18-декабрда Алматыда өткөн КВН боюнча Евразиянын Суперлигасында өлкөбүздөн барган 2 команданын бири – “Тамашоу” курама командасы чемпиондукту жеңип кайтты. Бул тууралуу “Тамашоу” Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Эрмек, жеңиш кут болсун! Алгач кеп кылчу мелдеш жөнүндө маалымат бере кетсең.
– Рахмат! Евразиянын Суперлигасы – КВН боюнча Орто Азия өлкөлөрү ортосунда өтүүчү мелдеш. Быйылкы сезондо 15 команда ат салышыптыр. “Тамашоу” Лигасынын курама командасы биринчи жолу катышып жатат. Бизге чейин өлкөбүздүн атынан “KG Club” юмор клубунун жигиттери 2 ирет чемпион болушкан.
– Финалда кимдер күч сынашты?
– Казакстандан 3 команда жана Кыргызстандан бизден тышкары “Азия mix” деген команда. Тилекке каршы, 2-3-орундарды жергиликтүү “8-март” жана “Эксклюзив” командалары ээлешти.
– Кандай сынактар болду?
– Баягы эле биз билип жүргөн “Саламдашуу”, “Капитандардын сынагы” жана “Жылдыз менен бирге тамаша тартуулоо” деген 3 сынак болду. Саламдашуудан кийин 3-орунда баратканбыз. Капитандардын сынагында Азамат Исмаилов жеңишке жетишип, баалуу упайларды алып берди. Өзү болсо “Мыкты капитан” наамына кошо Самсунг уюлдук телефонуна ээ болду. 3-сынакта казактардын “ВИА Грасы” аталган “FМ” тобунун кыздары менен тамаша койдук. Ушул ойлоп тапкычтыкты талап кылган сынак чечүүчү болуп, 1-орунду жеңип алдык.
– Команданын курамына кимдер кирди? Кыздар болдубу?
– Азамат Исмаилов баштаган “Тамашоу” Лигасынын мыкты 12 жигити жана “ДНК” тобунан Мирзада барды.
– Казак баурдастар кантип сыйлашты анан?
– Кубок, диплом жана 250 миң теңге акчалай сыйлык.
– Акчаны кандай максатта жумшайын деп жатасыңар?
– Акчанын бир бөлүгүн алар замат Алматыда жеңишибизди белгилеп, коротууга жетиштик. Калган бөлүгүн кайра эле “Тамашоуго” жумшайбыз, форма алабыз дегендей.
– Мындай жеңишке мамлекет көңүл буруудабы?
– Азырынча боло элек. Мына, жакында Данияр Көбөнов бүткүл Азияга атыбызды чыгарып келди. Эмгеги бааланып, үй жана 15 миң доллар алды. Бизге президентибиз ар бирибизге эмес, жалпы командага 1 үй белек кылса сүйүнөбүз. Болбосо, чынында, вагондо жашап тажадык.
– Маегиңе рахмат. Дагы көп эле боорлорду эзесиңер деп үмүт кылабыз.
("Тамашоу" курама командасынын Алматыдагы тамашаларынын видеосун
"Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg