УКУК КОРГООЧУЛАР АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮГӨ ЧАКЫРЫШТЫ

2021-жылы Кыргыз жеринде адам сатуу боюнча 9 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 4 иш сотко жеткен. Калганы териштирүү процессинде. Бул тууралуу 27-июлда Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйында билдирди. 2022-жылы адам сатууга байланыштуу 3 факты катталды.

– Бул чоң көйгөй, чыныгы абал статистикадан башкача. Мисалы, айыл жеринде балдарды алдап иштетип, акчасын бербей коюшат. Бул да адам сатуу деп эсептелет. Мигранттарга байланышкан дагы жагдай бар. Жарандарды алдап, жакшы төлөнүүчү жумушту убадалап чет өлкөгө алып кетишет да, ал жакка баргандан кийин документтерин алып коюшат. Түркмөнстанда адам сатууга айыпталгандар 4 жылдан 25 жылга чейин, Казакстан менен Өзбекстанда 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бизде жаза мөөнөтү аз, ушул багытта иш жүргүзүп жатабыз,- деди Азарбеков.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Бакытбек Алымбаев адам сатуудагы жеңил жол – интернеттеги социалдык тармактар болуп калганын айтат.

Укук коргоочулар балдар жана жаштар арасында адам сатууга каршы маалыматтык кампания жүргүзүү керек деп коңгуроо кагышууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан