КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Нурзат Тимур менен Айсаранын мамилесине канчалык көңүл бурбайм дегени менен, өзүн, жек көрүүсүн жеңе албай койду. Бүгүн тою болот дегенди угуп жетип барды. “Менден кутулдум деп ойлоп, бактылуу болуп жатасыңарбы? Мен силерди тынч койбойм! Бактылуу күнүңөрдү ызы-чууга айландырбасам элеби...” деп сүйлөнгөн Нурзат сейфтен керектүү нерсесин алып чыкты. Нурзаттын кызганычы башына тээп, дагы кызуу кандуулукка алдырып ийди. Бул күндү жөн гана сыртта карап өткөрүп ийгиси келген жок, бактыларына тоскоол болгусу келди. Кечеге баргандай жасанып кийинип алып эч кимге байкалган жок. Айсаранын элден обочолонушун акмалап турду. Ал четтеги бир бөлмөгө кире бергенде аркасынан шып жетип барды. Эшикти жаап, ичинен бекитти.

– Тимур,- деп артка бурулган Айсара Нурзатты көрүп көзү алайып коркуп кетти.

– И-и, эмне мынча алаясың, күткөн эмес белең? Чакырбасаңар да куттуктап коёюн деп келдим,- колундагы кагаз баштыктан чакан коробканы алып чыгып Айсараны көздөй басты. Нурзаттын өрттөп жиберчүдөй болгон көз карашына чыдай албай кыз артка кетенчиктеди.

– Рахмат дегенге жарабайсың го, сага күйөөмдү бердим, күйөөмдү тартып алды дебей минтип куттуктап келип отурам. Сенде ыраазычылык билдирүү деген жокпу?

Кыз унчукпай туруп калды.

– Кел, моюнуңду тос, мен сага чынжырча алып келдим. Белегимди тапшырып алып кетейин, сени да издеп калышпасын сыртта. Тимур келгенимди көрбөй эле койсун.

Кыз эч кимге көрүнбөй ылдамыраак кетип калсын деген ойго жетеленип жакын келип башын ылдый кылды.

– Мынча аңкоосуң?- Нурзат артты карап турган кыздын желкесине тапанча такады.

– Эркелетип моюнуңа чынжырча тага салат деп күттүң беле? Жо-ок, сенин жашооң ушул жерден бүтөт. Кудайдан күнөөлөрүмдү кечир деп суранып ал.

Моюнуна такалып турган тапанча ушунчалык муздак сезилди. Айсаранын денесин майда калтырак басып, буттары кыймылга келбей калды. Өлөт деген ушул турбайбы деди ичинен.

– Эмне тымпыясың, жалдырабайсыңбы “өлтүрбөңүз” деп? Өлөрүңдө айтып кала турган сөзүң барбы? Айтып кал, атайын убакыт берип жатам.

Тимур бир жигити менен экинчи кабаттагы бөлмөлөрдү карап жүрүп, Айсара кийимдерин койгон бөлмөнүн бек турганын көрдү. Жигит эшикке кулак төшөп калды. Күбүрөгөн үн угулду.

– Ушул жакта экен,- жигит каалганы такылдатып баштады. Нурзат ага көңүл бурган жок.

– Такылдатып ачкыча күтөйүн дейсиңби, теппейсиңби!- Тимур өктөм үн катты. Олбурлуу жигит бир заматта каалганы ыргыта тепти. Карс деген үндөн чочуп кеткен Нурзат курокту басып алды. Тапанчанын үнү бөлмөнү жаңыртты...

ххх

Байыш менен Карлыгач учууга билеттерди алдын ала алып коюшкан. Кеткенче көп убакыт бар дешкени менен, ал убакыт заматта келип калды. Таңда учабыз деп камынып жаткан келиндин эмнегедир эжесине телефон чалгысы келди. Эжеси менен мурдагыдай сүйлөшкүсү келди. "Эч кимиңердин керегиңер жок" деп баарынан баш тартып жаткан ал убакыттын өтүшү менен жакындарын сагына баштаган. Жашоодо ар бир адамдын өз орду бар экенин, жалгыз эле бир адамдын сүйүүсү бардык бөксөсүн толтура албасын түшүндү. Акыркы учурда ар бир кадамын ойлоп, билдирбей өзүн ичинен жей берген адат таап алды. Башында Байыштын сүйүүсү баарынын ордун басчудай, эч бир өксүк сездирбечүдөй туюлчу Карлыгачка. Эки жолку чалуусу тең “сиз чалган абонент жооп бере албайт” дегенди угуу менен аяктады. “Ооба, эже, менин чалуумду албайсың. Негизи албаарыңды билгем. Бирок үмүтүм үзүлбөй койбодубу” деп ойлонгон Карлыгач сумсайып отуруп калды.

– Сен эмне анча ойлонуп калдың? Сенин кете турган оюң барбы?

– Ойлонгон деле жокмун. Эс алып отуруп калдым. Кетүүнү мен баштадым эле го, анан өзүмдүн баргым келбей калат беле?- жылмайымыш болду Карлыгач.

– Эртелейли, учакка кечигебиз.

– Ой, мына баарын даярдап койдум,- эч нерсе болбогондой шыпылдап чемодандардын сыртын орой баштады.

Карлыгач Байыштан дайыма жүзүндөгү сумсаюуну жашырчу. Бишкектен кетсе эле жан дүйнөсү жеңилдей түшчүдөй Карлыгач бул күндү көп күткөн. Күткөн күнү келип, баарынан алыстап Москваны көздөй учуп бара жатышат.

ххх

Апасын ыраазы кылууга умтулуп, эми гана аны кубанта турган нерселерди жасоо тууралуу ойлонуп баштаган Марат үчүн бул таң чоң жоготуу менен атты.

Марат күндөгүдөй туруп апасынын жакшы көргөн самоорун жагып коюп короодо өз иши менен алек болуп жүрө берди. Бир сааттай убакыт болсо да апасы үйдөн чыкпады. Оюнда жаман нерсе кайдан болсун?

– Апам бүгүн эс алайын деген го, мейли, уктап алсын,- деп самоорго отундан салып койду. Досунан араба сурап келгени чыгып кетти. Бир топ убакыттан соң арабаны сүйрөп кирип келди. Эки уулу ойгонуптур.

– Ата-а,- кичүүсү чуркап барып арабага отуруп алды. Анын артынан улуусу да жөнөдү. Уулдарын арабада ары-бери сүйрөдү.

– Апаңар турдубу?

– Жок, тура элек.

– Апей, дале тура элекпи? Ойготоюнчу, чай ичсин,- Марат апасы жаткан бөлмөгө кирди.

– Апа, апа, ой, эмне болгон сизге?- үнү канчалык өктөм чыкса дагы апасы козголгон жок. Марат коркуп кетти. Жанына барууга жүрөгү даабай турду. Бир нерсе болгонун сезди. Кошунасыныкына чуркап барды.

– Эмне болду, тынччылыкпы?

– Апам... апам кыймылдабай жатат,- ыйлап жиберди.

Күйөөсүн ээрчитип Айнаштын жакын коңшусу жетип келди. Бул учурда Марат эшик алдында апасына өмүр тилеп жатты, бирок өтө кеч эле. Марат үйдөн чыгып келе жаткан кишини жалооруй карады. Бул жаман кабар айта көрбө дегендей эле туюлду кишиге. Өлдү деп айтууга дити барбады.

– Эмне болду, байке?- жетип барды Марат.

– Марат, сен Алиман эжени чакырып келчи,- деп аны айылдык дарыгерге жөнөтүп жиберди. Жалгыз жаман кабарды угузууга дити барбады. Марат чыгып кетери менен коңшу-колоңду чогултууга жөнөдү. Жамандык баарынын башын бир заматта бириктирет эмеспи. Бат эле көчөнүн эли чогулуп келип калды.

Марат дарыгерди болушунча шаштырып алып жөнөдү. Көп өтпөй дарыгерди ээрчитип дарбазадан кирип келген Маратты көпчүлүк тосуп алды. Эшиктин алдында аны тосуп турган коңшуларын көрүп Марат нес болуп калды.

– Апа-а-а-а?!- деп айылды жаңырта бакырып, үйдү көздөй чуркады Марат. Көпчүлүктүн көздөрүнө жаш алып шүмтүрөп турганы эле жамандыктын кабарын туюндуруп турду. Эркектер жетип келип каалганын алдынан Маратты кармашты.

– Сабыр кыл, Марат, жеңем акка моюн сунуптур,- деди бири.

– Ажалга айла жок, бир айласы болсо баарын тирүү алып жүрбөйт белек, сабыр кыл,- досум.

– Кой, уулум, сабыр кыл, балдарың бар, мына ушулар үчүн чыйрал,- деди бир кемпир.

Ар жактан ар кимиси кайрат тилеп жатты. Улам бири кучактап жатты. Бирок биринин да сөзү Мараттын кулагына угулган жок.

Атасынын ыйлап жатканын көргөн уулдары кошо ыйлап башташты. Чоң апасынын мындан ары жок экенин кайдан түшүнүшсүн. Атасын ошолор ыйлатып жаткансып жанында жүргөн кишилердин баарын жаман көрүп жатышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан