“ЗОЛУШКА” ТАМЧЫЛАТМАСЫ ЖАШАРТАБЫ?

Ар бир адам картаят, жаратылыштын мыйзамы ушул. Сулуулукка кам көрүү талабы канчалык өссө, косметологиядагы жаңылыктар да ошончолук көбөйүүдө. Алсак, “Золушка” тамчылатмасын көпчүлүк кызыгып куйдуруп жаткан убагы. Аталган косметологиялык тамчылатманын зыяны да бар экенин унутпаңыз.

“ЗОЛУШКА” ТАМЧЫЛАТМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Золушка” тамчылатмасы (башкача аталышы “Синделла”) теринин ийкемдүүлүгүн жана бекемдигин жогорулатууга, тактарды кетирүүгө жана безеткилерди дарылоого, иммунитетти чыңдоого жана организмди тазалоого багытталган инфузиялык витаминдер терапиясы экенин аны кардарларга колдонуп жаткан косметологдор белгилешүүдө. Мындан сырткары ал өнөкөт чарчоо, стресс, беттеги тешикчелерди кичирейтүү жана жоготууга, операциядан кийинки жараларды айыктыруу, организмди шлактардан жана токсиндерден тазалоого жардам берет дешет.

“ЗОЛУШКАНЫН” КУРАМЫНДА ЭМНЕ БАР?

Аталган тамчылатма кан тамырга сайылат, ал өз аталышын терапиянын бүткүл денеге тийгизген тез жана комплекстүү жашартуучу таасиринен улам алганы айтылат. Курамында терини жашартуучу комплекстүү витаминдер бар. Организмди зыяндуу заттардан коргогон 3 күчтүү антиоксиданттан турат: альфа-липа кычкылынан, глутатиондон жана С витамининен.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Витаминдер терапиясын сайдыруу модасы Голливуддан келген. Мадонна, Брэд Питт, Жастин Бибер өңдүү жылдыздар аталган тамчылатманы колдонуп жүргөнүн түз эфирден көрсөтүп, айтып чыгышкан. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул витаминдердин организмге тийгизген таасирин толук изилдөө этабында. Аталган уникалдуу косметологиялык каражат Түштүк Кореянын пластикалык хирургия жасоочу клиникасында иштелип чыккан.

КАНЧА УБАКЫТТА ЖЫЙЫНТЫК БЕРЕТ?

Косметологдор натыйжа болушу үчүн 5-10 курс процедураны сунушташат.

ТАМЧЫЛАТМАНЫ КИМДЕРГЕ САЮУГА БОЛБОЙТ?

Сезгичтиги жогору адамдар, анткени аллергия жаралышы мүмкүн. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга болбойт. 18 жашка чейинкилерге да сунушталбайт.

ЭМНЕСИ МЕНЕН КООПТУУ?

Тамчылатма дары боорду жана кан тамырларды тазалоого жардам бербейт. Тескерисинче, аларга күч келет, ал организмдер жабыркайт. Тез-тез тамчылатма сайдыра берген кардардын кан тамыры ичкерип, аны табуу кыйындайт. “Золушка” тамчылатмасын алууда алгач сөзсүз дарыгер менен кеңешүү керек.

КЫРГЫЗСТАНДА КОЛДОНУЛАБЫ?

Айнура Сагынбаева, косметолог:

– Аталган витаминдер терапиясы дүйнөлүк жылдыздар арасында популярдуу. Жеке менин клиникамда бул каражатты колдонбойбуз, анткени Кыргызстан бул тамчылатманы колдонууга лицензия алган эмес. Билишимче, дүйнөлүк медицина да бул препараттын артыкчылык, кемчиликтерин толук изилдеп бүтө элек. Бирок Кыргызстанда айрым клиникалар “Золушка” тамчылатмасын колдонуп жүрүшөт, кандай жолдор менен, мыйзамдуу, мыйзамсыздыгын билбейм.

Мээрим Давлетова, косметолог:

– Аталган каражатты колдонууга Кыргызстан эмес, Орусия медицинасы да лицензия ала элек. Ошондуктан бул тамчылатманы кардарларыма сунуштай элекмин. Интернеттен буюртма берсек 315 сом экен, баасы да шектенүүнү жаратты. Анан да тамчылатма кан тамырга сайылгандыктан витаминдер кан аркылуу организмге жетет. Бирок кан менен кирген заттардын баары организмге, жашартуучу клеткаларга жетерин окумуштуулар аныктай элек. Андыктан “Золушка” аталышындагы витаминдердин курамы да күмөн ойлорду жаратат. Бизде “Золушканы” колдонгон клиникалар бар, мен 1 жылдай күтүп байкап көрөйүн деп жатам, эгер колдонгон кардарлар тарабынан организмге терс таасирлери байкалбаса колдонуп баштайм. Анткени аталган каражатты сураган кардарлар бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан