ХОРСБОЛ: Кыргыз командасы биринчи жолу Дүйнө чемпиондугуна жөнөдү

Ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири хорсболго кызыгып көрдүңүз беле, окурман? Бул апта хорсбол тууралуу сөз кылабыз. Кыргыз өлкөсүндө да акыркы 10 жыл аралыгы бул оюн ойнолуп келет. Учурда Улуттук курама команда алгачкы ирет Францияга Дүйнө чемпиондугуна катышууга учуп кетти. Биз өлкөнүн Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевди кепке тарттык.

“Хорсбол Орто Азия боюнча Кыргызстанда гана ойнолот”

– Мен туризм, айыл чарба тармагында иш кылам. 2007-жылы Барскоондо ат чабыш фестивалы өткөн. Ошондо “Франциядан хорсбол деген оюнду көрсөткөнү бир команда келе жатат, координациялап бербейсиңби?” деп мени чакырышкан. Ошондо хорсболчулар менен таанышып, достоштук. Ортобузда байланыш түзүлүп калды. Алар Хорсбол эл аралык федерациясынын жетекчилигине “Кыргызстан тоолуу, кооз, ат маданияты өнүккөн өлкө экен. Хорсболду ушул өлкөдө дагы өнүктүрсөк болчудай” деп айтып барышат. Кийин эл аралык федерациянын президенти мага байланышка чыгып, “өлкөңөрдө хорсболду өнүктүргөнгө жардам бербейсиңби” деп калды. Мен макул болдум. Ага чейин алар Орто Азияны камтый турган федерация түзөбүз деп Өзбекстан менен келишим түзүшкөн экен. Ташкентке келерин айтып мени ал жакка чакырды, бардым, жолуктук. Ошол жерден мен “биз өзүнчө эле федерация бололу, Өзбекстан деле түзө берсин, тескерисинче, бири-бирибиз менен ойноп жакшы болот” дедим. Менин сунушумду туура кабыл алышты. Ошентип 2011-жылы өлкөбүздө расмий түрдө Хорсбол федерациясы ачылган. Ошол эле жылы ачылыш азем кылып, биздин дагы балдарга оюндун жүрүшүн көрсөтүп беришсин деп Франциядан оюнчуларды чакыргам. Алар менен бирге эл аралык федерациянын президенти өзү келип ийгилик каалап, тушообузду кесип берген. Эмне болду билбейм, бирок Өзбекстанда федерация түзүлгөн жок. Азыркы тапта бул спорт түрү Орто Азия чөлкөмү жана КМШ өлкөлөрү боюнча бир гана Кыргызстанда ойнолот.

“Көчмөндөр оюндарында француз хорсболчулары көк бөрү ойношкон”

– 2012-жылы Франциянын Монпелье деген шаарында Дүйнө чемпиондугу өтүп, бизди кандай болорун көрүп кеткиле деп чакырышты. Токтогулдан 2, Нарындан 2 оюнчу алып бардым. Алар бизге “атайын убакыт бөлүп беребиз, бизге өзүңөрдүн улуттук оюндарыңарды көрсөтүп тургула” дешти. Биз көк бөрү, кыз куумай, айтор, колубуздан келген улуттук оюндарды көрсөтүп жаттык. Кийинки чемпиондук Португалияда өтүп, ага өзүм эле барып, башка өлкөнүн өкүлдөрү менен таанышып, Франциянын Хорсбол ассоциациясы менен достук келишим түзүп, “бир чети Кыргызстанды көрүп, эс алып кетесиздер, экинчиден, хорсболду өнүктүрүүгө жардам бересиздер” деп аларды өлкөбүзгө чакыргам. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарында француз хорсболчулары менен бирге шоу кылып оюн көрсөттүк. Эл жакшы кабыл алды.

2017-жылы Токтогул өрөөнүнө хорсбол аянтчасын куруп, жаш балдарды үйрөтүп баштадык. Француз хорсболчуларынан үйрөнүп, ошол эле тапта достук оюндарды өткөрүп жаттык. Кийин 2018-жылдагы Көчмөндөр оюндарында Француз хорсбол ассоциациясынын жетекчисинин сунушу менен француз хорсболчуларынан көк бөрү команда түзүп, Көчмөндөр оюндарына катыштырганбыз. Алар хорсболдогу эрежелерди пайдаланып жакшы оюн көрсөтүшкөн.

“Хорсболдо эрежелер жылкы менен адамдын коопсуздугуна багытталган”

– Башында 2-3 эле командабыз бар болчу, бара-бара көбөйдү. Жыл сайын Франциянын оюнчулары менен оюндарды өткөрүп жаттык. Акыркы оюнубуз пандемиянын алдында болду. Бул ирет Канаданын хорсболчулары дагы келип, оюн эл аралык деңгээлде өттү. Франциядан аялдар жана эркектерден түзүлгөн эки курама команда келди. Негизи хорсбол демократиялык оюн, аял-эркек аралаш ойной берет. Командада жалпы 6, оюн талаасында төрттөн оюнчу болот. Эрежелери абдан көп, хорсболдо эрежелер жылкы менен адамдын коопсуздугуна багытталган. Аттарга дагы залал келбегидей ойнолот, бири-бирин коюп кетүүгө, маңдайдан чыкканга такыр болбойт. Эки тарапта баскетболдукуна түспөл, топ салууга шакекчелер болот. Ат үстүнөн жердеги топту эңип кетүүгө ыңгайлуу болсун үчүн топту айланта сызмалар болот. Жерге түшүп кеткен топту 3 пас болмоюн шакекчеге ыргытууга болбойт.

Кыргызстандын 7 дубанында тең оюнду жайылтууга мүмкүн болбой жатат. Биринчиден, көп убакытты, экинчиден, каражатты талап кылат. Атайын Нарындан Францияга алып барган балдар андан ары ишти улантпай коюшту. Мен жалгызмын, барып көргөзгөнүм менен, аны андан ары алып кеткен адамдарга кезиге элекмин. Базабыз Токтогулда болгондуктан, ошол аймакта хорсболчулардын саны көбөйдү, акыркы ирет санаганда 300дөй оюнчу болгон. Башында өзүм дагы ойноп калчумун, азыр команданын жетекчилик жумушунан бошобойм. Анын үстүнө өзүм чаар жылкыга (ред.: апалуза) кызыгам. Азыр чаар жылкыны тез убакытта көбөйтүү боюнча эл аралык долбоор баштагам. Буюрса, ал жакта дагы программалар ишке ашып жатат.

“Сарпталуучу каражат 20 миң еврону түзүүдө”

– Дүйнө чемпиондугуна өлкө ичинде тандоо оюндары аркылуу балдарды тандадык. Тандоого Франциядан келген өкүлдөр дагы көмөктөштү. Башында жалпы командалардан 12 бала тандалган. Алардын арасынан дагы тандалып отуруп, 6 оюнчуну алып барам. Команда катары ойноо үчүн алгачкы ирет Дүйнө чемпиондугуна бара жатабыз. 15-20-август аралыгы Францияда өтө турган чемпиондукка жалпы 17 мамлекет катышат. Чемпиондук профессионалдар, кыз-келиндер жана жаштар болуп категорияларга бөлүнөт. Биз катыша турган профессионалдык категорияда Франция, Бельгия, Канада, Улуу Британия, Италия, Испания, Аргентина, Португалия, Япония жана Кыргызстан, ушул он өлкө бири-бирибиз менен беттешебиз. Бул оюн негизи көп каражатты талап кылат. Аттарды дагы ал жактан ижарага алабыз. Жалпы сарпталуучу каражат болжолдуу түрдө 20 миң еврону түзүп жатат. Мамлекетке кайрылдык, бирок көмөк болгон жок. Өзүм чыгардым, демөөрчүлөрдү издеп жатам, алар дагы көмөктөшүп жатышат. Азыр барып жөнөкөй аттарды алып деле ойной берсек болмок, бирок ушунча жылдан бери күтүп келе жаткан Дүйнө чемпиондугуна бара жатсак, жөн эле катышып койбой, хорсболдо дасыккан аттарды кымбаттыгына карабай ижарага алып, байгелүү орундарга күрөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүздү арттыралы деп аракет кылып жатабыз. Франциядагы досторубуз дагы “силерди Дүйнө чемпиондугуна алып келүү үчүн 6 жыл даярдандык, эми каражат таап жакшы ат алалы” деп алар дагы демөөрчү издеп жатышат. Бардык жактан бизди колдогонго аракет кылып жатышат. Өткөндө социалдык тармактан бир көңүл жылытарлык иш болду. Казак туугандарыбыздан бир эже байланышып “интернеттен окуп калдым, кыргыз туугандар, Дүйнө чемпиондугуна бара жатыптырсыңар, салым кошоюн” деп 100 доллар которду. Бир сом болсо деле колдоо көрсөтсө кубанып калат экенсиң. Япония, Италия десе эле оюнчулардын духтары түшүп отуруп калат. Мурун оюнчуларга “катышканыбыз да жакшы” десем, азыр “алар деле биздей эле адамдар, ута аласыңар, эң негизгиси, мыкты оюн көрсөткүлө” деп моралдык жактан даярдап жатам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан