Юстиция министри Аяз Баетов эл аралык сотто Кыргыз тараптын айрым утулууларына саясатчылардын жана чиновниктердин байма-бай жарыяланган билдирүүлөрү себеп болуп жатат деп билдирди 27-июлда.
Мисалы, “Русгидро” менен соттошууда ошондой билдирүүлөр терс таасирин тийгизгенин айтат.
– Ар бир иште бизге далил катары саясатчылардын видеобилдирүүлөрүн көрсөтүшөт. Ар бир иште кайсы бир саясатчынын же чиновниктин аты бар, мындай учурлар көп. Юридикалык маселелер боюнча алар жасаган билдирүүлөр сотто караларын түшүнүшүбүз керек. Арбитраждык сот – өзгөчө тармак. Чиновниктер кайсы бир деңгээлде өздөрү иштеген органдын же мамлекеттин атынан сүйлөшөт. Анын сөзү архивдештирилип, катталып, сотто көрсөтүлөт. Ар бир иште мамлекеттик кызматкер тарабынан ойлонулбай айтылган сөздөрдү көрөбүз, анын ичинде биз утулуп калган иштер дагы бар,- деди Баетов.
Министр мындай көрүнүш менен күрөшүү, мамлекеттик кызматкерлерди сүйлөтпөй коюу кыйын экенин белгилеп өттү.