АЛТОО «УЧТУ», КЕЗЕК КИМДЕ?

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

“Тамашоу” Лигасынын 3-сезону ийгиликтүү уланып жатат. 11-12-декабрь күндөрү Жогорку Лиганын чейрек финалы болуп өттү. Мыкты тамашалар ойнолуп, мыкты баалар коюлду. Эреже боюнча жарым финалга 6 команда өтпөй калды. Алардын арасында жеңишке башкы талапкер аталган командалар да болду.

КАЛЫСТАР ТОБУНДА ДЕБЮТАНТТАР
“Тамашоудо” калыстардын улам жаңыланып турушу салтка айланган десек болот. Чейрек финалда алгачкы жолу калыстык милдеттерин белгилүү куудул Күмөндөр Абылов менен атактуу балбан Данияр Көбөнов аркалашты. Албетте, алар тууралуу тамашалар болбой койгон жок.
12-декабрдагы оюн улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө дал келгендиктен, залкар жазуучунун ысымы эскерилип, анын урматына дүркүрөгөн кол чабуулар жаңырды.

СЕНСАЦИЯСЫЗ БОЛБОДУ
Оюндун натыйжаларына келсек, жарым финалга 10 команда жолдомо алды. Алар – “Жигиттер”, “Ак-Өргө city”, “No Name”, “IUK”, “Чез”, “Достук”, “Ак кеме”, “KG 77”, “Юристтер” жана “Тергөө”. Аталган командалардын ичинен “Жигиттер” 1-күнү 1-орунду ээлешсе, 2-күнү “Ак-Өргө city” командасы эч кимди алдына чыгарган жок. Ал эми чейрек финалдын курмандыгына “Алтын кен”, “ДНК”, “Юрский период”, “Азиатский стандарт”, “Не дай Бох” жана “Нарын юнайтед” айланышты. Бул командалар эми “Тамашоу” Лигасынын Премьер Лигасында ойношот. Кошумчалай кетсек, "Тамашоу" Лигасынын жарым финалы жазында уланат. Ага чейин күлкү күйөрмандары жаңыра турган жылдын февраль айында "Тамашоунун" Кышкы фестивалына күбө боло алышат.

ЖЕҢИЛГЕНДЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
“Юрский период” менен “Не дай Бохтун” "учуп кетиши" сенсация катары бааланууда. Андыктан аталган командалардын пикирин берүүнү туура көрдүк.
Айбек Садыралиев (“Юрский период”): “Даярдыгыбыз жакшы болбой калды окшойт. Атаандаштарыбыздын күчтүү болуп баратканын эске албай калыптырбыз. Калыстарга нааразычылыгыбыз жок. “Жигиттерге” ийгилик!”
Бактияр Дастанбек уулу (“Не дай Бох”): “Тил жагынан бир аз аксап калдык окшойт. Кайгырган жокпуз, баары жакшы. Эми көп ойлонуп кыйналбайбыз. Биз “IUK” командасынын чемпион болушун каалайбыз”.

“МУЗЫКАЛЫК БИАТЛОН”
“Музыкалык биатлон” сынагы. Мында командалар белгилүү ырларды тамашага салып, өзгөртүп ырдашты.

“Жигиттер” – Мерген Турган, “Ак бантик”
Ак бантик байлап башыңа,
Сурманы коюп кашыңа.
Жөнөйсүң концертке чоң жол менен,
Мерген Турган байке.

“KG 77” – Омар, “Кош жүрөк”
Биригишкен партиялар,
Шарт бөлүнүп кетеби?..

“Юрский период” – Чыңгыз Мырзаев, “25 жаш”
Боксчунун ыры:
Жыйырма беш, жыйырма беш,
Болгон тишим жыйырма беш...

“No Name” – Расул Маматкулов, “Мерседес”
Ош-Бишкек жолунда айдаганым Тикошка,
Артымдагы баратканям "ничёшка".

“Юристтер” – Съездбек Искеналиев, “Селкиге”
Жүрөккө жүрөк,
Курсакка курсак.
Кирпикке кирпик,
Маршрутка, "час пик".

“Не дай Бох” – Сема менен Кундуз, “90-60-60”
90-60-90 менин фигурам,
Керек болсом, Правдада турам.

“Азиатский стандарт” – Бахадыр Карабаев, “Ананайын”
“Ата Мекен”, “Ата Мекен”,
Аттадыңбы Ак үйдүн босогосун,
Спикерликке өтпөй калып, көңүлүң бошобосун.

“ФРИСТАЙЛДАГЫ” ТАМАШАЛАР:

“Нарын юнайтед”
Нарында өрдөк баккан кемпирлерди Леди Га-га деп коюшат.

“Жигиттер”
Эки семиз тоого чыкса, тоголонуп түшөт.

Тиш доктур пациентке кеңеш берип жатат:
– Мына сизге жаңгак. Муну жесеңиз, тиштериңизге барып тыгылат. Анан курттар тишиңизди жебей, жаңгакты жейт.

“Чез”
– Мен бир корей кыз менен жүрүп жатам.
– Ии, кандай экен?
– Иттей сулуу экен!

“Алтын кен”
Тоодон кыз түштү, "понятиеси" жок түштү.

Залкарбек Карабалаев
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
honey
2010-12-24 17:48:54
Постерлери точно окшошуптур!!!
0
Karamel
2010-12-24 23:16:02
качан медиапорталдан көрсөк болот эми?
0
Miss X
2010-12-25 21:03:32
Жүрөккө жүрөк,
Курсакка курсак.
Кирпикке кирпик,
Маршрутка, "час пик".=DDDDD
0
Luckyman
2010-12-26 04:32:43
“Ата Мекен”, “Ата Мекен”,
Аттадыңбы Ак үйдүн босогосун,
опозициядан колдорун бошобосун.
сен каладыын сен каладын!!
0
jamalenok
2010-12-26 22:33:28
Супер инфо сиздерден сураныч Супер Инфо 2010 концертинен узунду жуктоп койбойсуздарбы?
0
Baizakk11
2010-12-29 18:58:10
Ен сонун Саламатсыздарбы супер инфо жамааты акыркы кундору сиздердин Тамаша тор Рубирикасы окуй албай калдык ушуга жооп берип койунуздарчы алдын ала рахмат силерге
0
tokojanfm
2011-01-17 12:24:24
Сонун болдуга чиркин жаль катыша албадым!!!
0
kuma
2011-01-17 14:57:24
surottor jakty:)
0
2011-03-31 19:43:47
kop cakşi razıbız
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан