ОУШЕНДИН 13 ДОСУ

Үстүбүздөгү жыл эмнегедир белгилүү фильмдердин уландыларына, римейктерине мол жыл болду. “Кариб деңизинин каракчыларынын” 3-бөлүгү, “Таксинин” 4-бөлүгү, “Жөргөмүш адам” менен “Шректин” үчүнчүсү... Мунун себеби акча табуунун дагы бир жолубу, күйөрмандардын суроо-талабыбы, белгисиз.
Стивен Содерберг да башкалардан артта калбай Дэнни Оушен менен анын тобунун окуясын созуп, дагы бир жаңы кино тартып чыгарды. Интервьюларда: “Оушендин 13 досу” – акыркы бөлүк, аңгеме ушинтип аяктайт” деп жооп берет режиссёр. Ай, ким билет, балким, 3-4 жылдан кийин “Оушендин 14 досун” көрүп калаарбыз...

Режиссёру жана оператору Стивен Содерберг
Сценарийин жазгандар
– Брайан Коппельман, Дэвид Левиен
Продюсерлери
– Брюс Берман, Фредерик Брост, Жорж Клуни
Ролдордо: Жорж Клуни, Брэд Питт, Мэтт Дэймон, Аль Пачино, Энди Гарсиа, Дон Чидл, Эллен Баркин, Берни Мак, Кейси Эффлек, Скотт Каан, Эллиотт Гулд, Шаобо Цинь, Эдди Жемисон, Селин Дион

Кыскача мазмуну

Эми белгилүү болуп калган Дэнни Оушен (Жорж Клуни) досторун кайрадан чогултууда. Бул ирет алардын максаты – Лас-Вегастын эң бай адамы, бир канча беш жылдыздуу отелдердин ээси Уилли Бэнктен (Аль Пачино) өч алуу. Себеби, Уилли качандыр бир Рубен Тишкоффту 25 миллион долларга алдап, ал акчага штаттагы эң чоң деп эсептелген казинону куруп алган эле. Ал казино башка оюн-зоок борборлорун артка калтырып, 5 жыл катары менен “беш бриллианттуу” статусун алып келет. Өзүнүн отель, казинолору менен гана алектенип жатып, Уилли мындан жарым жыл мурун Рубен Тишкоффту “отургузуп” кеткенин унутуп калган.
Рубен Дэннинин жакын досу эле. Рубендин төшөккө инфаркт болуп жатып калганын көрүп, Дэнни досунун душманын өз душман деп эсептеп, андан сөзсүз өч алууну чечет да, четинен досторун топтой баштайт. Биринчи орунга намысты койгон мыкты уурулар тобу Уилли Бенктен өч алганы аз келгенсип, анын бардык соода тармагын жок кылып, казинодогу миллиард доллардык жек-потту (эң чоң көлөмдөгү акчалуу жеңиш) илип кетет.

11, 12, 13...

Бул тасмадагы окуя тээ 1960-жылдан башталат. Ошол жылы “Оушендин 11 досу” деп аталган фильм тартылган эле. Заманбап кинематографисттер бул тасмага көптөн бери көз артып келишкен. 2001-жылы аны кайра тартууга таланттуу режиссёр Стивен Содерберг чыгынган. Оригиналындагы окуяларды көчүрүп тартып, жадакалса атын да өзгөртпөй ошол бойдон калтырууну чечкен режиссёр фильмдин арты менен атактуулукка жетишет. Кийинчерээк Содерберг дагы бир нече тасма жараткан. Бирок, алардын бирөөсү да дүйнөлүк масштабдагы атакка жеткен эмес. Ал эми 2004-жылы Стивен киночуларга да, көрүү­чү­лөргө да күтүлбө­гөн белек катары “Оушендин 12 досу” деген фильмди сунат. Тасма курч сюжети менен кино­сүйүүчүлөр­дүн жү­рө­гү­нөн орун таап, көптөгөн наамдарга ээ болот. Ошентип, Содерберг атак-даңк менен байлыктын жөнөкөй формуласын таап алды. Ал формуланын сыры – Оушендин досторун улам бир санга көбөйтүп туруу. Мына, быйыл жарык көргөн “Оушендин 13 досу” эң мыкты деген кинолорго татыктуу атаандаш болуп келет.

Күчтүү актёрдук топ

Cтивен Содербергдин бардык фильмдери аларда роль ойногон мыкты актёрлор менен өзгөчөлөнүп тураары бүткүл Голливудга маалым. Тасманын алгачкы вариантында ошол замандагы атактуу актёр Френк Синатра ойногон эле. Ошол салтты улап Стивен “досторго” жалаң атактуу жана таланттуу актёр, актрисаларды чакырууну туура көргөн.
“13 достогу” эң чоң ачылыш жана режиссёрдун эң чоң жеңиши – дүйнөгө атагы чыккан Аль Пачинонун роль аткарып бериши. Актёр алгач Уилли Бенктин ролунан баш тартса да, Содерберг анын макулдугун алууга бир шарт менен жетишкен: алгач тасманын Аль Пачино катышкан бардык эпизоддору тартылмак. Режиссёр сөзүнө туруп, “кымбат” актёрду 3 жумадан кийин бошоткон. Америкалык бир киносынчы: “Фильмди көрүүгө башкы ролдорду Клуни, Питт, Деймон сыяктуу адамдар ойногону үчүн шашыласың. Ал эми 5 мүнөттүк эпизод үчүн Брюс Уиллистин өзүн таап келген режиссёрго мен өтө жогору баа берет элем”- деп айткан экен. Чындыгында, кадыр-барктуу актёрлор бардык эле киного тартылууга макулдук бере беришпейт. “Оушендин досторунун” 2-бөлүгүнө Голливуддун сулуулары Кетрин Зета Жонс менен Жулия Робертс катышса, 3-бөлүктө алардан кем калбаган 53 жашар актриса Эллен Баркинди көрө аласыздар.
Тасмада катышкан ар бир актёр, актрисанын эле миллиондогон күйөрмандары бар экенин эске алган режиссёр тартуу үчүн көп каражат сарптоодон корккон эмес. Акыры тапкан акчасы 67,5 миллион долларлык чыгашаны актамак турсун ашып да калды.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан