АТЫҢ БАРДА ЖЕР ТААНЫ...

Адатта Анталия, Дубай, Мальдив аралдарында эс алууну кыялданабыз. Ошол эле учурда көпчүлүгүбүз өзүбүздүн кооз, сырдуу, тарыхый жерлерибизди кыдырып көрүп чыга элекпиз. Саякаттай турган жерлер көп. Ал үчүн жылдап акча топтоонун деле кажети жок. Башкысы – бош убакыт жана каалоо. Бул санда 7 дубандагы көрүнүктүү жерлер, аларга барып-келүү жолдору тууралуу маалымдама сунуштайбыз.

Жалал-Абад облусу

Сары-Челек көлү – Аксы районунда жайгашкан. Бишкектен 530-540 чакырым алыс. Жол кире 1 адамга 1200-1300 сом (такси), Бишкек-Сары-Челек багытында кичи автобустар каттайт, жол акысы 700 сом. Сары-Челек көлү коруктун аймагында жайгашкандыктан табияты укмуш, ал жерден Сары-Челектен башка чакан 7 көлдү көрө аласыз. Конок үйлөрдө түнөйм десеңиз, баасы 1 суткага (1 адамга 3 маал тамагы менен) 1400 сомдон жогору. Боз үйлөр ижарага берилет.

Кара-Камыш көлү – Аксынын Кара-Суу айылынын баш жагында, Сары-Челек көлүнө канатташ жайгашкан. Кооз шаркыратмасы, өрдөк-каздуу тунук көлү, арча-карагайлуу тоо-ташы өзгөчө эмоция тартуулайт. Аталган айылдын тургундары Кара-Камышка жайлоого чыгышат. Андыктан ат минип сейилдеп, кыргыздын үрп-адаты менен таанышып, көл жээгинде боз үйдө уктап, кымыз ичип эс алсаңыз болот. Боз үйдүн ижара акысы суткасына – 200-250 сом.

Арстанбап жаңгак токою – Базар-Коргон районундагы курорттук аймак. Дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Атактуу 2 шаркыратмасы менен да таанымал, эс алуучулардын аягы үзүлбөйт. Жаңгактар жыш өскөн жерлеринде күндүн көзү көрүнбөйт. Бишкектен 586 чакырым алыс. Конок үйлөрү (1 адамга) 1 суткага – 300 сом.

Ошондой эле...

Саякаттап Жалал-Абад курортуна, Кара-Алма токоюна, Падыша-Ата коругуна, Шах-Фазиль күмбөзүнө, Саймалуу-Ташка барсаңыз да болот.

Баткен облусу

Кутман-Көл көлү – Кадамжай районунда жайгашкан, Ош шаарынан 152 чакырым алыстыкта. Көл жээгинде Кутман-Көл эс алуу жайы бар. Ал жерге 1200 метрлик асма жол менен жетесиз, акысы 250 сом. Дугаба альпинисттик лагериндеги коттеждерде түнөсөңүз болот, баасы 1 адамга (1 суткага) 500-1000 сом.

Ошондой эле...

Лейлек капчыгайына, Ай-Көл көлүнө, узундугу 6 чакырымды түзгөн Кан-и-Гут үңкүрүнө саякаттасаңыз болот.

Талас облусу

Беш-Таш улуттук паркы – Талас шаарынан 13 чакырым алыстыкта жайгашкан. Арча-карагай жыш өскөн паркта жапайы жаныбарлардын түрү кездешет. Андан тышкары Беш-Таш көлү бар, тереңдиги 28 метр. Жол кире – Таластан Беш-Ташка бир адамга 125-150 сом. Түнөйм десеңиз жеке үй, боз үйлөр бар. Баасы суткасына тамагы менен 1500 сомдон жогору.

“Манас ордо” комплекси – Талас шаарынан 20 чакырым алыс жайгашкан. “Манас ордодо” Манастын күмбөзү, музей жана Манастын 40 чоросунун айкелдери бар, тынбай “Манас” жаңырып турат. Таластан такси менен 35-50 сомго жетүүгө болот.

Ошондой эле...

Шекер айылындагы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейине, Үр-Марал капчыгайына, Киров суу сактагычына барып келсеңиз болот.

Ош облусу

Абшыр-Ата шаркыратмасы – Ноокат районунда жайгашкан, Ош шаарынан 70 чакырым алыс. Суусу кайдан келери көпчүлүккө табышмак болгон шаркыратма 17 метр бийиктиктен, асканын боорунан атылып чыгат. Ал жерде чоң үңкүр, ыйык делген 2 булак бар. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аталган үңкүрдө илгери пайгамбарлардын бири түнөгөн. Абшыр-Атанын айланасында тамак-аш жасоочу, эс алуучу жайлар бар.

Сулайман тоо – Оштун символу. Ошко саякаттап барсаңыз сөзсүз Сулайман тоону көрүңүз. Ал жерден 33 миң экспонаты бар музей, ыйык делген 7 үңкүр, андагы байыркы жазуулар жана Бабурдун үйү менен тааныша аласыз. Ош шаарындагы конок үйлөрдүн баасы 1 суткага 1500-2500 сом.

Ошондой эле...

Ноокаттагы Кара-Кой капчыгайын, Өзгөндүн айтылуу Кара-Шоро жайлоосун, Алайдагы Чыйырчык ашуусун, Жылуу-Сууну көрүп келсеңиз болот.

Чүй облусу

Ала-Арча жаратылыш паркы – Бишкектен 41 чакырым алыстыкта, Ала-Арча капчыгайында жайгашкан. Жайы-кышы эс алууга ылайыктуу ак кайың, арча-карагайлуу кооз жер. Шаркыратма, музей, альпинисттер базасы жана кыдырып аралаганга 150 маршрут бар. Казан, отун ала барып тамак-аш жасоого болот. Жол кире – Бишкектен 600 сом (такси, 1 тарапка). Эс алуучу жайга кире бериштен унаага жүргүнчүлөрү менен кошо төлөм алынат, жеңил автоунаа – 500 сом, микроавтобус – 1000 сом, автобус – 2500 сом. Ала-Арчада түнөйм десеңиз, конок 1 суткага 1 адамга 500-2500 сом. Жайкы коттедж 1 номерге суткасына 600 сом, чарпая 6 саатка 400 сом, боз үй (15 киши батат) 1 саатка 1000 сом. Музейге кирүү акысы 1 адамга 50 сом.

Ошондой эле...

Чүй облусунда Суусамыр өрөөнү, Ысык-Ата, Кегети, Чоң-Кемин капчыгайларына, Чуңкурчак жайлоосуна жана башка кооз жерлерге барып эс алсаңыз болот.

Нарын облусу

Соң-Көл – айтылуу көл Бишкектен 320 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жол кире Кочкордон Соң-Көлгө чейин 1500 сом (такси, 1 кишиге). Суусу тузсуз, тереңдиги 14 метр. Көлдүн түндүк жээгинде Тайлак баатырдын күмбөзү бар. Боз үй лагерлеринде жашап, эс алууга болот. Көлгө баруу үчүн 4 ашуудан өтүү керек, алардын бири – Калмак-Ашуу. Ат минип саякаттап, Кыргыздын каада-салты менен тааныша аласыз. Боз үйдүн ижарасы суткасына (1 адамга 3 маал тамагы менен) – 2500-4000 сом.

Ошондой эле...

Салкын-Төр жаратылыш паркына, Жыргалаң, Таш-Рабат, Көл-Суу аймактарына саякаттоого болот.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл – облустун гана эмес, жалпы Кыргыздын сыймыгы экенин билесиз. Тереңдиги боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Эң терең жери – 702 метр. Ысык-Көлдүн кооздугу, тунуктугу, жээктеги жумшак куму, абасынын тазалыгы суктандырат.

Орточо жерин алганда, Бишкектен Чолпон-Атага чейин 254 чакырым жол жүрөсүз. Жол кире – 500-800 сом (такси), кичи автобуста 300-350 сом, автобуста 230-300 сом. Ош-Тамчы аба каттамында 3048 сомдон жогору. Бишкек-Балыкчы поезд каттамы бар, жол кире чоңдорго 150 сом, балдарга 73 сом. Пансионаттагы номерлер 1 кишиге 1400 сомдон өйдө (суткасына, тамагы менен).

Ошондой эле...

Григорьевка, Жети-Өгүз, Барскоон капчыгайына, Каркыра жайлоосуна барып эс алууга болот. Өрүктү айылындагы термалдык минералдык булагы менен Туздуу-Көлгө түшүп эс алуу ырахатын арттырсаңыз болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан