БИЛИМ БЕРҮҮ: МИНИСТРЛИКТИН ЧЕЧИМИНЕ БАШ ИЙБЕГЕНДЕР ЧЫКТЫ

Бишкекте 27-июлда айрым ата-энелер митингге чыгышты. Талабы – шаардагы №61-мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтыруу.

– Биз министрликтен директорубузду өз ордунда калтырууну талап кылабыз. Юрий Низовский көп жылдан бери мектепте жетекчи болду. Ал өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеди, анын билим берүүгө кошкон салымы чоң. Андыктан биз Низовскийди директорлорду тандоо боюнча сынакка катыштырбай коюуну суранабыз,- дешет чогулгандар.

Айта кетсек, жакында Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун сынак аркылуу кызматка дайындоо чечимин кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдө 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан бошотулат. Директор бойдон калгысы келгендери сынакка катышып, жеңип чыгууга тийиш. Расмий маалыматка таянсак, учурда бошотула турган, кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору бар.

Көрүнүп тургандай, айрым тараптар министрликтин чечимине баш ийгиси келбей, бул маселеде министрликтен кош стандарттуу мамилени талап кылышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан