Өктөм Сапар уулу, ырчы: “БУЛ ҮЙДҮ 10 ЖЫЛ КУРДУМ”

Ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу жакында үй той берүү алдында турат. Сокулук районунун Новопавловка айылындагы жаңы курулуп бүткөн 2 кабат үйүндө эң алгачкы конок болуп кайттык.

“Бир жылда 5 батирге көчтүк”

– Бул үйдү курганга чейин батирде жашадыңыздарбы?

– Үй-бүлөм менен көп батирде жашадык. Бишкекке жаңы келген жылы бир жыл ичинде 5 батирге көчтүк. Көчкөндөн тажап, акыры бир батирге токтоп, ээси кандай шарттарды койсо баарына көнүп 6 жыл жашадык. 6 жыл ичинде ижара акысы катары 1 батирдин акчасын төлөп коюптурбуз. Арзаныраак деле жашасам болмок. Бирок студиям үйдө болчу. Үй салуу – эркектин бир парзы эмеспи. Бул парзымдан кутулдум десем болот.

– Үйдү 10 жылда курдук дедиңиз...

– Ооба, бул жер тилкесин сатып алып, үйдү куруп баштаганыбызга 10 жылдай болду. Куруп баштаганда 2-3 жылда бүтпөшүнө көзүм жетип калды. Бир аз каражат бар эле, жанына кичинекей үй салып кирип алганбыз.

– Үйүңүздөргө конок көп келеби?

– Тааныштарым, катташкан досторум көп. Ар дайым конок кылып тосконго даярбыз. Досторум “Өктөмдүкүнө барсаң, бардык ырчыны ошол жактан көрөсүң, отуруп кичине эс алып кетейин десең орун жок” деп тамашалап калышат. Эми мына орун болот, бөлмөлөрүбүз көп.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан