу, агамды соттоп жибербесин деп акыркы акчам калгыча бердим, кээ бирине карыз болуп калдым. Азыр деле толтура карыздарым бар. Араба түртүп иштеп жүрүп Оштон жер алып, үй салган элем. Агамдын айынан ал үйдү да сатканга туура келди. Телефон номеримди тез-тезден которуп турам, себеби милициядан чалып “акең каякта?” деп сурай беришет, агама нааразылар, аны издегендер көп чалат. Ар бирине отчёт бере бербейин деп номеримди алмаштырып салам. Агама көп жолу накыл кеп айтып туура жолго түшүрүүгө аракет кылдым, болгон жок. Баары Кудайдан, бир күнү агам акылына келерине ишенем.

“ИНТЕРНЕТ КЛУБДАРДА ТҮНӨЙМ”

– Бишкекте араба түртүп иштеп жатканыма 4 жыл болду. Жакыныраак жерге 100 сомдон, жүк оорураак болсо 200 сомго жеткирем. Арабанын ижарасына күнүнө 100 сомдон төлөйм. Базардын иши ушул да, кээде болот, кээде болбойт, иш жакшы болсо күнүнө 1000-2000 сомго чейин табам. Арабачынын жумушу аба ырайын ылгабайт кычыраган кышта да, жайдын аптабында да иштей бересиң. Иштебесем ачка калам. Мен араба түрткөндөн башка көп жерде иштедим, эшектей иштетип, акчасын бербей койгондор да болду. Тажаганда “кой, колумдан келген жумушумду эле кылып арабамды түртөйүн” дедим. Батир ижарага алып жашабайм, дос-тааныштардыкына барам, көп учурда интернет клубдарга барып түнөйм. Досторумдукуна деле дайым барып аларга ашыкча жүк болгум келбейт. Паспортум жок, такыр алган эмесмин, документим жок кыйналгандыктан жакында эле барып жасатайын десем “ата-энеңдин паспортун, аскердик билетиңди, айыл өкмөтүнөн маалымдама кагаз алып кел” дешти. Анын баарын каяктан алмак элем деп ошол бойдон таштап койгом. Паспорт алууга жардам кылам дегендер болсо ыраазы болот элем.

“КЫЯЛЫМ – АТА-ЭНЕМДИ ЖАРАШТЫРЫП, АГАМДЫ ҮЙЛӨНТҮҮ”

– Учурда апам менен сүйлөшүп турам, атам менен мамилем начар. Атамдын бир тууганы Кадыр абам көп чалат. Абам мени кичинемден билгендиктен өз баласындай эле болуп калгам. Курулушта иштеп жүрүп белимден жаракат алгам, кыйналганда ошол оорум козголуп турат. Анткени толук дарыланган эмесмин. Абам ошого кабатыр болуп “кыйналган жоксуңбу” деп тез-тез чалып турат.

Менин максатым – ата-энемди жараштырып бир үй-бүлө кылуу. Агамды үйлөндүрүү, ал үйлөнсө адам болуп кетет беле деп бардык туугандар айтышат. Бир тууганыңды таштай албайт экенсиң. “Сен теңдүүлөр үйлөнүп, 2-3төн балалуу болуп калышты, сен жүрөсүң” десем, “бардык нерсе Кудай буюрган күнү болот” деп кутулат.

“ЮТУБГА ЭМНЕГЕ ЧЫКТЫҢ ДЕП УРУШУШТУ”

– Жакында эле башымдан өткөн тагдырымды айтып Ютубга чыккан болчумун. Жакындарым чалып “Ютубга эмнеге чыктың, кереги бар беле?” деп урушушту. Чынында, менин жашоом көбүнө сабак болсун дегем. Элдин жардамына деле муктаж эмесмин, өзүмдү бакканга тапкан акчам кенен жетет. Мектепти эрте эле таштап койгонго көп нерсени билбейм. Менин тагдырымды көргөн жаштар “ушундай болуп калбайлы” деп жакшы окуса, мендей эмгекчил болсо дейт элем. Ак эмгек менен таап жеген нан таттуу болот, ал эми бирөөнүн акысына кол салып, арам жол менен табылган оокат буюрбайт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан