Айнура Салахидинова, ырчы: “АТАМ БИРИНЧИ КҮЙӨРМАНЫМ ЭЛЕ”

Жайдары, ачык-айрым, өзүн дайыма бир калыпта алып жүргөн ырчы Айнура Салахидинова маек төрүбүздө. “Атама өзгөчө жакын элем, ал мени апа болуп калганыма карабай эркелетип калчу” деген ырчы айым менен атасы, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк.

– Айнура айым, саламатсызбы? Алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу сурагым келип жатат. Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Ар бир чыгармачыл адам сыяктуу эле мен деле дайыма изденүүдө жүрөм. Ырчылык – бул менин негизги жумушум. Концерттер болсо катышып калам, көпчүлүк учурда кечкисин элибиздин жакшылыктарында кызматтабыз. Репертуарыма жаңы ырларды кошоюн деп изденүүдөмүн. Жакынкы күндөрү өзүмдүн жеке аткаруумдагы жаңы ыр жарык көрөт. Анан эгемендүүлүк күнүнө карата Роза Шакирова, Азиза Абдиева үчөөбүз мекенге арналган бир ыр даярдоонун үстүндөбүз. Буюрса, клип дагы тартылганы турат.

– Байланышсак шашып бошобой жатканыңызды айттыңыз...

– Азыр балдарым каникулда, аларды карашым керек. Каникулда зеригип калышпасын деп аларды эки жакка алып чыгуу менен алекпиз. Балдар менен убакыт билинбей өтө берет. Анын үстүнө чыгармачылыктан тышкары жумуштарым дагы бар. Ошентип кечке колум бошобойт.

– Быйыл атаңыздын көзү өтүп кетти, арты кайрылуу болсун! Ал киши тууралуу сөз кылбасак болбос...

– Жашоонун агымы ушул экен да. Атам 66 жашта болчу, эч кандай оорубай-сыркабай, күтүлбөгөн жерден түбөлүк жайга кете берди. Атам 4 айлык дааватка кетет деп ошонун алдында баарыбыз чогулганбыз. Ошондо коштошууга чогулгандай эле болуптурбуз. “Сиз жокто апамды эки-жакка алып чыга берейинби?” десем, “ооба, каякка барам десе алып баргыла, апаңарды эркелетип карагыла” деген. Апамды бизге табыштап жатыптыр, көрсө. Башында атамдын жогун кабыл ала албай жүрдүм. Үйдө калсам эле ыйлап баштачумун. Бир күнү мен ыйласам, 3 балам мага кошулуп ыйлады. Ошондо "кой, буларды кайгыртпайынчы" деп ойлондум. Убакыт дарылайт деген чын экен. Акырындык менен көнөт экенсиң, күн сайын атама багыштап куран окуп турам. Атам эми өмүр бою жүрөгүбүздө да. Биз бала-бакырабызга алаксып кетет экенбиз. Жалгызсыратпайын деп бат-баттан апама барып турам. Атам өтүп кеткенден кийин кейип, кайгыга алдырбасын деп апамды иним менен чогуу Умрага жөнөткөнбүз. Ал жактан келгенден кийин апам оор жоготууну бир аз жеңил кабыл алгансып калды. Учурда атамдын ордун толуктап бир келиним уул, бир келиним кыз төрөдү. Үйүбүздө толуктоо болгонуна апам, баарыбыз сүйүнүп турган чагыбыз.

– Атаңызга жакын белеңиз?

– Ооба, кыздардын кичүүсүмүн да. Айнук деп атам мени аябай эркелетчү. Эне болуп калсам деле “мен үчүн кичинекей кызсың” деп барган сайын эркелетип калчу. “Атам менин биринчи күйөрманым” деп күлүп калчумун. Гезитке чыккан сайын, кичинекей жер болсо дагы, гезитти алып келип кыркып алып чогултчу. Мени менен сыймыктанып, эфирге чыксам башкаларга “Айнура чыгат, көргүлө” деп айта берчү. Негизи эле кыз киши атасына жакын болот дегенге өзүмдүн кызымдан дагы ынандым. Биздики 2 уул, 1 кыз да. Кызым ушунчалык атасына жакын, ага бир башкача эркелейт. Атасын дайыма аяп турат, бетинен өөп эле ушинте берет. Эркек балдарым антпейт, ойноп жүрө беришет. Кыз бала абдан сезимтал келет экен. Баарына баам салып байкап турат. Кээде тойдон тамада, ырчылар менен түшкөн сүрөтүмдү көрүп “сенин принциң кана? Сенин принциң атаке да. Атаке менен сүрөткө түш” дей берет. Кыз киши деген конок экен, кээде кыз узатуу тойлордо "менин кызым да ушинтип бир күнү кетип калат да" деп ичим ачышып кетет. Мурун кыздын жакындары ыйласа, “обу жоктонуп...” деп жаман көрө берчүмүн. Азыр тойлордо кызымды элестетип алып ыйлагым келет.

– Негизи жашык окшойсуз?

– Абдан жашыкмын, кино көрсөм деле, сүйүнсөм деле ыйлай берем. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик келет деген чын окшойт. Баарын жүрөгүмө жакын кабыл ала берем, өтө ишенчээкмин.

– Коомдо болуп жаткан окуяларды да жүрөгүңүздөн өткөрүп кабыл аласызбы?

– Ооба, Инстаграмдан жаман жаңылыктарды окуп кейийм. Азыркы учурда коомдо эмне деген гана окуялар болуп жатат. Кээде жолдошум менен катуураак сүйлөшүп калсам, кызым “урушпагыла” деп калат. "Кызым, урушкан жокпуз, жөн гана сүйлөшүп жатабыз" деп жолдошумду кучактап өөп коём. Ошондо эки-экиден урушкандардын балдары кантти экен деп ойлонуп калам. Балдарым жаман нерсени көрбөсө экен деп тилеп, аларды бардык жаман нерседен коруганга, интернеттен, телевизордон жаман нерсени көрсөтпөгөнгө аракет кылам. Апам “биздин учурда заман жакшы болчу” деп калат да. Ойлоп көрсөм, биз бала кезде деле заман жакшы экен. Заман бир жагынан өнүгүп, ошол эле учурда бузулуп да жатпайбы.

– Үй-бүлөлүк турмушту, чыгармачылыкты чогуу алып бара жатасыз. Буга жолдошуңуздун да салымы чоң болсо керек?

– Быйыл жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 10 жыл болду. “10 жылдыгыбызда 2 уул, 1 кыздын ата-энеси болуп отурабыз” деп экөөбүз Жалал-Абадга барып жүрүп келдик. 10 жыл деле турмушта жакшы эле тажрыйба берет экен. Башында эркелей берчүмүн, кызганычтан улам да бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетчү. Анан экөөбүз бири-бирибизге ишениш үчүн телефондорубузду бир күн алмашалы дегенбиз. Бирок ал “мен сага ишенем, бул ким, сага эмнеге жазып жатат дей берсем экөөбүздө жашоо болбой калбайбы” деп телефонумду албай койгон. Мен аныкын бир күн кечке алып жүргөм, ашыкча чалуу деле болгон эмес. Тамадалар “К”дан башталган: Кайда жүрөсүң? Качан келесиң? Кана? деген үч суроону бербесеңер эле жашооңор жакшы болот” деп айтып калышат эмеспи. Ушул мээме сиңип калган, азыр машыгууга, футболго деп кетет. Мен кайда жүргөнүн, качан келерин сурабайм. Ал деле мени сурабайт. Инстаграмдан ар ким жаза берет, аларга көңүл деле бурбайт. Телефонго жооп берип койчу десем, жооп берип коёт. Кудайга шүгүр, баары өз жолунда. Жолдошум ар убак колдоп келет.

– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан