СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Борбор Азиянын Кубогуна жолдомо утуп алды

Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Борбор Азиянын чакырык Кубогун жана Бишкек шаарынын мэринин Кубогун жеңип алды.

Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстандын курама командалары катышкан турнир 23-27-июль күндөрү Бишкекте болуп өттү. Анда финалда Кыргызстан курама командасы Түркмөнстан командасы менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңип алды.

Үчүнчү орун үчүн Казакстан менен Өзбекстан курама командалары кез келип, оюн 3:0 эсебинде Казакстандын пайдасына жыйынтыкталды.

Турнирде Кыргыз курама командасынын волейболчусу Нурмухаммед Токтоев мыкты оюнчу аталды.

Тынарбек Шаршенбеков эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргыз балбаны Тынарбек Шаршенбеков 21-23-июль аралыгы күрөш боюнча Польшада өткөн эл аралык Poland Open-2022 турниринде алтын медаль утту.

63 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан балбан финалда ирандык Сам Далири Хоссейн менен кармашып, ага 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарттырды.

Бул мелдеште Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Бексултан Махмудов күмүш, Акжол Махмудов, Роман Ким коло байге алып келишти.

Абдурахман Муртазалиев кара курдун ээси болду

Кыргыз балбаны Абдурахман Муртазалиев жиу-житсу боюнча кара курдун ээси болгонун жар салды. Ага кара курду расмий түрдө машыктыруучусу Мурило Сантана тапшырган.

Буга чейин 16-июлда Муртазалиев АКШнын Алабама штатындагы Бирмингем шаарында өткөн XI Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда жиу-житсу боюнча күмүш байге утуп келген. Ал финалда кыргыз спортчусу БАЭнин спортчусу менен кез келип, 0:0 эсебинде тең чыккан. Бирок калыстардын чечиминин негизинде жеңиш БАЭнин спортчусуна ыйгарылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан