Орусия-Украинанын ортосунда согуштук аракеттер башталгандан тарта Украинадан 744 Кыргыз жараны чыгарылганын 27-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Алардын ичинен 556 мекендешибиз чартердик каттамдар аркылуу алынып келингенин, бардык жарандарга укуктук жардам көрсөтүлгөнүн белгиледи министр.
Орусия-Украинанын ортосундагы тирешүү 2022-жылдын 24-февралында туу чокусуна жетип, Орусия армиясы Украинанын аймагына кирген. Орусия бул аракетин "аскердик операция" деп атаган. 5 айдын ичинде эки тараптан тең миңдеген аскер кызматкерлери, карапайым жашоочулар каза тапты. Согуштук аракеттер токтой элек.