БӨЙРӨКТӨГҮ ТАШТЫ ЖОК КЫЛУУНУН 6 ЫКМАСЫ

Өнөкөт бөйрөк оорулары, гепатит, этти, туздалган азыктарды жана дары-дармектерди көп колдонуу бөйрөктө жана табарсыкта ташты пайда кылышы ыктымал. Таштар бөйрөк түтүкчөсүнө же башка жерге тыгылып калганда катуу оорутуу менен белги берет. Же УЗИден текшерилгенде кокустан билинет. Таштарды кантип жок кылуу керек?

Бөйрөк жана табарсыктагы таштын пайда болуу себептери

1. Бөйрөктөгү айрым патологиялар:

а) Ашыкча жаралган кан тамырлардын заара чыгаруучу түтүкчөнү капталынан же үстүнөн кысып калуусу;

б) Бөйрөктүн ылдый түшүшү;

в) Күлтүкчөнүн (лоханка) заара чыгаруучу түтүкчөгө өткөн жеринин кысылышы.

2. Өнөкөт бөйрөк оорулары (пиелонефрит, цистит), рак, фимоз.

3. Гепатит жана ашказан-ичеги оорулары. Мисалы, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы, ашказандын гастрити. Аталган оорулардан тамактын, суунун сиңиши бузулат.

4. Организмдеги зат алмашуунун бузулушу. Буга туура эмес тамактануу жеткирет. Мисалы, таза сууну аз, ал эми сыра, кофени көп ичүү, эт, камыр жана туздалган тамактарды, сыр, шоколад, быштакты көп жеш. Ошондой эле зат алмашуунун бузулушунан жаралган подагра, оксалоз оорусу да таштын жаралышын шарттайт.

5. Суудагы микроэлементтердин талаптагы өлчөмдөн ашыкча болуусу (фтор, натрий, жез жана башка).

6. Өтө ысык климат, дары-дармектерди көп ичүү.

7. Эндокриндик оорулар (гиперпаратиреоз, Кушинг синдрому).

8. Генетикалык фактор (гиперкальциемия жана цистинурия дарты).

Ташты жок кылуу ыкмалары

Таштын көлөмү жана санына, жайгашкан жерине карата дарылоо ыкмалары тандалып алынат. Кичине таштар – көлөмү 5 миллиметрге чейинкилер, орточо таштар – 5 миллиметрден 1 сантиметрге чейин, чоң таштар – 1 сантиметрден жогорулар.

1. Дары-дармек менен эритип чыгаруу. Бул ыкма бөйрөктүн иштеши калыптагыдай болгон учурда кичине таштар үчүн гана колдонулат.

2. Контакттык-дистанциондук литотрипсия ыкмасы.

Атайын аппарат аркылуу теринин сыртынан эле ташка сокку берүүчү толкундардын импульсу жиберилип, таш талкаланат. Талкаланган таштар табигый жол менен сыртка чыгат. Бул ыкма 5 миллиметрден 2 сантиметрге чейинки таштар үчүн колдонулат. Таштар сыртка батыраак чыгышы үчүн суюктуктар, заара кубалоочу чөп дарылар көбүрөөк ичилет. Операция 45-60 мүнөткө созулат.

3. Уретероскопия. Бул эндоскопиялык ыкмалардын бири. Уретероскоп аппараты колдонулат. Эндоскоп шайманы заара чыгаруучу канал (уретра) аркылуу киргизилип, ташка жеткирилет. Ташты талкалоо лазер же ультра үндүн жардамы менен ишке ашырылат. Операция 2-3 саатка созулат.

4. Лапороскопиялык ыкма. Мында эндовидеокамера жана атайын шаймандар колдонулат. Хирург-уролог 2ден 6га чейинки атайын шаймандарды курсакты тешүү аркылуу (диаметри 5-10 миллиметр) таш турган жерге киргизет да, эндовидеокамера аркылуу иш жүргүзүп ташты алып чыгат.

5. Ретроперитонеоскопиялык ыкма. Атайын шаймандар арт жагынан бел тушту тешүү аркылуу таш турган жерге киргизилип алынат. Операция эндовидеокамера аркылуу жүргүзүлөт.

6. Ачып жасоо операциясы. Бул таштын көлөмү чоң болгондо же бөйрөк сезгенип ириңдеп кеткенде жасалат.

Кататер-стент коюу. Таш заара чыгаруучу каналда же бөйрөк ичинде бир жерде тыгылып калса, анда аппараттын жардамы менен бөйрөккө катетер-стент (жасалма каналча) коюлат. Анын бир учу табарсыкка туташат. Ал бөйрөктөгү зааранын калыптагыдай чыгып турушун шарттайт. Бул көбүнчө кош бойлууларга коюлат. Анткени башка ыкмалар аларга колдонулбайт. Аталган ыкма ташты алуу үчүн ачылып жасала турган операцияга чейин да, операциядан кийин да колдонуларын айта кетейин.

Таштардын орун алган жерлери:

• Бөйрөктүн чөйчөкчөсүндө (чашечка), күлтүкчөсүндө (лоханка), заара чыгаруучу түтүкчөнүн бөйрөк тарабындагы оозунда.

• Заара чыгаруучу түтүкчөдө (үстүнкү, ортоңку, ылдыйкы бөлүгүндө).

• Табарсыкта.

Таштын бар экендигинин белгилери

• Бөйрөк, табарсык тушта катуу оорутуу пайда болот.

• Заара ушаткысы келген менен, заара чыга бербейт.

• Заара менен кошо кан чыгышы мүмкүн.

• Оору өтүшүп баштаганда тамакка болгон табит начарлайт.

• Көңүл айланат, дене тап көтөрүлүшү мүмкүн.

Диагноз

Диганоз үчүн керектелет:

•Бөйрөк, заара чыгаруучу түтүкчө, табарсыктын УЗИси;

•Зааранын, кандын анализи;

•Компьютердик томография.

Материалды даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Улуттук госпиталдын Эндовидеохирургия бөлүмүнүн убактылуу жетекчиси Акылбек Абаралиевге ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан